Президент Путин Татарстандын баш калаасы Казанда БРИКСтин 16-саммитине келген конокторду кабыл алуу менен Москва эл аралык изоляцияда калбаганын Батышка көрсөтүүнү көздөйт.
Ал БРИКСке кирген өлкөлөрдүн тобун Батышка жана глобалдык саясатка, соода-сатыкка каршы күч катары көрсөтүүнү максат кылат.
Казанда 22-24-ноябрда БРИКС+ деген кеңейтилген форматтагы бирикменин жыйыны өтөт. Кеңейтилген бирикмеге баштапкы мүчө өлкөлөр Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасынан тышкары эми Египет, Эфиопия, Иран жана Бириккен Араб Эмираттары кошулууда.
"БРИКС Батыш башкарган дүйнөлүк түзүлүш жана батыштык уюмдар олку-солку болуп турган маалда дагы бир жолу жаңы дем алгандай, - деп сыпаттайт Лондондогу коргонуу изилдөөлөрү боюнча падышалык институттун эксперти Карлос Солар. - Жалпы идея - дүйнөдө, эл аралык банк, финансы жана укук системаларында кандай өзгөрүү болот, алдыдагы он жылдыктарда кайсы аймактардын мааниси артат».
Казандагы саммит БРИКСтин кеңейишине пайдубал болуп бериши мүмкүн. Путин бирикмеге мүчө болууга арыз берген же ниетин билдирген Азербайжан, Беларус, Түркия, Монголия жана Кыргызстан сыяктуу 20дай өлкөнүн лидерлерин чакырган.
Ал ошондой эле Казанга келген мамлекет башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Кытайдын лидери Си Цзиньпин БРИКСти өнүктүрүүнү Бээжиндин глобалдык Түштүктөгү өлкөлөрдүн өнүгүү стратегиясынан карайт.
"Путин БРИКС глобалдык Түштүктүн атынан чыгарын айткан. Кытайдын да аргументи ушул, - дейт Стюарт Патрик, Карнеги Фондунун иликтөөчүсү. - Кытай Орусиядай эле БРИКС+ Батыш, анын ичинде АКШ үстөмдүк кылган эл аралык тартипке чакырык таштоого курал болуп берет деп үмүттөнөт".
БРИКС: Саясий салмагы жана мааниси
2006-жылы Бразилия, Орусия, Индия жана Китай БРИК деп аталган топ түзгөн. 2010-жыл ага Түштүк Африка Республикасы кошулуп, бирикме мүчө өлкөлөрдүн англисче аталыштарынын баш тамгаларынан куралып, BRICS - БРИКС деп аталып калган.
Анын негизги көздөгөнү Түндүк Американын жана Батыш Европанын байгер өлкөлөрүнүн саясий жана экономикалык күч кубатына атаандаш болуп чыгуу эле.
БРИКСтин мүчөлөрү башынан эле Батыш өлкөлөрү Эл аралык валюта кору, Дүйнөлүк банк сыяктуу насыя берген салмактуу дүйнөлүк уюмдарда үстөмдүк кыларын белгилеген. Андыктан ага теңдеш болуп, өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн да үнүн угузган система зарылдыгын айтышкан.
2014-жылы БРИКС инфраструктураны өнүктүрүү жана насыя бере турган Жаңы өнүгүү банкын түзүүнү сунуш кылган. Январда Египет, Эфиопия, Иран, Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмираттары уюмга кирүүгө чакыруу алган.
Бирок андан көп өтпөй эле Сауд Арабиясынын министри Эр-Рияд бирикмеге расмий кошулбай турганын билдирген.
Аргентина дагы чакыруу алганы менен президент Хавьер Милей 2023-жылдын декабрында кызматка киришкенден кийин БРИКСке кошулуу планынан баш тарткан.
Бирикмеге кирген өлкөлөрдүн элинин жалпы саны 3,5 миллиард киши - планетанын калкынын 45%. Мүчө өлкөлөрдүн экономикасы 28,5 триллион доллардан ашып, дүйнөлүк экономиканын болжол менен 28% барабар.
Эгер Сауд Арабиясы БРИКСке кошулса бирикмеге кирген өлкөлөргө дүйнөлүк карай май өндүрүүнүн 44% жакыны туура келет.
Казак президентинин администрациясы Астана дагы чакрыруу алганын ырастап, бирок "бул бирикменинин өнүгүү келечегине байланыштуу" жана башка суроолордон улам мүчөлүккө өтүүдөн баш тартты. Ага карабай, Акордо президент Касым-Жомарт Токаев Казанга саммитке барып, жалпы жыйында сүйлөй турганын билдирди.
