Монголия мындан 100 жыл мурун, 1924-жылы 26-ноябрда өзүн Элдик Республика деп жарыялаган. Анын баш калаасынын Улан-Батор (Кызыл Баатыр) деп аталганына карабай, бул өлкөнүн советтик тарыхы көлөкөдө калгандай сезилет.
2009-2012-жылдары АКШнын Монголиядагы элчиси болгон Жон Эддлтон "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна бул өлкөнүн Советтер Союзу менен байланышкан тарыхы көбүн эсе эске алынбай, дүйнөдө "Монголия дегенде "Чынгызхандын орду турганын" белгилейт.
"Монголдордун тарыхынын борбордук өзөгү катары анын образын эч ким алмаштыра албайт".
Мындан сырткары Эддлтон белгилегендей, Монголия Варшава келишимине кошулбагандыктан "советтик жандооч" деген сыпаттама массалык түшүнүккө кирген эмес".
1924-жылы азыркы Монголиянын эл аз жашаган аймагы узак жылдар бою Кытай менен Орусиядагы жарандык согушта жаатташкан эки тараптын тең кармаш талаасына айланган. Бирок аймак де-юре Кытайдын бөлүгү деп саналган.
Монголиянын көчмөн калкы кабылган ушундай бүдөмүк маалда, 1924-жылы бир жаш аткаминерлердин бири коммунисттик өкмөттүн Элдик Республика тууралуу көп барактан турган декларациясына муздак суу куюп, "Республика деген эмне? Жер-жерлерде бул тууралуу эч ким эч нерсе билбейт" деген суроо койгон. Ал чогулган делегаттардан карапайым монголдорго "жаңы башкаруу системасынын маани-маңызын" түшүндүрүүнү талап кылган.
Монголияны иликтеген Кремлдин алгачкы миссияларынын бири советтик жетекчи Иосиф Сталинге Кытай көз артып турган аймак "биздин өлкөнүн түштүк чек арасына пайдалуу буфер" болуп берип, советтик жана кытайлык аскерлердин бетме-бет кагылышуусуна жол бербейт деп жазган.
Андан көп узабай эле Монголия СССРден экономикалык жана саясий жактан көз каранды болуп, Москванын тоталитардык жолоюна түшө баштаган.
"Кыска убакытта Советтер Союзунун тажрыйбасын колдонуп, социализмди өнүктүрүүгө милдеттүүсүңөр" деген көрсөтмөнү Кремлдин чабарманы монгол өкмөтүнө жеткирген.
1930-жылы Улан-Батор "Феодалдык тапка киргендердин мал-мүлкүн мамлекетке алабыз" деп жарыялаган.
Көчмөн малчылар малын мамлекетке берип, коллективдештирүү башталганда айрымдары четке качып кетсе, башкалары каршылык көрсөтөткөн.
1930-жылдары 30 миңдей киши Монголиядан качып кеткен, айрым жерлерде эл өз алдынча уюшуп көтөрүлгөн.
"Элдик өкмөттүн" желмогуздары менен шайтандарынын акыр-аягына чыкмайынча күрөшкүлө!" — деген ураан менен диний козголоңчул топ чыккан.
1937-жылы Монголиянын коргоо министри Гэлэгдоржийн Дэмид Москвага чакыртылып, кайра келатканда жолдо "тамак-ашка ууланып" каза тапкан. 1939-жылы Монголиянын кадыр-барктуу премьер-министри Анандын Амар камакка адынып, Москвага жөнөтүлгөн. Ошол жактан өлүм жазасына тартылган. Мындай үрөй учурган окуялар Сталин жактырган Хорлогийн Чойбалсанга Монголияда бийликти басып алууга жол ачкан.
Чойбалсандын тушунда сталиндик террордун эпкини Улан-Баторду да каптаган. Чойбалсан советтик НКВД менен түздөн-түз кызматташып, өкмөттөгү "чыккынчыларды", андан соң диний лидерлерди тазалоого киришкен. Монголияда Улуу респрессиянын курмандыктарынын так саны белгисиз, 1937-1939-жылдары 17 миңдей лама өлүм жазасына тартылып, 700 монастыр жок кылынган.
Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Монголия советтик армиянын эң маанилүү көмөкчүсү болсо, 1945-жылы фашисттик Германияны жеңген Советтер Союзу Кытайды Монголиянын аймактарына болгон укугунан баш тартууга мажбур кылган. Монголиянын Кытайдан көз карансыздыгын тааныган референдум өткөрүлүп, 100% колдоо тапканы белгиленген.
Сталин Монголияга жеке кызыгуусун көрсөтүп, ал өлкө бийлигине динди орду-түбү менен жоготууну тапшырган.
"Ламаларга катаал мамиле жасалышы керек, - деген Сталин Улан-Баторго. - Эң күчтүүсүн гана таанууну эстен чыгарбагыла".
Советтик тарыхтан белгилүү болгондой, 1953-жылы Сталин өлгөндөн кийин Монголияда репрессиянын толкуну сээлдей баштаган. Кремлдин динге каршы катаал саясаты бюрократиялык мүнөзгө айланган.
Эддлтон белгилегендей, монголдор эки кубаттуу коңшу СССР менен Кытайды алганда, Москванын коркунучу азыраак деп санаган.
"Иш жүзүндө Советтер Союзу менен карым-катнаш Монголиянын эгемендигин калыбына келтирүү жана Кытайдан көз каранды болбоо үчүн өтө маанилүү эле», — деп чечмелейт америкалык мурунку элчи.
1980-жылдаргын аягында Монголиянын ар кайсы тарабында Советтер Союзунун 50 миңдей аскери жана 1800 танкы, 320 учак жана тик учагы бар базалары турган.
Советтер Союзунда демократиялык кыймылдар жандана баштаганда 1980-жылдары монголдордо дагы эркиндик үчүн күрөштүн учкуну тутанган.
Монголиянын акыркы коммунисттик лидери Жамбын Батмунх тоталитардык башкарууга каршы чыккандарды жазалоону сунуш кылган аткаминерлерге эмне деп жооп кзатканын мындайча эскерген.
"Полицияны же армияны аларга каршы колдонууга зарылчылык жок", - деп, нааразалыкка чыккандарды "өзүбүздүн балдар" деп айткан. 1990-жылы мартта Монголиянын коммунисттик партиясынын саясий бюросу тараган. Батмунх кызматтан кеткенин жарыялап, эркин шайлоого жол ачкан.
Эддлтон айткандай, монголдор менен алардын советтик тарыхы тууралуу баарлашканда «Советтер Союзун ар кандай өңүттө эскеришет".
"Айрымдары 1930-жылдары сталиндик репрессияда бутпарас ламаларды кырган саясатка жаны ачыса, башкалары Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки заманды эңсеп, сагынуу менен эскерет", - дейт америкалык мурунку элчи Эддлтон.