Быйыл апрель айында Кыргызстанда «чет өлкөлүк өкүлдөр жөнүндө» мыйзам күчүнө кирди. Бул документке ылайык, чет элдик донорлордон каржылоо алып, «саясий ишмердүүлүк» менен алектенген жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдар «чет өлкөлүк өкүлдүн» функциясын аткарган уюмдар деп таанылат. Бул уюмдар өзгөчө реестрге катталышы керек. Реестрге кирген ӨЭУлар күтүүсүз текшерүүлөргө дуушар болушу мүмкүн. Башында документте ӨЭУларга карата кылмыш жоопкерчилиги каралган, бирок бул беренеси кийинчерээк алынып салынган.
Мыйзам кабыл алынганга чейин көптөгөн өкмөттүк эмес уюмдар, чет элдик укук коргоо уюмдары, БУУ, Европа Биримдиги жана АКШ бир нече жолу документтеги чектөөчү чараларга тынчсызданууларын билдиришкен. Бирок Кыргызстандын бийлиги өз кезегинде бул кадам өкмөттүк эмес уюмдардын ишин иретке келтирип, алардын кирешелери менен чыгашаларынын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында кабыл алынганын айткан.
Мыйзам кабыл алынгандан көп өтпөй, быйыл апрель айында Кыргызстандагы «Сорос-Кыргызстан» фонду өз ишин токтоткон. Уюмдун билдирүүсүндө, көп жылдар бою Кыргызстанда медицина, билим берүү жана адам укуктары жаатында долбоорлорду ишке ашырып келген фонддун жабылышы «чет өлкөлүк өкүлдөр жөнүндө» мыйзам менен байланыштуу экени, бул мыйзам жергиликтүү уюмдардын ишмердүүлүгүнө ашыкча жана керексиз чектөөлөрдү киргизгендиги айтылган.
Бирок президенттик администрация фонддун билдирүүсүнө таң калганын айтып, уюмдун жабылышын бул мыйзам менен байланыштыруунун кереги жок экенин белгиледи. Анткени фонддун көп өлкөлөрдө өкүлчүлүктөрүн жабары мурда эле белгилүү болгон.
Жабуу же каржылоодон баш тартуу?
Канча өкмөттүк эмес уюм жабылганы же жоюлуу процессинде экени белгисиз, бирок мындай уюмдар бар экенин укук коргоочу Динара Ошурахунова белгиледи. Анын өзүнүн «Жарандык демилгелер» коомдук фонду учурда жоюлуу процедурасынан өтүүдө.
"Биз уюмду жабуу чечимин кабыл алдык. Жабуу иши ачкандан кыйыныраак экен, анткени абдан көп ар түрдүү процедуралар жана талаптар бар экен. Биз жарым жылдан бери уюмду жабууга аракет кылып жатабыз, бирок дагы деле процесс уланып жатат. Башка да жабылууну чечкен уюмдар бар. Бул айрымдар айткандай, биз коркуп кеткендиктен эмес. Мунун баары бул мыйзамды аткаргыбыз келбегендиктен болуп жатат. Мыйзамга ылайык, саясий ишмердүүлүк катары жарандык активдүүлүктүн каалаган түрүн – билдирүү жасоо, ар кандай иш-чараларды өткөрүү – дээрлик баарын караштырса болот. Бул жагынан караганда жарандык активдүүлүктү жүргүзүү мүмкүн эмес. Ар бир жолу саясий ишмердүүлүккө айыпталып, ар бир жолу актанууга туура келет. Бул толугу менен маанисиз. Биздин уюм парламент менен иштешчү, шайлоо маселелери менен алектенчү, мунун баарын саясий ишмердүүлүк катары кароого болот. Мындан тышкары, каржылоо маселеси да бар, биз буга чейин эле жергиликтүү эл аралык уюмдардан каржылоо албай калганбыз. Биздин өнөктөшүбүз ар дайым «Сорос-Кыргызстан» фонду болгон, ал дагы жабылды. Учурда каржылоо булактарын табуу өтө кыйын. Кыргызстан азыр эл аралык коомчулуктун көңүл буруусун жоготуп жатат».
Өкмөттүк эмес уюмдарынын өкүлдөрүнүн айтымында, мыйзам кабыл алынгандан кийин бардык уюмдар ишин мыйзамды бузбай улантуунун жолдорун издеп жатышат – кээ бирлери коомдук фондду жоопкерчилиги чектелген коомго (ЖЧК) кайра каттатышууда, кээ бирлери саясий ишмердүүлүк катары бааланган долбоорлорду токтотушууда, ал эми башкалары уюмдарын толугу менен жаап жатышат.
«Прецедент» өнөктөштүк тобунун негиздөөчүсү, юрист Нурбек Токтакунов чет элдик каржылоодон баш тартууну туура көрдү:
«Биз саясий укуктар менен эркиндиктерди өнүктүрүү жана коргоо боюнча ишибизди уланта беребиз, бирок чет элдик каржылоодон баш тарттык. Демократия, укуктар жана эркиндиктер туруктуу жана өнүгүү жолунда болгондо гана күчтүү болот, бул ресурстар ички булактардан, финансыдан гана эмес, эң негизгиси, адам ресурстарынан болушу керек. «Прецеденттен» бир топ жаштар бөлүнүп чыгып, башка жолду тандашты – алар чет элдик каржылык булактарды сактап калууну чечип, башка ӨЭУ түзүштү. Алар чет элдик өкүл катары катталабы же саясатка аралашпай эле коомдук ишмердүүлүк менен алектенеби, мен билбейм, бирок менин оюмча, бул мүмкүн эмес. Коомдук ишмердүүлүк саясий эркиндиктерди, сөз эркиндигин, маалымат агымынын эркиндигин, бийликтин ачык-айкындуулугун жана жоопкерчилигин алдыга жылдыруу дегенди билдирет, бул кайсы бир деңгээлде саясат».
Чет өлкөлүк өкүлдөр азырынча көп эмес
Кыргызстандын Юстиция министрлиги май айында өкмөттүк эмес уюмдардын (ӨЭУ) «чет өлкөлүк өкүл» катары каттоосу жана алардын ишмердүүлүгүн текшерүү тартиби жөнүндө жобону бекиткен. Анда аталган уюмдар эки ай аралыгында катталуу боюнча арыз тапшырышы керектиги белгиленген.
Юстиция министрлигинен учурда канча өкмөттүк эмес уюм арыз тапшырып, «чет өлкөлүк өкүл» катары катталганын так билдирген жок. Министрлик учурда талдоо жүрүп жатканын, маалымат кийинчерээк берилерин маалымдаган. Бирок, август айынын башында юстиция министри Аяз Баетов басма сөз жыйынында арыздарды кабыл алуу 1-августта аяктаганын билдирген.
«Мыйзам кабыл алынды. Анда каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган жобону бекитиши керек деп так айтылган. Жобо бекитилди, ал 1-июндан 1-августка чейин эки айлык мөөнөттө ишке ашты. Кээ бир уюмдар, анча көп эмес, 1-августка чейин арыз тапшырышты. Учурда маалымат иштелип жатат, андан соң бул реестр коомчулукка жарыяланат. Биз реестрге өз алдынча кошпойбуз, уюмдар өздөрү арыз тапшыруусу керек», - деген министр.
Ошол эле учурда, арыздарды кабыл алуу мөөнөтү узартылар-узартылбасы же ӨЭУлар өз эрки менен реестрге катталбаса, Юстиция министрлиги кандай чараларды көрөрү такталган эмес.
Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын бирдиктүү маалымат базасында учурда 11 миң 819 коомдук бирикме жана 8 миң 749 коомдук фонд катталган. Алардын бардыгы эле укук коргоо ишмердүүлүгү менен алектенбейт. Салык кызматынын маалыматы боюнча, алардын базасында катталган жана салык төлөгөн өкмөттүк эмес уюмдардын саны – 5 миң 833. Өткөн жылы алар жалпы 413,8 миллион сом салык төлөшкөн, быйылкы жылдын биринчи кварталында – 97,6 миллион сом төлөнгөн.
«Бизде 13 миң ӨЭУ бар деген миф бар. Балким, бул катталган ӨЭУлардын саны болушу мүмкүн, бирок булардын баары эле активдүү дегенди билдирбейт. Алардын баары бир учурда ачылган, анткени бизде уюм ачуу өтө оңой, бирок көпчүлүгү ишмердүүлүк жүргүзбөйт, анткени жабылуу татаал. Ошондуктан алар дагы эле тизмеде жана статистикада турат. Ар кандай профсоюздарды жана союздарды эсептебегенде, бизде активдүү жана көз карандысыз 500-600 ӨЭУ бар деп ойлойм», - деп эсептейт Динара Ошурахунова.
Алардын канчасы «чет өлкөлүк өкүлдөр» катары таанылышы мүмкүн экени белгисиз.
2012-жылы Орусияда «чет элдик агенттер» тууралуу мыйзам кабыл алынган, бул мыйзам Кыргызстанда «чет өлкөлүк өкүлдөр» мыйзамын кабыл алууга үлгү болгон деп бир нече жолу кыргызстандык укук коргоочулар белгилешкен. Быйыл март айына карата Орусияда «чет элдик агенттер» катары 579 жеке жана юридикалык тараптар, ошондой эле маалымат каражаттары жана өкмөттүк эмес уюмдар таанылган. Алардын көпчүлүгү жеке тараптар болгон. Бул тизмеге саясатчылар, артисттер, жазуучулар жана башка белгилүү инсандар да киргизилген. Айрым «чет элдик агенттерге» карата кылмыш иштер козголгон.
Юрист Таттыбүбү Эргешбаева Кыргызстандын да бардык уюмдарды «чет өлкөлүк өкүл» деп таанып, аларга чара көрүшү мүмкүн деп эсептейт:
«Юстиция министрлиги «саясий ишмердүүлүктү» кантип өлчөйт? Ал ӨЭУну «чет өлкөлүк өкүл» деп тааныйбы же жокпу, кантип түшүнөт? Муну түшүнүү кыйын. Азыртан эле уюмдар гранттык келишимдери саясий ишмердүүлүк катары бааланышы мүмкүн экенин түшүнүп жатышат, донорлор да бул жагдайды түшүнүп жатышат. Натыйжада, каржылоо азайып жатат. Алар бийлик «чет өлкөлүк өкүл» деген термин менен чектелбей, мындан да алыска барып, Орусиядагыдай чараларды көрүшү мүмкүн экенин түшүнүшөт. Орусиядагы тенденция кандай? Ал жерде чет элдик агенттер мамлекеттик органдар менен иштешүүгө, тренингдерди өткөрүүгө жана мыйзамдарды түшүндүрүүгө укуктуу эмес».
Президенттен мыйзамды өзгөртүүнү суранып жатышат
Бирок укук коргоочулардын баары эле бул мыйзамга макул эмес. Айрымдары мыйзамды жокко чыгаруу же өзгөртүү үмүтүн жогото элек.
3-сентябрда Эл аралык укук коргоо уюму FIDH (Адам укуктары үчүн федерация) сайтына «Бир Дүйнө – Кыргызстан» жана «Теңчилик үчүн коалиция» уюмдарынын президент Садыр Жапаровго кайрылуусу жарыяланган. Алар президенттен адам укуктары жаатындагы милдеттенмелерди сактоону жана «чет өлкөлүк өкүлдөр» мыйзамын кайра карап чыгууну суранышкан.
«Бир Дүйнө – Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова мыйзамды жокко чыгаруу үчүн бийликке басым жасоонун башка ыкмаларын да издеп жатканын айтты.
Мисалы, «Бир Дүйнө – Кыргызстан» уюму Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна кайрылып, «чет өлкөлүк өкүлдөр жөнүндө» мыйзамды Конституцияга каршы келет деп таанууну сураган. Бирок, Исмаилованын айтымында, сот арызды кароого албай койгон. Уюм мындан соң, апелляцияны кабыл албай койгон соттун чечимине дагы бир даттануу берген, азырынча бул боюнча чечим кабыл алына элек.
Мындан тышкары, Исмаилованын айтымында, учурда эл аралык каржылык институттар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
«Кыргызстан БУУнун жана БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү катары адам укуктары менен эркиндиктерин жогорку стандартта сактоого тийиш. Бул тууралуу БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш да биздин өлкөгө болгон сапарында белгилеп кеткен. Жарандык коом – бул элдин үнү, алар тынчтык жолу менен өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган чиновниктерге сын айта алышат. Бул эң активдүү жарандардын үнү, алар кедейлик, адилетсиздик жана зомбулукка каршы күрөшүүдө, бул кыймылдар Бишкек менен эле чектелбестен, алыскы айылдардан башталат.
Мыйзам кабыл алынгандан кийин биздин активисттерге катуу басым болду, көпчүлүгү жашырын иштөөгө өтүштү, кээ бирлери, айрыкча активдүү жаштар өлкөдөн чыгып кетишти. Алардын көбү Польшага, Чехияга жана башка өлкөлөргө көчүп кетүүдө. Эмне үчүн? Анткени ал жакта активдүү жарандар талап кылынат, жана алар өз ишин ошол жакта улантууда. Бизде жарандык коомго каршы болуп көрбөгөндөй репрессиялар болуп жатат. Эл коркуп калды жана өздөрүн өздөрү цензуралап жатышат.
Өлкөнүн жогорку жетекчилиги мындай репрессивдик мыйзамдарды сокурдук менен көчүрүп алганда, бул Кыргызстандын жалпы өнүгүшүнө таасир этет. Эгерде биз жарандык коомду кайра жандандыра алсак, бул биздин жетекчиликке да, өлкөбүзгө да ийгиликке жетүүдө жардам берет.
Учурда биз өнүктүрүү банктары менен иштеп жатабыз – Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы. Алардын өкмөт менен инвестициялык долбоорлор боюнча келишимдеринде адам укуктары, эркиндиктери, массалык маалымат каражаттары жана жарандык коом колдоого алынышы керек деген пункттар бар. Бул эмне үчүн керек? Бардык долбоорлордун натыйжалуу ишке ашышы үчүн коомдук мониторинг, журналисттер, активисттер тарабынан көзөмөл жана баалоо зарыл. Долбоорлордун ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун талап кылуу үчүн эркин жарандык коом керек. Эгер бул көзөмөл болбосо, демек, өнүктүрүү банктары менен түзүлгөн келишимдердин шарттары бузулуп жатат».
Президенттик администрация укук коргоочулардын кайрылуусуна комментарий берген жок. Өкмөттүк эмес уюмдардын жүйөлөрү эске алынары же жок экени белгисиз. Мындай кайрылуулар мыйзам кабыл алынганга чейин дагы ондоп жарыяланган, бирок ал кезде булар президенттин документке кол коюу чечимине таасир эткен эмес.