"Азаттыктын" кабарчылары 18-19-августтагы катуу жааган жаандан кийинки селден жабыркаган Ысык-Көл облусунун бир катар айылдарындагы тургундардын үнүн укту. Катуу селге байланыштуу Ысык-Көл жана Тоң райондорунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Дүйнөлүк Олимпиадага таза атаандаштыкта суурулуп чыккан эӊ татыктуулар жиберилерин билебиз. Демек, бардык тармактарда, айрыкча жооптуу кызматтарга кадрлар ушундайча тандалышы керек.
Кыргызстанда диний агартуу жаатында түзүлгөн “Ыйман” фондунун ишмердиги боюнча жаңжал чыкты. Фонддун ишмердигин текшерген аудит Түркиянын өкмөтү бөлгөн 5 миллион доллардан ашык акчанын отчету жок экенин аныктаган. Бул иш боюнча фонддун мурдагы эсепчиси камакка алынды.
Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы ЛДПР фракциясы мигранттардын үй-бүлөсүн өлкөгө алып киришине тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштады. Коомчулукта мындай документ кабыл алынбаса деле жергиликтүү элдин мигранттарга карата маанайын курчутушу ыктымал экенин айткандар бар.
Кыргызстанда тоо арасында көчүп-конуп жүргөн балчылар бал челектер менен улам жер которууга аргасыз. Глобалдык климаттын өзгөрүүсү үй-бүлөлүк бизнеске да таасир тийгизүүдө. Алар бал аарыларды Эки-Нарын өрөөнүнүн башына чейин ташып жатат. Бул тоолордон Сырдарыянын негизги башаты - Нарын агып чыгат.
Кыргыз бийлиги маймыл чечек деп аталган мрох вирусу боюнча дүйнөдөгү кырдаалдан улам билдирүү таратып, өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу экенин, бирок алдын алуу чаралары көрүлүп жатканын маалымдады. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 14-августта глобалдык мааниде өзгөчө кырдаал жарыялаган.
Бишкек жана башка чоң шаарлардагы тротуарларда электр чыгырык же мопед сүзүп, колу-буту сынгандар мындай окуяларга укуктук баа берилбей жатканына нааразы. Арасында бир жылдан ашык убакыттан бери адилеттик издегендери да бар. Жыл башынан бери Кыргызстанда жол кырсыктарынан 280 киши каза болду.
Казакстанда 20-августта атомдук станция куруу боюнча акыркы коомдук талкуу өткөнү жатат. Расмий маалыматка караганда, АЭС өлкөнүн энергетика тармагындагы таңсыктыкты жабууга жардам бермекчи. Долбоорго каршы чыккандар курулуш кымбатка түшөрүн айтып, экологиялык маселелерди козгошууда.
Катуу жааган жамгырдан соң 18-август күнү кечинде Ысык-Көл облусундагы бир катар айылдарда сел жүрдү. Жаратылыш кырсыгынан улам Ысык-Көл районунда жана Тоң районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Кыргызстанда үйү тинтүүгө алынган активист, социалдык тармактын активдүү колдонуучусу Мирланбек Маратбек уулунан алынган материалдар боюнча экспертиза дайындалды. Милиция ага Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.
Дагы жүктөңүз