Тажик полициясы Дүйшөмбү шаарында өлкөнүн муфтийи Саидмукаррам Абдулкодирзодага кол салган кишини кармап, "бейбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Бирок талдоочулар муфтий атайын кызмат менен тыгыз байланышып, динчилдердин укугун тебелеген саясатты жүргүзүп жатканын айтышат.
Украиналык ыктыярчылар согуш жүрүп жаткан жерлерде ит-мышыкты сактайбыз деп өмүрүн тобокелге салууда. Эвакуацияда үй жаныбарларын кошо алып кетүү каралган эмес. Ал эми ыктыярчылар издеп тапкан жаныбарлар коопсуз жайга жеткирилет. Аларды кийин кожоюндары алып кеткиче баш калкалоочу жайда багылат.
Латвиянын бийлиги өлкөдө узактан бери жашап, бирок латыш тилинде сүйлөбөгөн орус жарандарын өлкөдөн чыгарууга буйрук бере баштады. Тил билбеген орус тектүүлөрдүн айрымдары депортация болуп, башкалары өздөрү өлкөдөн чыгып кетип жатат.
Орусиянын Курск облусунда кандай өзгөрүүлөр болуп жатканын “Эркин Европа/Азаттык” радиосу Twitter жана Telegram сыяктуу ачык булактардан такталган маалыматтарды пайдаланып түзгөн интерактивдүү картадан көрсө болот.
Украинада дрон өндүрүшү жаңы деңгээлге чыкты. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, салгылашууларда колдонулган учкучсуз учактардын саны жагынан Украина Орусия менен теңтайлашып калды. "Азаттыктын" украин кызматынын кабарчылары дрондор кантип чогултулуп, текшерүүдөн өткөрүлөрүн көрүп келди.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисттеринин колуна тийген документтерде Сербияга сексуалдык кулчулукка сатылган эки кытайлык аялдын иши тууралуу жазылган. Бул иш боюнча адам сатууга айыпталып кытайлык жаран камалган. Кытай соңку жылдары Сербиянын ири инвестору жана соода өнөктөшүнө айланган.
Журналисттик иликтөө Путин менен мурдагы гимнаст Алина Кабаеванын жашы жете элек уулдарынын байманалуу жашоосун ашкереледи.
Иранда "Аялдар, жашоо, эркиндик" деп аталган элдик кыймылдын башталганына эки жыл болду. 2022-жылы полиция бекетинде набыт болгон студент кыз Махса Амининин өлүмүнөн кийин тутанган жапырт нааразылык Ислам жумуриятында өчпөс из калтырып, каармандыкты жана бекем тилектештикти орнотууга дем берген.
Пакистандын түндүк-батышында "Техрик-и Талибан Пакистан" (ТТП) экстремисттик тобу эски эрежелерди орнотуунун аракетин көрүп, элди талап-тоноп, музыкага тыюу салып, кыздар окуган бир катар мектептерди жапты. Эмне үчүн жергиликтүү эл өкмөттүн террорго каршы аскердик операциясына каршы?
2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимп оюндарына бокс кирбей калбайбы? Борбор Азия өлкөлөрү Орусия жетекчилик кылган уюм менен улуттук кызыкчылыктарга таасирин тийгизе турган санкциялардын ортосундагы кыйчалыш абалга жана татаал тандоого туш болду.
БУУнун Эл аралык соту 1992-1995-жылдары Босниядагы согуш маалында 50 миңдей аял зордукталганын аныктаган. Азап-тозокту башынан өткөрүп, аман калган кыз-келиндер "Эр жүрөк жана намыскөй" тобун түзүшкөн. Алар чакан цех ачып, килем, баштык тигип, кол өнөрчүлүк менен алектенишет.
АКШнын президенттигине Демократиялык партиядан ат салышып жаткан Камала Харрис менен республикачылардын атынан кайра эң жогорку кызматка барууга бел байлаган Доналд Трамптын алгачкы дебаты өттү.
Дагы жүктөңүз