Казакстан бийлиги өлкө түндүгүндөгү жана чыгышындагы ээн калып, урандыга айланып бараткан калктуу конуштарына түштүк облустарынан элди көчүрүп барууга аракеттенүүдө. "Азаттык" Чыгыш-Казакстандын Маркакөл районундагы Ак-Булак жана Кара-Ой айылдарына барып келди.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарды Орусиянын Белгород, Брянск жана Курск облустарына барбай турууга чакырды. Бул аймактарга федералдык жана аймактык деңгээлдеги өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген.
“Орусиянын аймагына чабуулу менен Украина дагы деле таң калтыра аларын баарына көрсөттү”, - дейт казакстандык белгилүү саясат таануучу Досым Сатпаев. Ал украин армиясынын Курск аймагындагы операциясы Орусиянын беделине катуу сокку уруп жатат деп эсептейт.
Казакстанда басылып чыккан "Жас Алаш" гезити Кытайда жашаган ондогон казак интеллигенттери камакта жатканын жазды. Абактагылардын көбү Шинжаңда журналистика, билим берүү тармагында жана мамлекеттик кызматта иштеген этностук казактар экени айтылууда.
АКШнын мамлекеттик департаменти Кыргызстандагы инвестициялык климат жөнүндө баяндама жасап, мүмкүнчүлүктөр жана тобокелчиликтерди атады.
Кореялык Kookmin Bank Кыргызстандагы банктарга сентябрдан тарта доллар менен операция жүргүзүүнү токтоторун жарыялады. Улуттук банк муну Батыштын санкцияларын сактоого байланыштырды. Бул эмне үчүн маанилүү? Кыргызстандын финансы рыногу кандай иш-аракеттерди көрүшү керек?
Орусияда өзбекстандыктардын “Ватандош” биримдигинин жетекчиси Усман Баратов төрт жылга эркинен ажыратылса, "Казак диапорасы" коммерциялык эмес уюмунун жетекчиси Полат Жамаловдун бөгөт чарасы каралды.
Кыргызстан СASA-1000 долбоорунун алкагында өз аймагындагы зымдарды тартып, сыноого даярдап жатканын билдирди. CASA-1000 - Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстанга жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоо багытында ишке ашырылып жаткан долбоор. Анын мааниси канчалык?
Дагы жүктөңүз