Орусиянын агрессиясына чекит коюуга жардам берет деген долбоорду украин президенти шаршембиде Жогорку радага алып чыкты.
Associated Press (AP) агенттиги сөзгө тарткан айрым аскерлер майдандагы кырдаал оор болуп турганын, бирок Зеленскийдин жеңиш планын колдошорун белгилешти. Алардын бири - "Каман" деген каймана аттуу аскер:
"Албетте, биз "жеңиш планына" ишенебиз, кубаттайбыз. Бул согушту жеңүү үчүн бизге дүрмөт, Батыштын курал-жарагы, каржы көмөгү керек. Себеби бул урушту токтпосок, Европа жабыркайт, эң жакын коңшубуз Польша жана башкалар беш, алты, жети жылда жеринен айрылып калышы мүмкүн. Украина утулса, анын кесепетин 24 саатта ошол өлкөлөр да сезет", - деди майданда жүргөн аскер.
Зеленский сунуш кылган долбоордо өлкөнүн НАТОго кошулуусу, орус аймагында операцияны улантуу менен "урушту Орусияга оодаруу", Украинага ядролук эмес стратегиялык курал жайгаштыруу, өлкөнүн стратегиялык-экономикалык дараметин арттыруу каралган. Андан тышкары президент Батыштын куралын Орусиянын аймагындагы аскердик жайларга каршы колдонууга уруксат алуу максатын кайталады. Киевдин өнөктөштөрү азырынча андай өтүнүчкө көнбөй келатат.
Бирок бардык эле украиналыктар мамлекет башчынын сунушуна оптимисттик көз карашта деп айтууга болбойт.
16-октябрда Зеленский парламентте сүйлөп жатканда Киевде согуш туткундарынын, дайынсыз жоголгон жоокерлердин жакындары чогулду.
Жергиликтүү тургун Павло Пляс:
- Чынын айтсам бул план бизди жеңишке алып келет деп ойлобойм. Бардыгы бизди жеңишке жакындатуу үчүн эбегейсиз аракет көрүп келаткан аскерлерибизден көз каранды.
Согушта уулу менен бир тууганын жоготкон Светлана Черняк:
- Сүйлөшүүлөр үстөлүнө отурууну айтып жатабы? Анда бул жигиттер эмне үчүн өлдү? Алар душман менен сүйлөшүп, кол алышуу үчүн эмес, өлкөбүздүн эркиндиги, эгемендиги үчүн өмүрүн беришти. Согуш туңгуюкка такалды, андан кантип чыгуу керектигин билбейм. Уруштун аягы көрүнбөйт. Жоокерлерибиздин катары да суюлуп баратат.
Украин президенти "жеңиш планы" "согушка дипломатиялык жол менен чекит коюуга" көпүрө болуп берерин белгилеген. Киевдин көз карашында аны ишке ашыруу Орусияны агрессиядан баш тартып, сүүйлөшүүлөр үстөлүнө отурууга түртөт.
Москва Зеленскийдин «жеңиш планына» реакциясын билдирип, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова аны "украин элинин шору" деп сыпаттады. "Зеленский НАТОну биздин өлкө менен түздөн-түз жаңжалга тукуруп жатат, Орусиянын аймагына сокку уруу үчүн Батыштын куралын пайдалануу уруксатын алууну кайрадан көздөп турат", - деди Захарова.
Москва "атайын операция" деп атаган уруштун өтөлүнө чыгарын, Киев аймактык жана башка чегинүүлөргө көнсө, сүйлөшүүлөргө даярдыгын айтып келатат.
Быйыл октябрда кызматка киришкен НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Зеленский “жеңиш планы” менен олуттуу ишарат кылганын, өнөктөштөр аны эске алышы керектигин белгилеп, ошол эле маалда долбоорду колдоорун айткан жок. "Биз Зеленскийдин жана Украинанын Орусия менен сүйлөшүүдө күчтүү позицияда болушун каалайбыз. Ага чейин колдообузду уланта беребиз, Путин бизди Украинаны колдоодон баш тартат деп күтпөй эле койсун", - деди Рютте.
Еврошаркеттин Брюсселдеги саммити алдында Латвия жана Британиянын коргоо министрлери украин лидеринин планын жакташарын билдиришти.
Ал арада АКШ президенти Жо Байден Украинанын коопсуздугу үчүн 425 миллион доллар бөлүнөрүн жарыялады.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун редактору Рикард Йозвактын талдоосу
Украин президенти Владимир Зеленский 17-октябрда Брюсселде беш пункттан турган “жеңиш планын” адегенде Евробиримдиктин лидерлерине, андан кийин НАТОнун коргоо министрлирине сунуш кылды.
Бул уюмадардын бири да документти ачык четке каккан жок. Бирок Киевдин оор абалын түшүнгөнү менен өздөрүнө кандайдыр бир милдеттенме алууга ашынган жок.
Иш жүзүндө пландын биринчи жана экинчи пункттары эле аны ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн азайткандай. Ал пункттар НАТОго чакырууну жана Орусиянын аймагында Батыштын узак аралыкка атуучу куралын колдонууга уруксат алууну камтыйт. Киев көптөн бери муну көздөгөнү менен андай уруксат бериле элек.
Украина НАТОго кирүүгө азыр чакыруу алууну, бирок Москва менен түздөн-түз тирешке кириптер болуудан чочулаган альянстын кооптонуусун басаңдатуу үчүн согуш аяктаганда гана мүчөлүкко өтүүнү көздөйт.
Аскердик блок Украина бир күнү бирикмеге кошуларын айтып, “мүчөлүккө карай көпүрө” же “мүчөлүккө карай жол айныксыз жол” деген формулировкаларды сунуш кылууда.
Орусиянын аймагына сокку уруу маселесин негизинен АКШ чечүүгө тийиш. Вашингтон сыягы уруксат берүүгө дилгир эмес. Сентябрда Зеленский АКШ сапарынан кайтып келди. 5-ноябрдагы шайлоо жакындаганын эске алганда, Ак үйдүн саясатында бир жылыш байкалбайт. Бирок андай чечим гезиттерде алдын ала жар салынат деп күтпөш керек.
Ошентип эки пунктту ишке ашыруу кыйын болгону үчүн калгандарын – украин аймагына ядролук эмес стратегиялык курал орнотуу, АКШ жана Еврошаркет тарабынан Украинанын маанилүү табигый ресурстарын коргоо, согуш аяктагандан кийин Европада жайгашкан америкалык аскерлердин айрымдарын украиналык аскерлерге алмаштыруу сунуштары актуалдуулугун жоготуп коет.
Зеленский “жеңиш планын” ишке ашырууга көндүрүү татаал болорун дайыма эле билчү. Эми катаал кыштын алдында тобокелге салып, топту Батыштын талаасына тепти.