16-сентябрда Сеулда Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери Түштүк Кореянын лидери Ли Чжэ Мён менен кызматташтыктын жаңы багыттарын аныктаган «Сеул декларациясын» кабыл алышты.
Ысык-Көлгө калкыма үй, эллинг, балык чарбаларын курууну сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. Экологдор бул долбоор кабыл алына турган болсо, оор кесепеттерге алып келерин айтышууда.
Бишкек сотунда Камчыбек Ташиев баштаган сегиз айыпталуучу суралып бүттү. Өзбекстанды дээрлик 30 жыл башкарып, темирдей каардуу бийлик орноткон Ислам Каримов дүйнөдөн өткөнүнө 10 жыл болду. Казакстанга чет элдиктер ноябрдан тарта алдын-ала катталып туруп гана кире баштайт.
Орусияга учуу кооптуу болуп калдыбы? Бишкектен Москва жана Новосибирск шаарына каттаган учактар да кармалып жатканы белгилүу болду. Шаардык сот “75чилердин ишин” карап жатат.
Непалдын Тибет менен чектеш аймагындагы суу ташкындан каза тапкандар улам көбөйүп жатат. Акыркы маалыматтар боюнча 270 адамдын сөөгү табылды, 900дөн ашуун кишинин дареги билинбей жатат.
Оштун мэри Жанарбек Акаев Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгаруу сунушуна коомчулук ачуу сын жаадыргандан кийин түшүндүрмө берди. Ал тоонун айланасын көрктөндүрүп, тротуар жана веложол куруу гана максаты болгонун билдирди.
Дунай дарыясында суунун деңгээли төмөндөп, Сербияда нацисттик аскердик кемелер, ал эми Венгрияда Экинчи дүйнөлүк согуштан калган мотоцикл табылды. Быйыл жайында Европада күн аябай ысып, кургакчылык көп аймактарды каптады.
Садыр Жапаров азыркы мөөнөтү бүткөндөн кийин атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди “президент кылуу” планы болгонун, бирок кийин ал ойдон кайтканын билдирди. Тажикстандын чек ара аймагына жакын Дарвоз районунда оогандык согушкерлердин огунан 21 жаштагы келин каза тапты.
Гамал Сооронкулов тоолорду коргоп жүргөн экоактивист. Анын ыктыярдуу жумушу жаныбарларды коргоого, жайыттарды сактоого багытталган. Келечек муундар үчүн деген анын мындай аракети коомдо дайыма эле колдоого алына бербейт. Ошого карабай табиятты аеосуз талкалагандарга каршы күрөшүп жүрөт.
Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү бийик чокуларга чыккан альпинисттерден акы алууну көздөп жатат. Бул боюнча токтомдун долбоорунда аларды камсыздандырууга милдеттендирүү жана бир катар талаптар көрсөтүлгөн.
Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектисинин Ахунбаев көчөсүнөн Горькийге чейинки бөлүгүн кеңейтүү үчүн тилкелер казылып, долбоорго ылайык, проспект эки багытка үч тилкелүү болот. Бирок шаардыктар жолду кеңейтүүнүн айлана-чөйрөгө, өзгөчө жол боюндагы бак-даракка тийгизген таасирине кабатыр болууда.
Чатыр-Көл - деңиз деңгээлинен үч жарым миң метр бийикте жайгашкан дүйнөдөгү эң бийик көлдөрдүн бири. Торугарт менен Ат-Башы тоолору курчаган көлдөгү жашоо жайында жанданып, кышында музга оронуп турат. Соңку жылдары суу тартылып, жээги алыстап кеткен.
Дагы жүктөңүз