26-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун алдын ала маалыматы боюнча бийликте турган «Грузин кыялы» 53% добушка ээ болду. Оппозициялык күчтөр: "Өзгөрүүлөр үчүн коалициясы" – 11.199%; "Биримдик - улуттук кыймылы" – 9.805%; "Күчтүү Грузия" – 9.04%; "Грузия үчүн" – 8.24% добуш топтоду.
Орусиялык снаряд Украинанын Донецк облусунда жүргөн фронттогу "Азаттыктын" украин кызматынын журналисттеринин жанына түшкөн. 10-октябрда кабарчы Роман Пахулич менен оператор Павло Холодов снаряд жарылып жаткан учурду видеого тартып алган.
Ооганстандын башында турган "Талибан" кыймылынын репрессивдүү саясаты жана Исламды экстремисттик көз караш менен чечмелеши бул өлкөнү жек көрүндү мамлекетке айлантты. Эми бул өлкөдө тирүү жандыктын баарынын, анын ичинде адамдардын жана жаныбарлардын сүрөтүнө тыюу салынды.
БРИКС уюмуна кошулууга улам бир өлкө ниетин билдирип жатканда Кытайдын лидери Си Цзиньпин Казандагы саммитти дүйнөлүк тартиптин атаандаш системасын көрсөтүү үчүн пайдалангысы келет. Украинага уруш ачкан Орусиянын президенти Владимир Путин Москва обочодо калбаганын далилдөөгө аракеттенет.
25 жылдан бери АКШда бозгунда жүргөн түркиялык диниятчы, өз мекенинде 2016-жылы бийликти төңкөрүү аракетине айыпталган Фетхулла Гүлен 83 жашында көз жумду. Ал бир кезде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жакын санаалашы болгон.
Орусияда абак азабынан аман кутулуп чыгуу - бул күч-кубат жана акыл маселеси гана эмес, тамак көйгөйү дагы. Ондогон жыл муздаткычта жаткан эт, чийки бышкан нан, "суу ботко" жана абактагы адамды бактылуу кылган бир кашык капуста.
Монголиянын 1924-жылдан 1992-жылга чейин Советтер Союзу менен тыгыз кызматташып турган учурдагы тарыхы жана уникалдуу сүрөттөр топтому.
Орусияда түрмөдө жазасын өтөп жаткан бир кыргыз жараны соттолгондордун көбү абактагы мамилеге чыдабай согушка кетип жатканын “Азаттыкка” айтып берди. Мигранттар менен иштеген юрист түрмөдө аскердик келишимге кол коюудан баш тарткандар муздак камераларда камалып, тамак-аштан кыйнала турганын айтты.
Украин президенти Владимир Зеленский Еврошаркеттин жана НАТОнун лидерлерин “жеңиш планынын” өзөгү менен тааныштырды. Зеленскийдин планын катардагы украиндер ар түрдүү баамдап, кээ бирлери колдосо, башкалары анын аткарылышына ишенбей турат.
Орусиянын коопсуздук кызматы (ФСБ) украиналык өспүрүмдөргө акча сунуштап, аларды украин армиясынын автоунааларын өрттөөгө азгырып жатканы белгилүү болду. “Азаттыктын” украин кызматынын кабарчылары ФСБнын торуна илинген мындай өспүрүмдөрдү таап сүйлөштү.
Израил Газадагы жана Ливандын чектеш тилкесиндеги чабуулдарын улантууда. Соңку суткада дагы ондогон кишилер каза болду. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Израилдин Ливандагы бейкуттук күчтөрүн убактылуу чыгарып кетүү тууралуу өтүнүчүн четке какты.
Дагы жүктөңүз