2021-жылы Ооганстан кыздарга мектепке барууга тыюу салган жалгыз мамлекет болгон.
Исламга ылайык, бутпарасттык күнөө болуп саналат жана ага тыюу салынат. Исламдын радикал интерпретациясы менен “Талибан” соңку жылдары дүкөндөрдө кийим кийгизилген манекендердин башын кесип, куурчак сатууга тыюу салып, көчөлөрдөгү эстелик, айкелдин баарынын беттерин жаап же такыр алып салган.
“Бул чечим акылга сыйгыс жана кабыл алынгыс”, - дейт “Талибанга” байкоо салган тажрыйбалуу журналист Сами Юсуфзай.
“Талибан” бул чектөөлөрдү кеңейтип, эми ага “компьютерлерде, мобилдүү телефондордо тирүү жандыктардын сүрөтүн, видеосун көрүп, тартууга" тыюу салды. Тирүү жандык дегендерге жан-жаныбарлар жана адамдар кирет.
“Мунун негизинде 1990-жылдардагы [талибдердин] эмиратын кайталоо максаты турат”, - деген пикири менен Лондондогу Экономика мектебинин Түштүк Азия боюнча илимий кызматкери Обайдулла Бахир.
1996-2001-жылдардагы катаал бийлигинин маалында да талибдер тирүү жандыктардын баарынын сүрөтүнө, видеосуна тыюу салган. Телевизордон көрсөтүүгө да болбойт эле. Кыймылдын өкүлдөрү үймө-үй кыдырып, телевизор менен видеокассеталарды жок кылган.
Талибдер ошондой эле миңдеген тарыхый артефакттарды жок кылган. Алардын көбү Будданын айкелдери эле. "Талибан" аларды Исламга жатпайт жана бутпарасттык деп санайт.
2001-жылы Будданын VI кылымга караштуу эки чоң айкелин жок кылуу үчүн зениттик артиллерия, танктарга каршы миналарды, динамит жана башка жардыруучу заттарды колдонуп, эл аралык коомдун үрөйүн учурган.
Талибдердин режими 2001-жылы АКШ аскерлеринин кириши менен бийликтен кулатылгандан кийин топ өз пропагандасы үчүн сүрөт, видеолорду кадыресе эле колдонуп жатты. Алардын ошондой эле веб-сайты жана социалдык тармактардагы баракчалары да болгон.
2021-жылы бийликке кайткан Талибан айрым телеканалдарга ишин улантууга мүмкүнчүлүк бергени менен көптөгөн чектөөлөрдү киргизген.
“Талибандын’ жогорку даражалуу өкүлдөрү социалдык түйүндөрдө баракчаларды жүргүзүп, чет элдик сапарларынан, жолугушуулардан сүрөт-видео жарыялашат.
Бахирдин айтымында, талибдердин тирүү жандыктардын сүрөт-видеосуна тыюу салышы "кыйла кыйын болот". Себеп дегенде талибдер өздөрү сүрөт менен телеканалдарды кеңири колдонот.
Сөз эркиндиги боюнча кооптонуулар
“Талибандын” тирүү жандыктардын сүрөт-видеолоруна тыюу салышы ооган медиа каражаттарынын мындан аркы иши жана сөз эркиндиги боюнча кооптонууларды жаратты.
Талибдер буга чейин ондогон журналисттерди кармап, камап, уруп-сабаган учурлар болгон. Кыймыл бир катар көз карандысыз маалымат каражаттарын күч менен жаап, эл аралык коомчулук тааныбаган өкмөттү сындаган макала-баяндарга тыюу салган.
Айрым провинцияларда Талибанга баш ийген маалымат каражаттары жаңы чектөөдөн улам тирүү жандыктардын сүрөт-видеолорун көрсөтүүнү токтотту. Айрым телеканалдар аудиотрансляцияга өтүштү.
Ыйманды жайылтуу жана жосунсуз жоруктарды алдын алуу министрлиги 14-октябрда жарыялагандай, чектөө акырындап киргизилет.
Юсуфзайдын пикиринде бул чектөө маалымат каражаттарына жана ооган калкынын маалыматты керектөөсүнө кедергисин тийгизет.
“Бул Ооганстанды чоң түрмөгө айлантат”, - деди ал.
“Биз Ооганстанда аялдарга караганда жан-жаныбарлардын укугу көбүрөөк деп ойлочубуз. Бирок “Талибан” жаныбарларды да аябайт”, - деди “Азади” радиосунун Кабулдагы кабарчысы Фариба.
Бозгундагы Ооган журналисттеринин федерациясынын өкүлү Хешмат Важданинин эсебинде бул кадам сөз эркиндигине олуттуу залака келтирет.
“Бул Ооганстанда маалымат каражаттарын жана сөз эркиндигин жок кылууга барабар”, - дейт ал.
Макаланын автору: Abubakar Siddique
Которгон: Элиза Кененбаева