Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:43

Онлайн окуунун артыкчылыктары жана кемчиликтери


 Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда аралыктан окутууга балдардын болжол менен 83 пайызы тартылган. Улуттук статистика комитетинин сурамжылоосуна ылайык балдардын 78 пайызынын ата-энеси онлайн окууга канааттанбай турганын билдиришкен.

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” берүүсүндө бул ирет пандемиянын билим берүүгө тийгизген таасири тууралуу кеп кылдык. Ага Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева, “Жалпы кызыкчылыктарды издөө" эл аралык уюмунун Борбор Азиядагы жетекчиси, билим берүү жаатындагы серепчи Кеңешбек Сайназаров, Баткендеги “Санарип мугалим” долбоорунун негиздөөчүсү, мугалим Асылбек Мадалиев катышты.

Былтыр Кыргызстан дагы көпчүлүк өлкөлөр сыяктуу билим берүүнү онлайн окутууга өткөргөн. Пандемия жарыяланганына бир жыл болуп калса да кээ бир мектептер дале ачыла элек.

- Гүлшан айым, дүйнөдөгү билим берүү системалары менен бирдей эле Кыргызстандын билим берүү системасы да бир катар кыйынчылыктар менен беттешти. Сиз үчүн эң кыйын жагдайлар кайсылар болду?

Абдылдаева: - Интернеттин, үй-бүлөлөрдө телевизордун жетишсиздиги кыйынчылык туудурган жагдай болду. Муну менен бирге мугалимдердин компьютер, интернет менен иштөөсүндө бир катар көйгөйлөр келип чыкты. Дагы бир эң оор өксүк - үй-бүлөдөгү зомбулук экени байкалды. Ата-энелер балдары менен иштей албасын көрө алдык. Мындан улам тарбия жаатында концепциялар иштелип жатат. Адеп-ахлакка үйрөтүү боюнча президенттин жарлыгы да чыкты.

Окуулар офлайнга өткөндө дагы бир маселе чыкты. Айрыкча элет жеринде кээ бир балдар мектепке барышкан эмес. Алар Бишкекте, Орусияда жүргөнү аныкталган. Буга байланыштуу ата-энелер окуулар онлайн эле өтө берсин деп суранып жатат. Ар кандай шылтоолор менен балдар мектепке барбай жатат. Биз балдарга милдеттүү түрдө мектепке келүүгө чакырабыз.
Муну менен катар онлайн билим берүүнүн жакшы жактарын да белгилеп кетейин. Мугалимдер көп нерсеге үйрөнүп алды. Биз мурда атайын аймактарга иш сапарларга чыксак, азыр ар бир мугалим менен кабинетте отуруп алып эле үйрөтүп, багыттай алабыз. Азыр Кыргызстан боюнча мамлекеттик 2152 мектептин 2019у толугу менен ачылды. Учурда Бишкек шаарындагы мектептерде окуу жарым-жартылай жүрүп жатат.

- Кеңешбек мырза, адистер онлайн окуудан башка альтернатива жок, бул учурдун зарылчылыгы деп азыркыга чейин айтып келишет. Бирок Кыргызстандын билим берүүсү бул аралыкта кандай жоготууларга туш болду? Өксүктөрдүн ордун кантип толтурабыз?

Сайназаров: - Мен үч нерсени айткым келет. Биринчиси - биз жылдар бою талкуулап санарипке өтүү керек деп жаткан санариптишүүдө чоң секирик жасадык. Эми ушул нерсени жоготуп албашыбыз керек. Пандемияны мүмкүнчүлүк катары пайдаланып алдык дегенди айткым келет. Экинчиден, бизде колдонуп жаткан окуу китептердин диверцификацияланышы болду. Себеби, бизде көп жылдан бери “бир гана автордун китеби окутулушу керек” деп айтылып келген сын бар эле.

Пандемияда бул нерсе жокко чыгып, Чоң-Алай, Тогуз-Тородо отуруп алып Санкт-Петербургда даярдалган лекцияларды, окуу куралдарды пайдаланганга мүмкүнчүлүк болду. Үчүнчү жакшы жагы - мугалимдер ар кандай методикаларды колдонушту.

Ошол эле маалда биз пандемияда оор жоготууга да туш болдук. Эки жүздөн ашуун агартуу айдыңындагы багбандарды жоготуп алдык. Бул өтө чоң жоготуу. Бул мугалимдер азыр жашап турганда канчалаган окуучуларды билимге сугарат эле.

