Украина борбордук бөлүгүндөгү Кривой Рог шаарында орус армиясынын 5-апрелдеги ракеталык соккусунан набыт болгондорду эскерүү үчүн үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Бул чабуул 20 кишинин өмүрүн жалмады. Алардын тогузу балдар.
Украинанын Кривой Рог шаары 5-апрелге караган түнү адегенде ракеталык аткылоого, андан кийин согуштук дрондордун чабуулуна кабылды. Ракеталык соккудан кеминде 18 адам, учкучсуз учактардын аткылоосунан дагы бир адамдын өмүрү кыйылганы, каза болгондордун жарымы балдар экени кабарланды.
Бир кездеги тележылдыз Владимир Зеленский 2019-жылы жеңишке жетип, Украинанын президенти болуп шайланган. Эми Орусия үч жыл мурда баштаган кеңири масштабдуу согуш шартында ал кайрадан өз талапкерлигин коё тургандай. Бирок бул жолку таймаш ал үчүн алда канча олуттуу болору анык.
АКШ президенти Дональд Трамп 2-апрелде Кошмо Штаттардын соода өнөктөштөрүнө жооп катары жаңы тарифтер киргизилип жатканын жарыялады.
Вашингтон Орусия менен Украинаны Кара деңиз аймагында аскердик аракеттерди токтотууга көндүргөнүн жарыялаганы менен бул кадам ишке аша элек. Чынында, Экинчи дүйнөлүк согуштан берки Европадагы эң ири куралдуу кагылышты токтотуу жолун үч президент үч башкача көрөт.
АКШ президенти Дональд Трамп эгер Путин анын Украинадагы согушту токтотуу сунушуна тоскоолдук кылса, орус мунайына жаңы санкция саларын эскертти.
АКШ президенти Дональд Трамп эгерде Москва анын Украинадагы согушту токтотуу сунушуна тоскоолдук кылса, орус муңайына жаңы санкция саларын эскертти. Ошондой эле ал украин лидери Владимир Зеленский Вашингтон менен кен байлыктар боюнча келишимге кол койбосо, "чоң, чоң көйгөйлөргө" туш болорун айтты.
Украин күчтөрү Орусиянын аба чабуулдарына каршы оптикалык жипке байланган дрондорду көп колдонуп жатканы байкалат. Бул дрондор чөлмөккө оролгон ичке жиптер менен башкарылат. Мындай аппараттар ийкемдүү болуп, ар кандай тоскоолдуктарды буйтап кетүүгө жөндөмдүү.
27-мартта Парижде 30дан ашуун өлкө лидерлери чогулуп, Украинага согушта жана дипломатиялык сүйлөшүүлөрдө жардам көрсөтүүнү талкуулашты. Ал тапта Зеленский АКШдан Орусия менен сүйлөшүүлөрдө Украина үчүн күчтүү позицияда турууну суранса, Путин Украинага "эл аралык башкаруу киргизүүнү" сунуш кылды.
27-мартта Парижде 30дан ашуун өлкө лидерлери чогулуп, Украинага согушта жана дипломатиялык сүйлөшүүлөрдө жардам көрсөтүүнү талкуулашты. Алар жаңы жардамды убада кылып, Европанын бейпилдик күчтөрүн Украинага жайгаштыруу боюнча сунуштарды карады.
Ооганстанда жаңы окуу жылы 22-мартта башталды. Бирок төртүнчү жылы катары менен миллиондогон өспүрүм кыздар мектепке бара албай калды.
Газанын эли ХАМАСты согушту токтотууга чакырып, нааразылыкка чыкты. Израилдин коргоо министри газалыктарга кайрылып, аймакта аскерий операциялардын жайылышын эскерткен. 23-мартта ЦАХАЛ Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарынын бир бөлүгүн курчоого алып, миңдеген тургун чыга албай калганы кабарланган.
Дагы жүктөңүз