Өткөн аптада Өзбекстандагы мектептердин биринде болгон жаңжал Орусия менен Өзбекстандын ортосунда дипломатиялык кайым айтышууга негиз болду.
Европада аялдардын хижаб кийүү укугуна байланыштуу талкуу уланууда. Бул жолу көңүл борборунда Косоводогу окуя - жогорку класста окуган кызга сабакка катышууга тыюу салынды. Балкандагы 1,5 миллион калкы бар өлкөдө жашагандардын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзөт.
Иран Израилге каршы ракеталык чабуулун токтотту. Расмий Тегеран 2-октябрда тараткан маалыматка караганда, зарылчылык болбосо чабуул кайра жанданбайт. 1-октябрдын кечинде Израилдин абадан коргоо системасы Ирандын 180 ракетасынын көбүн атып түшүргөнү кабарланды.
Австриянын ашынган оңчул, мигранттарга каршы “Эркиндик” партиясы 29-сентябрда өткөн парламенттик шайлоодо алдыга чыгып, 29% чукул добуш алды. Ошентип Европанын чок ортосундагы өлкөдө Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин алгачкы жолу шайлоодо ашынган оңчулдар жеңди.
Саша Селипанов Советтер Союзу кулагандан кийинки Грузиядагы жарандык согушту, 1990-жылдардагы Орусиядагы оор турмушту көргөн. АКШдан окуп келип, Европадагы атактуу компанияларда спорттук машинелердин керемет дизайндарын жараткан.
Борбор Азия өлкөлөрүндөгү мамлекеттик телеканалдар Орусиянын Украинадагы согушуна анчейин көңүл бурбайт. Чөлкөмдүн калкы согуш тууралуу маалыматты өкмөттүк эмес каналдардан, социалдык медиадан гана ала алат.
Израилдин ургаалдуу авиасоккуларынан Ливандын түштүгүндөгү Тир шаары талкаланды. Жергиликтүү тургундар үй-жайын таштап, өлкөнүн башка тарабына чыгып кетүүгө аргасыз болду.
Орусиянын армиясы Украинанын Покровск багытын көздөй тынбай чабуул коюп жаткан маалда шаардын сыртындагы зоопаркка келген киши өтө азайды. Төрт кызматкер аба чабуулдары күчөгөндө жүздөгөн жан-жаныбарды тынчтандырып, аларга камкордук көрөт.
25-cентябрда президент Владимир Путин дүйнөнү кайра коркутуп, өзөктүк арсеналы бар мамлекет колдогон кайсы өлкө болбосун Орусияга кол салса, Кремл ядролук курал колдонорун жарыялады. Эгер Орусия Украинага же Батыш Европага өзөктүк сокку урса континенттин аны токтотуп калууга күч-кубаты жетеби?
Август айында Германиянын Золинген шаарындагы кол салуудан кийин Берлин 2021-жылы «Талибан» кыймылы Кабулда бийликти басып алгандан бери биринчи жолу ооган жарандарын депортациялай турганын жарыялаган. Берлиндин бул чечими немис жеринде жашаган оогандарды дүрбөлөңгө салды.
Кремлчил медиа каражаттарынан маалымат алып, Орусиянын пропагандасын жайылткан түйүн Балкан чөлкөмүндө дезинформацияны желдей таратат.
Орусия Украинага басып киргенден тарта эле Башкырстан жана Татарстан элинин мойнуна оор жүк түштү. Президент Путиндин мобилизациялоо жөнүндө буйругу чыккандан эки жылдан кийин улуттук республикалардын калкы согушка көбүрөк тартыла баштады. Бул тизменин сап башында Башкырстан менен Татарстан турат.
Дагы жүктөңүз