менен келип эс алып, сүрөткө түшүп кайтышат. Кызгалдак бир айга жакын гүлдөйт. Гүлгө бөлөнгөн талаанын аянты 20-30 гектарга жакын.
Сүрөттөрдүн автору Дастан Үмөтбай уулу.
Кызгалдак талаасы Ош-Араван жолунун жээгинде жайгашкан. Гүлдөрдүн ачылганына эки жумага чамалады.
Жашайм бүгүн кооз шаар койнунда,
Мен өзүмдү шаарлыкмын деп атап.
А чынында өзүм шаарлык болдум да,
Бала чагым тоодо жашап келатат.
Таң алдында чыгып алып балконго,
Карап турсам тоолор күмүш, жалтырак
Мээрим төгүп мен кусалуу болгондо,
Бала чагым өткөн жактан күн чыгат. (Турсуналы Бостонкулов)
Жаз азды көп кылат,
Жер жарып көк чыгат.
Кыпкызыл кызгалдак -
Кырларда өрт сымак.
Сан гүлдөр бой керип,
Күн нурун бай берип.
Себелеп суу чачат
Сур булут апкелип.
Селкилер гүл кармап,
Жигиттер кыз жандайт.
Жайнаган пейлиңе,
Жаз айы, ыракмат! (Нурланбек Кайрыев)
Үркөрдөй гүлүң жыбырап.
Үзалбай жүрөк тыбырап.
Үзбөчү мени дегенсип,
Үлбүрөп турду шыбырап.
Көрсөм да сени кечигип,
Көңүлгө алдым көчүрүп,
Өзүңдү көрбөй өткөргөн,
Өмүрдү койдум өчүрүп. (Темирбек Алымбеков)
Караанына канча кылым көмүлгөн,
Калдайышып калың ойго чөмүлгөн.
Ушул тоолор кыргыз менен тең келип,
Улуулукту мурас кылган теңирден.
Ушул тоолор унчукпаган мелтиреп,
Узун жолду көз алдыма келтирет.
Ушул тоолор дастандарда айтылып,
Ушул тоолор комуз болуп чертилет. (Шабдан Сулайманов)
Сырым сезген сырдашымдай жел мени
Сыдырымга сылап жүзүм термеди.
Сагынычка толуп турган убакта
Кандай ырахат! Көктөм жаздын келгени.
Келдин мына! Көңүл сырын эзгендей
Күттүм сени! Жолугушчу кез келбей
Жамгырыңды жөлөк кылдым жаныма
Жабыкканым жалгыз өзүң сезгендей. (Калича Жакыпова)
Магдырайт бүтүн айлана,
Көшүйбүз көңүл жайлана.
Эсенгиреп узакка,
Элеске турдум байлана.
Узакка карап турдум мен,
Чамынып аккан дайрага.
Ушундай чиркин дүйнөгө,
Жаралып келсек кайрада. (Рамис Рыскулов)