Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:10

Волгоград түрмөcүндөгү тополоң: Эки тажик жигиттин жакындары эмне дейт?


Навруз Рустамжондун атасынын үйүндөгү сүрөтү.
Навруз Рустамжондун атасынын үйүндөгү сүрөтү.

Он күн мурун Тажикстандын жарандары Навруз Рустамжон менен Назиржон Тошов Волгоград облусундагы Суровикино шаарындагы түрмөдө төрт кызматчыны өлтүрүп, бир нече кишини барымтага алган топтун ичинде болгонун орус маалымат каражаттары жазды.

Бир канча тажик жараны "Крокус Ситидеги" терактка шектелип кармалып, камакка алынганына беш ай болду. Эми бул ирет Тажикстандагы Навруз жана Назиржондун жакындары нес болуп, уккандарына ишенбей турганын айтышууда.

Рустам Давлатов
Рустам Давлатов

Рустамжон Давлатов уулу Навруздун өлүмүнө аза күтүүдө. Анын кайгысына өткөн апта Орусиянын абагында адам өмүрүн алган тополоңго катышкандардын бири деп 23 жаштагы уулунун аты аталганы кошул-ташыл болууда.

"Биз бул жакта, алыстабыз. Алар болсо төрт дубалдын ичинде [түрмөдө] камалып отурушкан, мен ал жерде эмне болгонун элестете да албайм. Бирок мен эмне кыла алам?" - дейт Давлатов көзүнө жаш алып.

Ар түрдүү интернет сайттарында жарыяланган, тастыкталбаган сүрөттөрдө 23-августта Волгоград облусунун түштүк-батышындагы Суровикино шаарындагы түрмөнү басып алганын айтып, өздөрүн "Ислам мамлекетинин" (ИМ) согушкерлери деп атап, бычак кармаган кишилер тартылган.

Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы тополоңдо түрмөнүн төрт кызматкери набыт болгонун, дагы бир нечеси жараат алганын расмий кабарлады.

Орус бийлиги барымтачылардын аты-жөнүн ачык айта элек, полиция аларды атайын күчтөр жок кылганын билдирген.

Бирок ТАСС мамлекеттик маалымат агенттиги Давлатовдун уулу Навруз Рустамжон менен анын камералашы, 28 жаштагы тажикстандык Назиржон Тошовдун, ошондой эле Өзбекстандын жарандары Рамзиддин Тошев менен Тимур Хусиновдун атын жарыялады.

Навруз Рустамжон - Волгограддагы түрмөдө болгон тополоңго шектелгендердин бири.
Навруз Рустамжон - Волгограддагы түрмөдө болгон тополоңго шектелгендердин бири.

Алардын үчөө, анын ичинен эки тажикстандык маңзат сатууга айыпталып, абакта жазасын өтөп жатышкан. Төртүнчүсү адам киши өлтүрүү боюнча соттолгон.

Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбү шаарында жупуну үйдө жашаган Рустамжон Давлатов окуядан үч күн мурун уулу менен сүйлөшкөнүн айтат. Ал уулу менен кадимкидей эле ал-жай сурашып, абактан кийинки жашоосун талкуулашканын эскерди.

"Ал бизден колукту таап берүүнү суранды, "мен үйлөнүп, колледжге тапшырам" деди. Анын көп пландары жана үмүтү бар болчу, бирок азыр анын бири да жок", - деди Давлатов "Азаттыктын" тажик кызматына берген маегинде.

Навруз - жети бир туугандын эң кичүүсү, карапайым үй-бүлөдө чоңойгон. "Мектепти жакшы окуп, баарына ызаат көрсөтчү", - дейт драма театрдын мурдагы актеру, азыр коомдук тамактануучу жайда иштеген атасы.

Атасынын айтканын караганда, орус аткаминерлери Рустамжонду Украинадагы согушка тартууга аракет кылышкан. Бирок "биз ага түрмөдөгү бардык кыйынчылыктарга карабай, макул болбо деп ар дайым айтып келгенбиз" деди.

Рустамжон 18 жашында үй-бүлөсүн багуу үчүн Орусияга миграцияга кеткен. Ал 2022-жылы "маңзат саткан" деген айып менен жети жылга эркинен ажыратылган. Aга чейин унаа жуугуч жайда жана кампада иштеген.

Түрмөдөгү тополоң деп божомолдонгон видеодо өзүн "согушкер" деп атагандардын бири формачан бир нече адамдын канга боёлгон сөөгүн көрсөтүп, түрмө сакчылары "мусулмандарды куугунтукка алганы үчүн өлтүрүлгөнүн" айтат.

"Биз мусулмандарга зулумдук көрсөткөн жана кыйноого алгандарды өлтүрдүк. Бирөөнүн китептерин, дагы бирөөнүн жайнамазын тартып алышкан", - деп кыйкырат видеодогу киши.

Канга боёлгон колкапчан дагы бир киши "Ислам мамлекети" (ИМ) экстремисттик уюмунун желегин кармап турат. Орус маалымат каражаттары дал ошол жигитти Рустамжон деп аташкан.

Бирок атасы Рустамжон "намаз окучу эмес жана такыр динчил эмес эле" дейт.

"Такыр катышыбыз жок"

Ал эми Назиржон Тошовдун кичи мекени Турсунзаде шаары Дүйшөмбүдөн 60 чакырым жерде жайгашкан. Туугандары ал жөнүндө сөз кылууну каалашпайт.

Алардын айтымында, Тошовдун апасы каза болуп, атасы бир нече жыл мурун шаардан көчүп кеткен. Жубайы 2021-жылы аны менен ажырашып кеткенден кийин кичинекей кызын ээрчитип, Орусияга көчүп кеткен.

Tурсунзаде шаары
Tурсунзаде шаары

Тошовдун кайненеси Мехри Саидова (Рахимова) тополоң учурунда тартылган видеолорду көрө электигин айтат.

"Мен бул тууралуу кызымдан уктум. Мындай болуп кетерин билген эмеспиз", - деди ал "Азаттыкка".

Орусиянын түрмөсүндөгү тополоңдон кийин тажик бийлиги Садидованы суракка алган. Бирок ал кызы ажырашкандан кийин күйөөсү Назиржон менен такыр катышпай калганын айтат.

Турсунзода шаарынын расмий өкүлдөрү болсо комментарий берүүдөн баш тартышты.

Расмий Дүйшөмбүнүн 23-августтагы билдирүүсүндө "бул кылмышты жасаган террордук уюмдун башка мүчөлөрүн аныктоо жана кармоодо" орус бийлиги менен кызматташып жатканы айтылат.

Бирок билдирүүдө адам өлүмү менен коштолгон калабага тажик жарандарынын тиешеси бар же жогу жазылган эмес.

Түрмөдөгү тополоң Москванын жанындагы "Крокус сити" борборунда 145 адамдын өмүрү кыйылган терактка шектелип 10 тажик жараны кармалгандан беш ай өткөндөн кийин болду.

"Ислам мамлекети" террорду тобу өз мойнуна алган кандуу теракт Орусияда жашаган тажикстандыктарга жана борбор азиялык эмгек мигранттарына каршы ксенофобияны козутту. Миңдеген тажик жарандары депортацияланганы же Орусияга кирүүсүнө тыюу салынганы маалым.

Волгограддагы тополоң Орусиядагы миллиондогон борбор азиялык мигранттардын ансыз да оор абалын ого бетер начарлатат деп кооптонушат.

XS
SM
MD
LG