Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:30

Согуш маалында "өлбөстүн дарысын" издеген Путин


иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

2024-жылдын башында Владимир Путин Орусияга жарандардын "ден соолугун коргоочу жаңы технологияларды иштеп чыгууга" багытталган улуттук долбоор керек экенин айткан. Программалардын бири орус бийлигин көптөн бери түйшөлтүп келаткан маселе же "калктын улгайышына каршы күрөш" деп белгиленген.

Орус бийлигиндегилер 2030-жылга чейин долбоор «175 миң кишинин өмүрүн сактап калууга тийиш» деп пландашууда. Аны ишке киргизүүгө он миңдеген адамдын өмүрүн жалмап жаткан согуш да жолтоо болгон жок. "Медуза" басылмасы жана "Азаттык" радиосунун орус тилиндеги "Система" иликтөө долбоору бийликтин бул демилгесинен кандай пайда болгонун, Путиндин жакын достору, ага-ини Ковальчуктардын ага кандай тиешеси бар экенин териштирип чыкты.

«Урматтуу достор, меймандарыбызды, орусиялык жана чет өлкөлүк дарыгерлерди жана окумуштууларды, бизнес өкүлдөрүн, бардык катышуучуларды тосуп алып жатканыбызга кубанычтамын. Биз бул аянтчаны ушул тапта жаралып, сыноодон өтүп жаткан, бирок адамдын турмушун чындап өзгөртүүгө кудуреттүү перспективалык чечимдерди талкуулоо үчүн түздүк», - деп айткан Путин бир нече жолу тамагын жасап.

Владимир Путин
Владимир Путин

Кыштын этегинде өткөн "Келечектин технологиялары" форумунда президент «Ден соолукту коргоонун жаңы технологиялары» деген кезектеги улуттук долбоор тууралуу сөз кылган. Путиндин ант берүү аземинен 9 күн өткөндөн кийин, 16-майда вице-премьер-министр Татьяна Голикова ал долбоорду ВДНХдагы «Орусия» деген көргөзмөдө расмий сунуш кылды. Ал 2025-жылы ишке кирерин убада кылды.

Голикова өз сөзүндө «акыркы жылдардын демографиялык тренддери саламаттыкты сактоо тармагынын алдына көп көйгөлөрдү жаратып жатканын», өмүрдү узартуу «медициналык технологиялардын алдыңкы багыттарын» өнүктүрүүнүн негизги стимулуна айланганын айткан.

Мамлекет колдой турган багыттарды тизмектеп, Голикова «адамдын клеткаларынын улгайышынын алдын алган технологияларды, нейротехнологияларды жана өмүрдү узартууга өбөлгө болгон башка багыттарды» атаган.

Улуттук программанын бирине ылайык, «активдүү узак жашоо жана сергек картаю үчүн биомедициналык технологияларды иштеп чыгуу каралууда”.

Улуттук долбоордо узак өмүр сүрүүгө басым жасалганын медициналык чөйрөнүн өкүлдөрү көз жаздымда калтырышкан жок. Иликтөөнүн авторлору баш калаадагы ооруканада иштеген адистер менен маектешкенде алар демилгени «улгайып бараткан саясий бюронун обу жок кылыгы» деп сыпатташты.

«Бардык адамдар, саясатчылар да карыйт. Улгаюуга каршы терапия туу чокусуна жетти, жаңы технологияларды ишке киргизүү үчүн ыңгайлуу шарт түзүлгөн, коррупция менен күрөш жүрүүдө, корккондорунан эл таза иштей баштады. Согушка төлөп жаткан кун ушуга арзыйбы – талаштуу суроо», - деп айтып берди маектештердин бири.

"РИА Новости" презентацияда айтылгандарга таянып маалымдагандай, орусиялыктардын өмүрүн жаңы технологиялардын жана инновациялык продуктулардын эсебинен узартуу каралууда. Улуттук долбоордун канча турары азырынча айтыла элек. Бийликтин планы боюнча, 2030-жылга карай долбоор «175 миң кишинин өмүрүн сактап калмакчы». Салыштыра кетсек, Украинадагы согуш башталгандан бери Орусиянын жоготуулары 120 миң кишиден ашты.

Адам баласынын өмүр узактыгына таасир этүү мүмкүнбү?

Өмүрдү узартуу деген түшүнүк адатта эки башка нерсени камтыйт. Аларды өз өзүнчө кароо зарыл. Биринчиси, кайсы бир өлкөдөгү же планетадагы орточо өмүр узактыгы. Экинчиси, өмүрдүн эң максималдуу узактыгы, башкача айтканда, конкреттүү адамдын көп жашоосуна өбөлгө түзгөн бир ыкма.

