Баткенде Тажикстан менен чектеш аймактарда суусуз, адыр жерлерди өздөштүрүүдө тамчылатып суугаруу ыкмасы жайылтыла баштады. Баткен районунун Көк-Таш айылында көп жылдардан бери какырап турган таштуу дөңсөөгө бак тигип жатышат.
Зыяндуу микробдорду күм-жам кылчу технология. Калкыма калаа - келечектин шаары. Дүйнө калкынын маанайы чөгүп баратат. Алтын Ордо дооруна таандык астынан жылытылчу кыш керебет табылды.
Кызгалдак талаасы Ош-Араван жолунун жээгинде жайгашкан. Гүлдөрдүн ачылганына эки жумага чамалады.
Сүрөтчү Күлнар Рымбек бир нече айдан бери чыт кездемеден тигилген өзгөчө баштыктарын Бишкектеги ири соода борборлоруна сунуштап жүрөт. Ал чыттан тигилген баштык чыдамдуу келип, экологияга желимдей зыян келтирбейт деген пикирде.
Адамзаттын табиятка тийгизген таасиринен улам жакынкы он жылда бир миллиондой жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрү жоголуп кетиши мүмкүн.
Президент акыр-аягы бул боюнча үн катып, «Кыргызстанда уран казылбайт!» деп билдирди.
90 миллион жыл мурдагы суу чаян табылды. Уйку стрессти дарылап, жаман нерселерди унуткарат. Титан планетасындагы кайыптан жаралчу көлдөр. Европа куртбалыгы уругун 5000 чакырымга чачканы тастыкталды.
Кыргызстанда соңку мезгилде элет жериндегилер жер иштетүүдөн киреше таппай калып, малдын башын көбөйтүүдө. Ал арада төрт түлүктүн туягы эзип койгон жайыттар жараксыз акыбалга келип, сейрек кездешчү өсүмдүктөрдүн жоголуусуна жол ачып жатканын экологдор эскертишет.
Жогорку Кеңеш 2-майдагы жыйынында Кыргызстандын аймагында уран кендерин чалгындоого жана казууга тыюу салуу тууралуу токтом кабыл алды.
Каракол шаарынын тургундары 2-майда “Ысык-Көл уранга каршы!” аттуу митинг өткөрүшүп, уран кендерин иштетүүнү токтотуу талабы жазылган резолюция кабыл алышты.
Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Балыкчыда эл менен жолугушууда айтты.
Кыргызстанда уран калдыктарын сактоочу жайлар мындан 45-50 жыл мурун жабылган. Зыяндуу заттар көмүлгөн жерлер көптөн бери кароосуз калып, четиндеги тосмолору урап, бузулган жайлар бар.
Дагы жүктөңүз