Дагы бир нерсе - биз да расмий эмес изилдөө жүргүзө алдык. Биздин баамыбызда балдардын үчтөн бир бөлүгү билим алууга такыр эле аралаша албай калды. Ал балдар кайсылар: талуу үй-бүлөнүн балдары, интернети жок балдар, окуу куралдарын өз алдынча колдоно албагандар, майыптыгы бар балдар.

Дагы бир алешемдик - Кыргызстанда жер-жерлердеги жагдайлар такыр эске алынган жок. Мисалы, бардык мектептерге бирдей эле талаптар, буйруктар колдонулуп жатты. Мен элетти кыдырып чыкканымда айрым айылдардагы мектептердин имараты чоң, окуган балдарын саны аз. Эмне үчүн андай мектептерде санитардык эрежелерди сактоо менен офлайн форматта сабак өтө бербедик? Мына ушундай индивидуалдык чечимдер жетишсиз болуп жатты. Токтоосуздан теңдештирүүчү сабактарды киргизиш керек.

- Асылбек мырза, мына сиз “Санарип мугалим” долбоорун негиздегенсиз. Пандемияда элеттеги мугалимдер жогорудагы кыйынчылыктан кандай чыгып жатышты? Бир жыл ичинде ар кандай алешемдиктерден улам программадан артта калган окуучуларга кантип биз билимди толуктай алабыз?

Мадалиев: - Биз пандемияга чейин эле “санарип мугалим” долбоорун уюштурган элек. Мектептер онлайн окууга өткөндө биздин окуулардан өткөн мугалимдерге кыйла жеңил болду. Алар кыйналбай окууну алдыга тарта алышты. Пандемиянын билим берүүгө таасирин аныкташ үчүн, ага чейин эле биздеги билим берүүнүн абалына саресеп салышыбыз керек. Баарыбызга белгилүү - эпидемияга чейин эле билим берүү жагдайы анча сонун эмес болчу. Аймактагы мугалимдер бир топ эле кыйынчылык тартышты. Себеби аралыктан билим берүүнүн негизин түзгөн программаларды алар буга чейин такыр колдонуп көрүшкөн эмес.

Онлайн окуунун өксүгүн толтуруу үчүн биз балдарга талапты күчөтүшүбүз керек. Аларды өз алдынча билимин тереңдетүүгө багытташыбыз керек. Ошол эле учурда жогорку окуу жайларга окуучуларды кабыл алууда катуураак турушбуз керек. Бул балдарды өз алдынча билим алууга түртөт. Окуучуларды мындан кийин деле өз алдынча билим алууга үйрөтүшүбүз керек. Аларды адатка айландырышыбыз зарыл. Бул келечекте балдардын мектепке гана байланып калбай, үйдөн эле, өз алдынча эле билимин жогорулатуу көндүмүн пайда кылат.

"Арай көз чарай" талкуусун толугу менен бул жерден көрө аласыз.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитети коронавирус илдетинин калкка тийгизген таасирин изилдөө үчүн “COVID-19дун үй кожолуктарына тийгизген таасири” деген аталыштагы көз карандысыз сурамжылоо жүргүзгөн.

Анын натыйжасында, жалпысынан өлкөдө 76 пайызга жакын үй кожолугу COVID-19дан жабыркаганы аныкталган. Эпидемиянын кесепетинен үй-бүлөлөр туш болгон кыйынчылыктардын сап башында кирешенин төмөндөшү турат. Бул көйгөйдү адамдардын 51 пайызы көрсөткөн. Экинчи орунда, 32% үлүш менен ата-энелер же балдардын камкорчуларынын онлайн окуу процессине нааразычылыгы турат.

Эгер изилдөөнүн дал ушул билим берүүгө байланыштуу бөлүмүн карасак, үй кожолуктарынын 86 пайыздан ашыгында 17 жашка толо элек балдар бар. Дээрлик ар бир экинчи үй-бүлөдө 5 жашка чыга элек бери дегенде бир бала бар. Аралыктан окутууга 7-17 жаштагы балдардын болжол менен 83 пайызы тартылган. Ата-энеси онлайн режиминде окуу процессине канааттанбаган балдардын үлүшү 78% түздү.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG