Өкмөт экологиялык экспертиза бүтмөйүнчө Кызыл-Омпол кенин иштетүүнү убактылуу токтотту.
Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кениндеги чалгындоо иштерине байланыштуу өкмөттүк комиссия түзүлдү. Анын мүчөлөрү 20-апрель күнү жерине барып таанышуу иштерин жүргүзүп жатканда кенди иштетүүгө каршы жергиликтүү тургундар менен кайым айтышуу болду.
Тоң районунун Кызыл-Омпол уран кениндеги чалгындоо иштери боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү.
Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын суу жетпеген көчөлөрү ушул убакка чейин акча төлөп, автоунаа жалдап, суу ташып ичип жатышат. Ортодон таза суу чыгарабыз деп түтүк тартып барышкан, бирок анысы иштебей калган. Ушул күнгө чейин суу жетпеген көчөлөр, таза суу чыгып калса деген үмүт менен отурушат. Ал
15-апрелде Лондондо демонстранттар калаанын башкы көчөлөрүнүн айрымдарын тороп, бийликти климаттын өзгөрүшүнө каршы кескин чара көрүүгө чакырышты.
Бишкекте жоогазындар гүлдөдү.
Жолдорду бекем кылуу үчүн бетонго бактерия кошулат. Толукталып турма энергия булактарын мааниси өсүүдө.
Кыргызстанда табигый тамак-аш жана жуунуучу каражаттарды таркаткан «EcoLife» кыймылынын негиздөөчүсү Сейнел Каимова «Сергек жашоо» түрмөгүнө маек куруп, туура шампунь, самын заттарын тандоонун сырлары менен бөлүштү.
Кыргызстандагы түрдүү дин өкүлдөрү Бишкектеги Тоголок Молдо эс алуу паркына 100 даана көчөт тигишти.
Британиянын Кыргызстандагы элчилиги пластиктен жасалган буюмдарды колдонуудан 21 күнгө баш тартарын жарыялап, башкаларды да бул экологиялык демилгени колдоого чакырды.
СССР доорунда Казакстандын кең талаасында жайгашкан Семипалатинск полигонунда жүргүзүлгөн жүздөгөн өзөктүк сыноолордун адамдын ден соолугуна тийгизген кесепети оор болгон.
27-мартта Бишкектеги ботаникалык бакты ушул калыбында сактап калууга кызыкдар шаардыктар жана активисттер шаар мэриясынын чечимине каршылык билдирип чыгышты.
Дагы жүктөңүз