Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Шайлоо: Грузия Европага ыктайбы же Орусиягабы?


Грузиянын туусун көтөргөндөр
Грузиянын туусун көтөргөндөр

26-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун алдын ала маалыматы боюнча бийликте турган «Грузин кыялы» 53% добушка ээ болду. Оппозициялык күчтөр: "Өзгөрүүлөр үчүн коалициясы" – 11.199%; "Биримдик - улуттук кыймылы" – 9.805%; "Күчтүү Грузия" – 9.04%; "Грузия үчүн" – 8.24% добуш топтоду.

Шайлоого жалпы 18 партия катышып, калгандары 5% босогодон өтпөй калды.

2012-жылдан бери өлкөнү башкарган "Грузин кыялы" партиясы дагы төрт жылдык мөөнөттү көздөп турат. Бийликтеги партия добуш берген жарандар тынчтыкты же согушту тандарын баса белгилеп, эгер оппозиция жеңип келсе, Грузияны "Орусияга каршы согушка сүйрөйт" деп, шайлоо өнөктүгү маалында элди коркутту.

Орусия Vs. Батыш

Оппозициялык күчтөр жарандар Батыш менен Орусиянын, ошондой эле демократия менен авторитаризмдин ортосунда тандоо жасарын белгилешет. Мындай пикирди АКШнын жана Европанын расмий адамдары да билдирди.

Шайлоо "чындыктын ирмеми болмокчу, анткени грузин эли кайсы жол менен кетүүнү тандайт: Европага ыктайбы же Европадан оолактайбы, - деди Евробиримдиктин тышкы саясий мекемесинин жетекчиси Жозеп Боррел. - Бул опурталдуу кырдаалда турган өлкөнүн келечеги".

Демократиядан чегинүү

Добуш берүү Грузиянын соңку маалдагы саясий айдыңында дүрбөлөң түшкөн маалда өттү. "Грузин кыялы" Батышка каршы кескин риториканы болушунча күчөтүп, чет элдиктердин таасирин жок кылуу максатында деген шылтоо менен талаштуу мыйзамдарды кабыл алуунун үстүндө.

Буга ЛГБТнын пропагандасын жайылтууга тыюу салуу, чет жактан каржыланган бейөкмөт уюмдар менен маалымат каражаттарын "чет элдик агент" деп катталууга мажбурлаган мыйзамдар кирет. Жазында "чет элдик агент" мыйзам долбоорун парламентке кайра киргизгенде массалык нааразылык чыкты.

Оппозицияга сыноо

Бул жолу добуш берүү жаңы шайлоо системасы менен өткөрүлүп, 5% босогону ашкан партиялар же коалициялар гана парламентке келет. Мындай талап бир катар майда партиялардын башын бириктирип, коалиция курууга мажбур кылды. Шайлоого төрт оппозициялык күч катышты:

  • "Биримдик - Грузияны сактоо" коалициясы, анын башында учурда абакта отурган экс-президент Михаил Саакашвилинин "Бириккен улуттук кыймылы" турат.
  • "Өзгөрүүлөр үчүн" коалициясы - негизинен "Бириккен улуттук кыймылга" байланышы бар мурунку санаалаштар.
  • "Күчтүү Грузия" - өздөрүн "Бириккен улуттук кыймылдан" жана "Грузин кыялынан" алыс кармагандардын тобу.
  • "Грузия үчүн" - 2019-2021- жылдары "Грузин кыялынан" премьер-министр болуп, кийин андан бөлүнүп кеткен Георгий Гахария жетектеген партия.

Төрт саясий күчтүн шайлоо программалары бири-биринен айырмаланганы менен негизинен бардыгынын тең максаты - "Грузин кыялын" парламенттен сүрүп чыгуу эле.

Оппозициялык күчтөр президент Саломе Зурабишвили сунуш кылган "Грузиянын хартиясы" деген документке кол коюшкан. Анда каралгандай эгер оппозиция жеңишке жетсе технократтык өкмөт түзүлүп, Батыш менен алака-катышты оңдоп, "Грузин кыялы" шайлоо алдында кабыл алган авторитардык мыйзамдар жокко чыгарылат.

Президент Саломе Зурабишвили
Президент Саломе Зурабишвили

2018-жылы шайланган Зурабишвилинин президенттик мөөнөтү быйыл соңуна чыгат. Көз карандысыз талапкер болуп шайлоого катышканда аны "Грузин кыялы" колдогон. Президенттик кызматты аркалаган маалда Зурабишвили бийликтеги партиядан оолак болду.

Башкаруучу партиядагы артыкчылык

Грузияда адатта бийликтеги партия электораттын калың колдоосуна ээ болот. Анткени алар мамлекеттик кызматкерлерди жана алардын жакындарынын добушун алат.

Батыштык байкоочулар буга чейинки шайлоодо кемчиликтер кеткенин белгилеп, бирок анын жыйынтыгын легитимдүү деп баалаган.

Бийликтеги "Грузин кыялынын" авторитардык жолго түшүп, айрыкча шайлоого көз салган чакан топторду "чет элдик агенттер" деп бутага алганы кооптонууну пайда кылууда. Бул жолку добуштарды бурмалоо буга чейинкиден көп болушу ажеп эмес.

"Грузин кыялынын" лидерлери алардын максаты парламентте конституциялык көпчүлүктү (150 мандаттын 113үн алуу) түзүүгө жетишүү экенин жарыялаган. Алар конституциялык көпчүлүккө жетишсе ЛГБТга каршы мыйзамдарды катаалдаштырып, 2008-жылы Орусия менен "согушка шыкак болгон" оппозициялык саясий партиялардын жана өлкөнү кайрадан жаңжалга түртүп жаткандардын жоопкерчилигин кароону убада кылган.

Ошол эле учурда шайлоого көптөр чоң үмүт байлап турушканын жана анын жыйынтыгы кандай болорун эч ким болжой албагандыктан ар кандай нааразылык акцияларынан чочулагандар да бар. Бул ирет Грузия биринчи жолу добуштарды электрондук эсептөө системасы менен санайт. Алдын ала жыйынтык добушканалар кечки сегизде жабылган соң бир-эки сааттын ичинде билине баштайт.

XS
SM
MD
LG