Мындай жыйынтыкка Бириккен Улуттар Уюмунун алдында түзүлгөн өкмөттөр аралык эксперттердин тобу үч жылга созулган иликтөөдөн кийин келди. Жоголуп кетүү коркунучунда бака-жыландын 45 пайызы, курт-кумурскалардын 10%, сүт эмүүчү жандыктардын үчтөн бир бөлүгү, коралл рифтеринин 33% турат.
"Баяндамадагы көңүл бура турган эң маанилүү маселе - бул жерде кеп жан-жаныбарлар, өсүмдүктөр, курт-кумурскалар, балыктар тууралуу жүрүп жаткан жок. Бул жерде биздин келечегибиз тууралуу сөз болуп жатат. Табият бизге караганда, биз табиятка көбүрөөк муктажбыз. Чындык ушундай" - деди "Рейтер" агенттигинин климат боюнча кабарчысы Мэтью Грин.
Баяндамада био ар түрдүүлүккө таасир тийгизчү негизги факторлор катары жер менен деңиздердин ашыкча колдонулушу, климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрөнүн булганышы аталган.
Ошондой эле документке ылайык, адамдын кийлигишүүсүнөн улам кургак жердин 75 пайызы жана океандын 66 пайызы өзгөрүүгө дуушар болгон.
Мындан улам иликтөөнүн авторлору мамлекет башчыларды саясий деңгээлде чукул чараларды кабыл алууга чакырышты. 1800 барактан турган баяндамада глобалдуу экономикалык жана каржылык системаларды кайра карап чыгуу аркылуу гана адамзаттын келечеги үчүн маанилүү экосистеманы куткарып калууга болору белгиленген.
"Рейтер" агенттигинин климат боюнча кабарчысы Мэтью Грин документтин авторлору мамлекет бийликтерин айрым экономикалык кызыкчылыктарга каршы турууну чакырышканын айтууда.
"Узак убакыттан бери биз окумуштуулардын эскертүүлөрүн угуп келе жаттык. Бирок бул жолу башкача. Бул чыныгы өзгөрүүлөрдү талап кылган саясий импульс. Биз азыр мектеп окуучуларынын көчөлөргө акцияларга чыгып жатканына күбө болуп жатабыз, 1,5 миллион бала демонстрацияга чыкты. Баяндаманын авторлору мындай өзгөрүүлөргө жетүү үчүн кээ бир кызыкчылыктарга каршы туруу керектигин так эскертип жатышат".
Эксперттер бир гана мамлекеттердин бийликтери эмес, ар бир адам өз алдынча бул катастрофанын алдын алууга салым кошо аларын белгилешет. Алардын пикирине караганда, этти аз жеп, көбүрөөк жашылча-жемиштерге басым жасоо да бир эле адамдын саламаттыгына эмес, жандыктардын санынын кыскарышын да алдын алууга жардам берет.
Баяндаманын үстүнөн үч жылдай 50 өлкөдөн 450 эксперт иштеген. Окумуштуулар өз жыйынтыктарын 15 миңдей илимий макалаларга таянып чыгарышкан.