БРИКСке кызыгуунун сыры эмнеде?
БРИКСтин мүчөлөрү дүйнөнүн ар кайсы тарабында жайгашганы кайсы бир деңгээлде ыңгайсыздык туудурат. Бирок бирикме Орусиянын Украинадагы согушу, Кытай менен АКШнын атаандаштыгы күчөп турган шарттагы геосаясий олку-солку кырдаалга карабай кеңейүүдө.
Эксперт Солар түшүндүргөндөй, көпчүлүк өнүгүп бараткан өлкөлөр БРИКСти алдыдагы жылдары геосаясий тең салмактуулуктун пайдалуу куралы катары көрөт.
"БРИКСке Кытай, Орусия, Индия жана Бразилия сыяктуу глобалдык дымагы бар өлкөлөр кирген, - деп чечмелейт Солар. - Бирок ага кошулуп жаткан же ал үчүн арыз берген өлкөлөр ар кандай варианттарды караштырып, бардык жумуртканы бир челекке салгысы келбегенин ишара кылууда".
Эксперт белгилегендей, Бразилия жана Индия сыяктуу өлкөлөрдүн мисалында БРИКСтин негизги мүчөлөрү Батыш башкарган топторго жана саясий түзүмдөргө мүчө же алар менен жакын алака-катышы бар.
Финансылык координация - дүйнөлүк соодада америкалык доллардын үстөмдүгүн азайтууга аракеттенген лидерлердин эң чоң баш оорусу. Бразилия жана Индия алтургай БРИКСтин өз акча бирдигин киргизүүнү сунуш кылган.
БРИКС өлкөлөрү бирикменин ичинде соода-сатык алакаларын активдештирүүгө, банктарынын ортосунда координацияны бекемдеп, салык жана бажы процедураларын айкалыштырууну көздөйт.
Азырынча глобалдык резервдик валюта түзүү туралуу сүйлөшүүлөр алга жылып кетпегени менен БРИКСтин мүчөлөрү соода-сатыкты өз акчасына жүгүрткөнү Орусия үчүн пайдалуу болду. Москва Бээжин жана Дели менен соода-сатыкты кеңейтүүнүн эсебинен Батыштын санкцияларына туруштук берүүгө аракеттенет.
"БРИКС улам жаңы рынокту өздөштүрүп жаткан чакта орус экономикасы үчүн мындан да кубаттуу коргоочу болуп берери ажеп эмес", - дейт Солар.
Казанда картага эмне коюлат?
Казандагы саммит Орусия толугу менен дипломатиялык изоляцияда калбаганын көрсөтөт. Татарстандын баш калаасындагы жыйын Батыштын үстөмдүмдүгүн солкулдата турган демилгелерди улантууга өбөлгө болуп бериши ыктымал.
"Путин үчүн бул саммит символикалуу - Орусия Украинага согуш ачкандан кийин Батыштын Москваны обочого бөлүп салуу аракетине карабай, дүйнөдө анын достору дагы деле көп дегенди көрсөткүсү келет", - дейт Карнеги фондунун изилдөөчүсү Патрик.
Казанда Путин Батыштын санкцияларынан корголгон эл аралык төлөмдөр үчүн альтернативалуу платформаны сунуштай турганы кабарланды. Дүйнөдө буудай экспорту боюнча алдыда турган Орусия БРИКСтин алкагында айыл чарбасына дүйнөлүк бааны аныктаган, батыштык түзүмдөргө атаандаш биржа түзүүнү сунуш кылышы мүмкүн.
Москванын мындай аракеттеринен канчалык майнап чыгарын алдыдагы келечек көрсөтөт. Ал эми Кремл болсо жаңы мүчөлөр кабыл алынып жаткан бирикменин ичинде консенсуска жетишүүсү абзел. Анткени алардын айрымдары Орусиянын мындай дымагын колдобой коюшу да ыктымал.
БРИКСтин мүчөлөрү "эл аралык тартипти жана эл аралык экономиканы башкарган учурдагы түзүмдөр дүйнөнүн батыш тарабында оодук кылганы адилетсиз дегенге ынанышат", - дейт Патрик.
Бирок ошол эле учурда Кытай, Иран жана Орусия сыяктуу өлкөлөрдун өз ара көз караштары дал келбейт.
"БРИКС Батыш үстөмдүк кылган дүйнөлүк тартипке чакырык таштайт, - дейт Патрик. - Бирок азыркы тапта анын геосаясий маанисине караганда символикалык мааниси чоң".