Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:19

"Мактаганды дос, сындаганды кас деп ойлобойлу"


Кыргызстандык балбан, коло медал алган Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын жабылыш аземинде кыргыз туусун көтөрүп турат. Париж. 2024-жыл, 11-август. Иллюстрациялык бул сүрөттүн макалага тиешеси жок.
Кыргызстандык балбан, коло медал алган Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын жабылыш аземинде кыргыз туусун көтөрүп турат. Париж. 2024-жыл, 11-август. Иллюстрациялык бул сүрөттүн макалага тиешеси жок.

Дүйнөлүк Олимпиадага таза атаандаштыкта суурулуп чыккан эӊ татыктуулар жиберилерин билебиз. Демек, бардык тармактарда, айрыкча жооптуу кызматтарга кадрлар ушундайча тандалышы керек.

Жеңиштен бийик мүдөө бар

Париждеги Олимпиаданын шоораты дагы эле сезилип турат. Эки күмүш, төрт коло медал алып келген спортчуларыбыз бүгүн сый үстүндө. Жеӊишке жетип, дүйнө элинин көз алдында желегибизди желбиретти деп аларды алкап турган чагыбыз.

Жашоо – күрөш, кимдин шык-жөндөмү эрте байкалып, мыкты устаттын таалимине каныкса, күч-кубаты эле эмес, кайраты да артык, чечкиндүү болсо, ошол утат, чоӊ максаттарга ошол жетет. Бирок жеӊиштин жеӊилүүгө, утулуунун утукка айланган жагы да болорун унутпайлы.

Атаандашуу зарылдыгы

Түркүн сыноолорго туруштук берип чыйралган, ысык менен суукка, табияттагы чукул өзгөрүп, кескин катаалдашкан шарт-жагдайга чыдап, чоӊ кырсыктарда эӊ күчтүүлөрү гана аман калып, тукум улап келген. Жан-жаныбардын улам кийинки муундарда өркүндөшүнө, бирине-бири жем болгон түркүмдөрдүн өз ара теӊдешип, айлампа чынжыр үзүлбөй бекемделип турушуна табигый тандалуу мыйзамы өбөлгө түзгөн.

Биологиядагы бул мыйзамга базардагы атаандаштык окшош. Мындай шарт демилгечил, ишкер адамдарды алдыга оздуруп, ыкшоо, ээрчиме кишилердин жашоосун начарлатат. Ошентип, "иштебеген тиштебейт" деген жобо экономикалык өнүгүүгө түрткү берет да, базардагы бааны да жөнгө салып турат. Дал ошондуктан өкүмчүл бийликке толугу менен көз каранды болгон, үстүрт пландоого негизделген, көбүнчө чыгармачыл, мээнеткеч, өжөр адамдар менен шалаакы, жоопкерчиликсиз пенделердин жашоосун дээрлик бирдей абалда кармаган социалисттик система капитализмге утулган. (Айтмакчы, Экинчи дүйнөлүк согушта жеӊилип калган Германия менен Жапония жеӊип чыккан СССРден алдыга озуп кеткени да кызык...)

Ал эми саясий-идеологиялык жактан социалисттик деп эсептелген Кытай экономикада базар мыйзамдарына таянуу менен өнүгүү жолуна түшкөн экен. Бул өлкөнүн башкаруу тутуму да эӊ мыктыларды өстүрүп, кызматтан кызматка көтөргөн системага - меритократияга негизделгенин эске алуу керек...

Дүйнөлүк Олимпиадага таза атаандаштыкта суурулуп чыккан эӊ татыктуулар жиберилерин билебиз. Демек, бардык тармактарда, айрыкча жооптуу кызматтарга кадрлар ушундайча тандалышы керек.

Жүйөлөшүү кимге керек?

Сот адилеттигинде дагы “атаандаштык” термини бар (“Юридикалык терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү” боюнча; башка сөздүктөрдө “таймашуучулук”, “далил тартыш” деп берилген. Өкмөттө көп жылдар бою котормочу болуп иштеген раматылык Сүйүндүк Олжобаев буга кыргызча “жүйөлөшүүчүлүк” кыйла жакын болмок дечү).

Балбан Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын күмүш медалын утту. 2024-жыл, 6-август. Париж.
Балбан Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын күмүш медалын утту. 2024-жыл, 6-август. Париж.

Бул түшүнүк сөздүктө мындай чечмеленген:

“ТАЙМАШУУЧУЛУК – сот өндүрүшүнүн демократиялык принциби, ага ылайык сот жыйындарында ишти териштирүү тараптардын талашы түрүндө жүзөгө ашырылат. Анда жүрүмдүн катышуучуларына бирдей укук берилет. Сот иштин жагдайларын ар тараптуу, толук жана калыс иликтөө, акыйкатты айкындоо, мыйзамдуу жана негиздүү чечим (өкүм) чыгаруу үчүн мыйзамда каралган бардык чараларды көрүүгө милдеттүү”. (“Толковый словарь юридических терминов и понятий”)

Бул принципке ылайык, кылмыш иштерин кароого жактоочу жана айыптоочу катышат. Ырас, доогер тарап айыпталуучунун жактоочусун, айыпталуучу болсо прокурорду жактырбайт. Бирок шектүүнүн күнөөлүү же бейкүнөө экенин калыс териштирүү, далилдөө үчүн эки жааттын талашы мүмкүн болушунча эркин жүргүзүлүшү керектигин эске алганда, атаандаш тараптын юристин такыр эле душман көрбөй, сыпайы мамиле кылган оӊ.

Коомдогу окуялар тууралуу карама-каршылыктуу пикирлердин эркин айтылышын да ушул жүрүмгө (процесске) салыштырууга болот. Адатта өкмөттүн, расмий мекемелердин ишине байланышкан маалыматтардын “жакшыларын” көбүнчө өкмөттүк, “жамандарын” бейөкмөт жалпыга маалымдоо каражаттары элге жеткирип турат. Мында ар бир талаштын чоо-жайын аныгыраак түшүнүү үчүн окурман, угарман, көрөрман “актоочу” жана “айыптоочу” журналисттердин жүйөлөрүн таразалай билиши керек.

“Бейөкмөт” термини өкмөткө каршы дегенди билдирбейт. Бул өкмөттүк эмес, б.а. өкмөттү жактаган тараптан айырмаланган, альтернативдүү көз карашты айтып, билдирип турууга милдеттүү жак (саясатта – оппозиция, медиада – эркин ЖМК).

Албетте, ар бир иштин, жагдайдын оӊу менен солун, изгиси менен ийрисин, агы менен карасын ар бир журналист өзү эле таразалап, мүмкүн болушунча толук чагылдырышы керек. Бирок бир тараптан мактоого өтө ашыкча басым жасала берген шартта экинчи тарап кемчиликтерди көбүрөөк айтып турууга “адистешип” калат. Тараза ташын теӊдештирүү үчүн бул дагы керек. Анткени объективдүү маалымат коомго эле эмес, биринчи кезекте өкмөткө (бийлик башындагыларга, расмий кызматкерлерге) зарыл. Ошондуктан мактаганды дос, сындаганды душман көрө бербейли.

“Достор” менен “душмандар”

“Эр чекишпей бекишпейт”, “Талаштан тактык жаралат”, “Бетке айткан сөздүн заары жок”, “Ооруну жашырсаӊ, өлүм ашкере кылат”, “Керек сөздү келин айтат” дегендей накыл сөздөр адамдардын өз ара мамилесин тазартуу, коомдун ырааттуу өнүгүшү үчүн талкуу, талаш-тартыштар болуп турушу зарыл экенин билдирет.

Достук менен душмандык, айрыкча саясаттагысы биротоло өзгөрүүсүз калбайт. Өтө ысык достор айыгышкан кастарга айланган, катуу каршылашып жүргөндөр кийин биригип кеткен учурлар көп эле кездешет.

Жогоруда айтылгандай, мактаганды дос, сындаганды кас деп ойлогондор катуу жаӊылат. Оркойгон катачылыгыӊды көрүп туруп көрмөксөн болсо, жардын кырына барып калсаӊ да, эскертип коюунун ордуна “алга, баатыр, кеменгер!” деп шыкактай берсе, андай достун кимге кереги бар? Кайсы бир сөзүӊө же чечимиӊе каршы турган киши ачууӊду келтириши мүмкүн, бирок акыр аягында анын “кастыгы” жалпы ишке да, сенин өзүӊө да пайдалуу болуп чыгышы мүмкүн.

Борбор Азияны бириктирген Олимпиада
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:17 0:00

Бул макаланы аяктап жатып, эки жыл мурун Ысык-Көлдө бир киши менен кездешкенибизди эстедим. Жээкте жалгыз турганымды көрүп, алдыма келди да, тааныша электе эле саясаттан сөз баштамакчы болду алматылык аксакал. Украинадагы согуш жөнүндө талашып-тартышып көрөлү деди.

- Эмне үчүн талашабыз? Талаштын максаты эмне болушу керек?

- Оппоненттин позициясы туура эмес экенин далилдеп, жеӊип чыгуу!

- Бирок студент кездеги курч талкуулардын биринде (Горбачев бийликке келген жылдар эле) бир кыз мындай деген эле: “Эгер менин оюм туура эместигин кимдир бирөө далилдеп берсе, абдан ыраазы болор элем”.

- Аялдын акылы кыска да...

Ушул учурда биздин сөздү угуп турган кемпири абышкасын жетелеп кетти.

Жолдош Турдубаев, адабиятчы.

Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG