Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

Кытайдын Кыргызстандагы жаңы элчиси дайындалды


 Асеин Исаев (оңдо) жана Лю Цзянпин (солдо). Бишкек. 9-январь, 2025-жыл.
Асеин Исаев (оңдо) жана Лю Цзянпин (солдо). Бишкек. 9-январь, 2025-жыл.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев 9-январь күнү Кытайдын жаңы дайындалган элчиси Лю Цзянпиндин ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Асеин Исаев Кытайдын элчисин Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, жаңы жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады. Ошондой эле баары камтылган кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары бекемдөө жагынан биргелешкен жигердүү иш жүрөт деп ишенерин билдирди.

Элчи Лю Цзянпин колдоосу жана жылуу кабыл алганы үчүн Исаевге ыраазычылыгын билдирип, эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө, өлкө лидерлери ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга, кытай-кыргыз достугун жана ынак коңшулук мамилелерин бекемдөөгө бар күчүн жумшай турганын белгиледи.

"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде эки тараптуу иш-чараларды уюштуруу боюнча милдеттерди аныкташты жана жакынкы келечекке пландарды белгилешти", - деп билдирди мекеме.

Кытайдын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Ду Дэвэн 2024-жылы ноябрдын аягында дипломаттык миссиясын аяктаган. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG