Орусиянын армиясы Украинанын Покровск багытын көздөй тынбай чабуул коюп жаткан маалда шаардын сыртындагы зоопаркка келген киши өтө азайды. Төрт кызматкер аба чабуулдары күчөгөндө жүздөгөн жан-жаныбарды тынчтандырып, аларга камкордук көрөт.
25-cентябрда президент Владимир Путин дүйнөнү кайра коркутуп, өзөктүк арсеналы бар мамлекет колдогон кайсы өлкө болбосун Орусияга кол салса, Кремл ядролук курал колдонорун жарыялады. Эгер Орусия Украинага же Батыш Европага өзөктүк сокку урса континенттин аны токтотуп калууга күч-кубаты жетеби?
Август айында Германиянын Золинген шаарындагы кол салуудан кийин Берлин 2021-жылы «Талибан» кыймылы Кабулда бийликти басып алгандан бери биринчи жолу ооган жарандарын депортациялай турганын жарыялаган. Берлиндин бул чечими немис жеринде жашаган оогандарды дүрбөлөңгө салды.
Кремлчил медиа каражаттарынан маалымат алып, Орусиянын пропагандасын жайылткан түйүн Балкан чөлкөмүндө дезинформацияны желдей таратат.
Орусия Украинага басып киргенден тарта эле Башкырстан жана Татарстан элинин мойнуна оор жүк түштү. Президент Путиндин мобилизациялоо жөнүндө буйругу чыккандан эки жылдан кийин улуттук республикалардын калкы согушка көбүрөк тартыла баштады. Бул тизменин сап башында Башкырстан менен Татарстан турат.
Орусиядагы саясий кырдаал борбор азиялык мигранттардын көкөйүнө көк таштай тийип турган учурда Батыш өкмөттөрү мыйзамдуу миграциялык келишимдер аркылуу чөлкөмдөгү таасирин кеңейтүү жолдорун караштырууда.
Трансфэгэраш жолу расмий түрдө 50 жыл мурун ачылган. Румындар салган "дүйнөдөгү эң мыкты жол" аттыккан автомагистарл Европадагы эң бийик тоодо курулган.
Сербиянын президенти Александр Вучич Орусия, Кытай жана Батыш менен Белграддын саясатын тең салмактап, ошол эле маалда өлкө ичинде өз бийлигин бекемдөөнүн аракетин көрүп келет. Вучичтин мындай бардык тараптын тилин табуу аракети эмнеге алып келиши мүмкүн?
Туура бир жыл мурун Азербайжан Тоолуу Карабакты толук өз көзөмөлүнө алган. Жүз миңден ашуун этностук армян Арменияга жер которууга аргасыз болгон. Алардын көбү бир жылдан кийин деле арсар абалда күн кечиришүүдө. Карабакка болсо Азербайжандын жарандары отурукташа баштады.
"Настоящее время" телеканалынын кабарчысы Украинанын чыгышындагы Селидово шаарындагы абал менен таанышып келди. Ал украин күчтөрү орус армиясы таштап кеткен "Виолетта" аттуу артиллериялык куралды Москванын чабуулдарына каршы кантип колдонуп жатканына күбө болду.
Тажик полициясы Дүйшөмбү шаарында өлкөнүн муфтийи Саидмукаррам Абдулкодирзодага кол салган кишини кармап, "бейбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Бирок талдоочулар муфтий атайын кызмат менен тыгыз байланышып, динчилдердин укугун тебелеген саясатты жүргүзүп жатканын айтышат.
Украиналык ыктыярчылар согуш жүрүп жаткан жерлерде ит-мышыкты сактайбыз деп өмүрүн тобокелге салууда. Эвакуацияда үй жаныбарларын кошо алып кетүү каралган эмес. Ал эми ыктыярчылар издеп тапкан жаныбарлар коопсуз жайга жеткирилет. Аларды кийин кожоюндары алып кеткиче баш калкалоочу жайда багылат.
Дагы жүктөңүз