2024-жылдын башында Владимир Путин Орусияга жарандардын "ден соолугун коргоочу жаңы технологияларды иштеп чыгууга" багытталган улуттук долбоор керек экенин айткан. Программалардын бири орус бийлигин көптөн бери түйшөлтүп келаткан маселе же "калктын улгайышына каршы күрөш" деп белгиленген.
Өткөн айда венгр бийлиги украиналык качкындарды турак жай менен камсыздоону кыскартты. Мындан улам көчөдө калган качкындардын саны улам көбөйгөнү кабарланды. Алардын бири Ева Папп дээрлик бир жумадан бери алты баласы менен Будапешттин темир жол бекеттеринде баш калкалоого мажбур.
Коңшу Өзбекстанда узун сакал койгондор айыпка жыгылат. Бийлик өкүлдөрү сакал адамдын тек-жайын аныктоого кыйынчылык жаратарын жүйө келтирет. Мындай мажбурлоого кабылгандардын арасында чет элдик турист, таанымал ырчы жана Париж олимпиадасынын чемпиондору да бар.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун иликтөөсү Өзбекстан президентинин күйөө баласынын Ташкенттеги көмүскө курулушка тиешеси бар экенин көргөздү. Булактар билдиргендей, ал долбоордун алкагында 20 турак жай түрттүрүлгөн. Атүгүл райондогу жападан-жалгыз мечит көчүрүлүшү мүмкүн.
Он күн мурун Тажикстандын жарандары Навруз Рустамжон менен Назиржон Тошов Волгоград облусундагы Суровикино шаарындагы түрмөдө төрт кызматчыны өлтүрүп, бир нече кишини барымтага алган топтун ичинде болгонун орус маалымат каражаттары жазды.
Беларуста 2020-жылкы нааразылык акциялары күч менен басылгандан кийин жарандык коомго каршы катаал кысым күчөгөн. Бул окуялардын фонунда өкмөт жаш балдарды "аскердик-патриоттук" маанайда тарбиялоону күчөтүп, өзгөчө балдар үйүндөгү жана аялуу катмардагы өспүрүмдөргө басым жасалууда.
Орусиянын жаңы тарыхындагы эң кандуу теракт - Беслан трагедиясына 20 жыл болду. 2004-жылы 1-сентябрда куралчан согушкерлер тобу Түдүк Осетиядагы шаарда жайгашкан мектепти басып алганда 1100дөн ашуун киши – балдар, ата-энелер, мугалимдер барымтада калган.