Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:43

"Социал-демократтар" партиясынын мүчөлөрүнүн бөгөт чарасы каралып жатат


Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер. 15-ноябрь, 2024-жыл. Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту.
Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер. 15-ноябрь, 2024-жыл. Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда ушул тапта Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жана партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин бөгөт чарасы каралып жатат.

Жараян 9-январь күнү кечке жуук башталып, жабык өтүп жатканын, адвокаттардан тышкары эч ким киргизилбегенин партиянын дагы бир мүчөсү Кадыр Атамбаев "Азаттыкка" билдирди.

Сотто жүргөн кабарчыбыздын билдиргенине караганда, сот имаратында милиция кызматкерлери көп, теле операторлордун соттун 2-кабатына чыгуусуна уруксат берилген жок.

26 жаштагы Темирлан Султанбековду, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда эки айга камакка алган. Бишкек шаардык соту 2-декабрда аларды камакта калтырган.

Шектүүлөргө Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишине жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын быйыл 17-ноябрда өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.

Партия өкүлдөрү коюлган айыпты четке кагып, муну саясий куугунтук деп баалап келет.

Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан партия лидери Султанбековдун ден соолугу начарлап жатканын адвокаты жана атасы айтып чыкты. Султанбеков алы кетип, көрүүсү начарлай баштаганы жана сол буту ооруп жатканы кабарланган.

Жаза аткаруу кызматы Султанбековдун абалы канааттандырарлык экенин, ал медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө турганын билдирүүдө.

Султанбековдун ачкачылык кармап жатканына 9-январда 57 күн болду. Ал суу жана шире (сок) гана ичип жатканы айтылууда. Буга чейин жакындары жана Социал-демократтар партиясы аны ачкачылыкты токтотууга чакырган. (MKt/ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG