АКШнын Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) 5-ноябрда өтө турган президенттик шайлоодо "террордук чабуул" уюштурууну пландаган ооган жараны камакка алганын кабарлады. Бул аракет "Ислам мамлекети-Хорасан" террордук уюмунун Батыш үчүн коркунучу күчөп баратканын айгинелейт.
Ооганстанда талибдер соңку жылы эле 20 миң музыкалык аспапты жок кылганы августта маалым болду. 2021-жылы бийликти басып алган экстремисттик топ аспаптарды “шарыятка туура келбейт” деп жүйө келтирет. Каардуу бийликтен корккон ооган өнөрпоздору мекенин таштап чыгып кетти.
Быйыл жазында Москвадагы "Крокус Сити Холлдогу" куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай жана такси айдоочуларына карата катаал чектөөлөр жол киренин кымбатташына алып келди.
Израилдин Газа тилкесинде АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган ХАМАС тобуна каршы күрөшүп жатканына бир жыл болду. Сентябрь айынан бери Израил армиясынын Кошмо Штаттар террордук деп санаган “Хезболла” жоочулар тобу менен кармашы күчөдү.
2024-жылдын жети айында Москва өлкөдөн чыгарылгандардын жана кирүүгө тыюу салынгандардын саны рекорддук чекке жеткенин жарыялады. Алардын дээрлик көпчүлүгү Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандары экени белгилүү болду.
Бир жыл мурун ХАМАСтын согушкерлеринин Израилге капыстан болгон кандуу кол салуусунан кийин израил армиясы ага жооп иретинде Газа тилкесинде согуш баштаган. Бул апаатта 41 миңден ашуун карапайым палестиндин каны төгүлүп, анклав кыйроого дуушар болду.
Казакстанда жекшембидеги референдумга катышкан шайлоочулардын 71% ашыгы Борбор Азиядагы алгачкы атомдук электр станциясын курууга макулдугун беришти. Жалпы элдик добуш берүүнүн алдында АЭСтин курулушуна каршы чыккан активисттер кармалды.
"Талибан" өкмөтү Ооганстанга чет элдик туристтерди тартууга аракет кылууда.
Израил армиясынын Ливандагы аба соккуларынан Жакынкы Чыгыштагы бул өлкө гуманитардык кризистин кырында турат. Соңку апталарда эле 1 миллиондой киши өз үй-жайын таштап, жер которууга мажбур болду. Бейрутта миңдеген киши ай талаада конуп-түнөп, күн өткөрүүдө.
Өткөн аптада Өзбекстандагы мектептердин биринде болгон жаңжал Орусия менен Өзбекстандын ортосунда дипломатиялык кайым айтышууга негиз болду.
Европада аялдардын хижаб кийүү укугуна байланыштуу талкуу уланууда. Бул жолу көңүл борборунда Косоводогу окуя - жогорку класста окуган кызга сабакка катышууга тыюу салынды. Балкандагы 1,5 миллион калкы бар өлкөдө жашагандардын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзөт.
Иран Израилге каршы ракеталык чабуулун токтотту. Расмий Тегеран 2-октябрда тараткан маалыматка караганда, зарылчылык болбосо чабуул кайра жанданбайт. 1-октябрдын кечинде Израилдин абадан коргоо системасы Ирандын 180 ракетасынын көбүн атып түшүргөнү кабарланды.
Дагы жүктөңүз