Биринчисин алсак, өмүр узактыгын жогорулатуунун жолдору жакшы белгилүү: балдардын жана энелердин өлүмүн кыскартуу, сергек жашоого үгүттөө, эффективдүү медициналык жардамды уюштуруу.

Конкреттүү адамдын өмүрүн узартуу жана жалпы максималдуу өмүр сүрүү тууралуу кеп кылсак, бул чөйрөдө изилдөөлөр жакшы жүргүзүлө элек.

Жаныбарлардын үстүнөн жүргөн изилдөөлөр көргөзгөндөй, сырткы кийлигишүү өмүр узактыгына кайсы бир деңгээлде таасир этиши мүмкүн жана буга принципиалдуу тоскоолдуктар жок. Бирок ал максатка жетүү көрүнгөндөн кыйла татаал.

"Изилдөөбүздү кечээ беришибиз керек эле"

«Коммерсантъ» басылмасы сөзгө тарткан эксперттер улуттук долбоордон жергиликтүү фармацевтикалык компаниялар пайда табарын болжолдошот.

Бирок долбоор орусиялык жаңы дары-дармекти жасоону гана көздөбөйт. Голикова убада кылгандай, мамлекет «биологиялык жашка негизделген» профилактиканын жаңы программаларын ишке киргизет.

Дал ошол тууралуу июндун башында Саламаттыкты сактоо министрлигинин Илим жана инновациялык өнүгүү департаменти орусиялык илимий-изилдөө институттарына жолдогон катында айтылган. (анын көчүрмөсү бул тексттин авторлорунда бар). Дарыгерлерден бир нече багытта тез арада сунуш берүү талап кылынган:

  • Түрдүү ыкмалар аркылуу биологиялык жаш курагын баалоо менен клеткалардын улгаюусун (саркопения, карылардын астениясы, остеопороз ж.б.) жайлатууга багытталган медициналык продукцияны иштеп чыгуу;
  • Когнитивдүү жана сенсордук функциялардын бузулушун алдын алууга багытталган жаңы нейротехнологияларды жана ага байланышкан медициналык продукцияны иштеп чыгуу;
  • Улгаюунун маанилүү көрсөткүчтөрүн аныктоо менен иммундук системаны оңдоонун жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу;
  • Биомөөр технологиясына негизделген жаңы медициналык технологияларды иштеп чыгуу; (Биомөөр технологиясы – татаал 3Д структураларды түзүү үчүн тирүү клеткаларды, биосыяны жана биоматериалдарды катмар-катмар кылып түшүрүү дегенди билдирет.)

Сөз болгон документтин аныктыгын медициналык илимий-изилдөө борборлорунда иштеген эки дарыгер жана академиялык институттун бир кызматкери тастыкташты. Окумуштуулардан ыкчам маалымат талап кылуу дарыгерлерди таң калтырды.

“Бизден тез арада бардык изилдөөлөрүбүздү салгыла деп сурашты. Кат мисалы бүгүн келсе, изилдөөлөрдү кечээ эле салыш керек болчу. Мен мындайды биринчи жолу көрүп жатам. Адатта улуттук долбоорлор же федералдык программаларга чейин түрдүү адистер катышкан жыйындар өтөт, коомдук талкуулар уюштурулат”, - деп таң калды Улуттук медициналык изилдөө борборунун дарыгери.

“Бул кагазды алганда, чынын айтканда, таң калдым. Аны максаты мени түйшөлттү. Азыр биз үчүн “ушул алжыган абышкалардан” (маектеш орусиялык жогорку бийликтеги жашап калган саясатчыларды айтууда) кам көрө турчу деле киши жок. Согуш жүрүп жаткан чакта бардыгын жылдырып коюшубуз керек экен. Адеп-ахлак нормаларын минтип бузушканы суроо жаратат”, - деп нааразы болду дагы бир илимий борбордун кызматкери.

Маектештердин айтымында, алар өз долбоорлорун Саламаттыкты сактоо министрлигине жөнөтүшө элек. Министрликтин өкүлү иликтөөнүн авторлорунун улуттук долбоорго байланышкан суроолоруна жооп берген жок.

«Улуттук долбоордо кеп болгон бардык заманбап изилдөөлөр - көп каражат талап кылган кымбат демилге. Жаңы препараттарды иштеп чыгуу үчүн миллиарддаган акча керек. Бир дагы улуттук долбоор аны көтөрө албайт, өзгөчө азыркы учурда”, - деп айткан Кремлге жакын булак иликтөөнүн авторлоруна.

Фармацевтикалык өнөр жайдагы бир булак дагы андай пикирге кошулат: “Алар маңыздуу бир нерсени тез арада чогулта алышпайт деп ойлойм”.

Бирок улуттук долбоордун негизинде прагматикалык гана мүдөө жаткан жок.

Кремлге жакын маектештин пикиринде, долбоорду баштоого «лоббизм аркылуу көбүртүп-жабыртылган, таңууланган идея" себеп болгон.

«Басса, турса түбөлүк жашоону» жана «орус геномун» сөз кылган Михаил Ковальчук президентке чуркап жетти», - деп мазактайт Кремлге жакын маектеш.

Михаил Ковальчук
Михаил Ковальчук

Маселеден кабары бар үч булак улуттук долбоордун ыктымал сүрөөнчүсү деп Путиндин жакын досу, ядролук изилдөөлөрдү жүргүзгөн Курчатов атындагы институттун жетекчиси, 77 жаштагы физик Михаил Ковальчукту аташты. Былтыртан бери ал Москвадагы Политехникалык музейдин директору.

Ковальчук генетика тармагындагы изилдөөлөр боюнча федералдык программаны көзөмөлдөйт. Программага Путиндин тун кызы, эндокринолог Мария Воронцова катышууда.

Путиндин дагы бир жакын досу, миллиардер бизнесмен Юрий Ковальчук - Михаил Ковальчуктун бир тууганы. Ал көп учурда илимге шайкеш келбеген жана акылга сыйбаган, адамдын мээсине келбеген идеяларды айтып жүрөт. Алсак, орусиялыктарды гана бутага алган биологиялык куралды иштеп чыгуу ыктымалдыгына ишенет.

2015-жылы чуулгандуу интервьюсунда “чет өлкөлүк элитаны” “кызматчы” жасоо үчүн “эволюциялык жараянды” өз колуна алууга аракет көрүүдө деп айыптаган. Анын айтымында, ошол адамдардын “аң-сезими чектелген болот”, алардын көбөйүшү “көзөмөлдөнөт”, аларды “генетикалык жактан модификацияланган организмден жасалган арзан тоют менен азыктандырса болот”.

Орусиялык маалымат каражаттары Путин андай идеяларга ишенерин көп жазышат. 2017-жылы анын: “Адам баласы белгилүү бир мүнөздөмөнүн негизинде башка бир кишини иш жүзүндө жасай аларына ишенсеңер болот”, - деп айткандары бар.

“Ал киши математиканын генийи же мыкты музыкант болушу мүмкүн. Же болбосо коркуу, боорукердик, өкүнүч, оору сыяктуу сезими жок жоокер болушу ыктымал”, - деп билдирген.

“Бардык жолдор менен”

Ошол эле жылдын октябрында Путин чет өлкөлүктөр орус жарандарынын “биоматериалын” “туруктуу жана профессионалдуу деңгээлде” чогултуп жүрүшкөнүн айткан.

“Аны эмне үчүн жасап атышат?” – деген собол салган орус президенти.

2009-жылы Ковальчуктун институту “орус геномун чечмелөө” долбоорун жүргүзгөн.

Ал узак жана бакубат өмүр сүрүүнүн пайдасын көп айткан. Ковальчуктун ой толгоосуна анын кол астында Курчатов институтунда “Орус геному” долбоорунун үстүнөн иштеген Константин Скрябин таасир эткен.

“Биз (илимпоздор) адамдын түбөлүк жашоо маселесин талкуулаганды жакшы көрөбүз, - деп айткан Скрябин 2019-жылы “Свобода” радиосуна.

Иликтөөчү журналисттер маектешкен бир нече эксперт Путиндин "Ден соолукту коргоого багытталган теңнологиялар" жөнүндөгү соңку улуттук борбору, сыягы, ошондой талкуулардын натыйжасында жаралган болушу мүмкүн деп айтышат.

“Чоң жетекчи алдыга максат койду. Бюрократтар кандай жол менен болсо да ага жетүүнү көздөшүүдө”, - деп айтты Москвадагы илимий-изилдөө борборунун кызматкери.

Авторлор: Светлана Рейтер ("Медуза"), Сергей Титов, Валерий Панюшкин ("Система")
Которгон: Айнура Жекше кызы
Редакциядан: Орусиянын өкмөтү "Эркин Европа/Азаттык" радиосун "жагымсыз уюмдардын" тизмесине кошконуна байланыштуу журналисттер маектештердин коопсуздугунан улам алардын аты-жөнүн ачык жарыялашкан жок.
XS
SM
MD
LG