Казакстанда жекшембидеги референдумга катышкан шайлоочулардын 71% ашыгы Борбор Азиядагы алгачкы атомдук электр станциясын курууга макулдугун беришти. Жалпы элдик добуш берүүнүн алдында АЭСтин курулушуна каршы чыккан активисттер кармалды.
"Талибан" өкмөтү Ооганстанга чет элдик туристтерди тартууга аракет кылууда.
Израил армиясынын Ливандагы аба соккуларынан Жакынкы Чыгыштагы бул өлкө гуманитардык кризистин кырында турат. Соңку апталарда эле 1 миллиондой киши өз үй-жайын таштап, жер которууга мажбур болду. Бейрутта миңдеген киши ай талаада конуп-түнөп, күн өткөрүүдө.
Өткөн аптада Өзбекстандагы мектептердин биринде болгон жаңжал Орусия менен Өзбекстандын ортосунда дипломатиялык кайым айтышууга негиз болду.
Европада аялдардын хижаб кийүү укугуна байланыштуу талкуу уланууда. Бул жолу көңүл борборунда Косоводогу окуя - жогорку класста окуган кызга сабакка катышууга тыюу салынды. Балкандагы 1,5 миллион калкы бар өлкөдө жашагандардын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзөт.
Иран Израилге каршы ракеталык чабуулун токтотту. Расмий Тегеран 2-октябрда тараткан маалыматка караганда, зарылчылык болбосо чабуул кайра жанданбайт. 1-октябрдын кечинде Израилдин абадан коргоо системасы Ирандын 180 ракетасынын көбүн атып түшүргөнү кабарланды.
Австриянын ашынган оңчул, мигранттарга каршы “Эркиндик” партиясы 29-сентябрда өткөн парламенттик шайлоодо алдыга чыгып, 29% чукул добуш алды. Ошентип Европанын чок ортосундагы өлкөдө Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин алгачкы жолу шайлоодо ашынган оңчулдар жеңди.
Саша Селипанов Советтер Союзу кулагандан кийинки Грузиядагы жарандык согушту, 1990-жылдардагы Орусиядагы оор турмушту көргөн. АКШдан окуп келип, Европадагы атактуу компанияларда спорттук машинелердин керемет дизайндарын жараткан.
Борбор Азия өлкөлөрүндөгү мамлекеттик телеканалдар Орусиянын Украинадагы согушуна анчейин көңүл бурбайт. Чөлкөмдүн калкы согуш тууралуу маалыматты өкмөттүк эмес каналдардан, социалдык медиадан гана ала алат.
Израилдин ургаалдуу авиасоккуларынан Ливандын түштүгүндөгү Тир шаары талкаланды. Жергиликтүү тургундар үй-жайын таштап, өлкөнүн башка тарабына чыгып кетүүгө аргасыз болду.
Орусиянын армиясы Украинанын Покровск багытын көздөй тынбай чабуул коюп жаткан маалда шаардын сыртындагы зоопаркка келген киши өтө азайды. Төрт кызматкер аба чабуулдары күчөгөндө жүздөгөн жан-жаныбарды тынчтандырып, аларга камкордук көрөт.
25-cентябрда президент Владимир Путин дүйнөнү кайра коркутуп, өзөктүк арсеналы бар мамлекет колдогон кайсы өлкө болбосун Орусияга кол салса, Кремл ядролук курал колдонорун жарыялады. Эгер Орусия Украинага же Батыш Европага өзөктүк сокку урса континенттин аны токтотуп калууга күч-кубаты жетеби?
Дагы жүктөңүз