Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:32

"Балхаштан ажырап калышыбыз мүмкүн". Казактар АЭС долбооруна каршы


АЭС куруу тууралуу коомдук талкуу. Алматы, 16-август, 2024-жыл
АЭС куруу тууралуу коомдук талкуу. Алматы, 16-август, 2024-жыл

Казакстанда 20-августта атомдук станция куруу боюнча акыркы коомдук талкуу өткөнү жатат. Расмий маалыматка караганда, АЭС өлкөнүн энергетика тармагындагы таңсыктыкты жабууга жардам бермекчи. Долбоорго каршы чыккандар курулуш кымбатка түшөрүн айтып, экологиялык маселелерди козгошууда.

Дүйшөмбү күнү өздөрүн полиция кызматкерлери деп тааныштырган жарандык кийимчен кишилер активист Мейрхан Абдиманаповду кармаганы тартылда деген видео социалдык тармактарда тарады. “Азаттыктын” казак редакциясы маалымдагандай, видеодо активист аны кое берүүнү, прокурордун токтомун көрсөтүүнү талап кылганын көрүүгө болот. Бирок тартип коргоочулар аны күчтөп алып кетишти.

Мейрхан Абдиманапов коомдук талкуу учурунда. Алматы, 16-август 2024-жыл
Мейрхан Абдиманапов коомдук талкуу учурунда. Алматы, 16-август 2024-жыл

Абдиманапов жер-жерде АЭС куруу талкууларына активдүү катышып келген. Өткөн аптанын аягында Алматы шаарындагы жыйында ал “талкууга эмес, курулуштун жарнамасына күбө болгонун” айткан:

“Эч кандай коомдук талкуу жок. АЭСти жарнамалап жатасыңар. Коомдук талкуу болсо сөз сүйлөгөндөрдүн жарымы курулушка каршы чыккандар болмок. Бул – путиндик жана башка башка атомдук корпорациялардын жарнамасы. Силер саясий күйөрмансыңар. Атомдук тармакты сүрөөнгө алып атасыңар”.

Сөз болгон талкуу ызы-чуу менен коштолуп, долбоорду колдогондор менен сындагандар айтышып, атүгүл жулмалашып кетишти.

Казак бийлиги Борбор Азиядагы алгачкы АЭС тургузуунун күңгөй-тескейи 19 региондун тургундары менен талкууланганын билдирди. Коомчулук менен жыйындарга Энергетика министрлигинин, Өзөктүк физика институтунун жана “Казакстан атомдук станциялары” компаниясынын өкүлдөрү катышууда.

Өкмөттүн айтымында, Казакстан энергетикалык таңсыктыкты өз алдынча жаба албай, электр энергиясын Орусиядан алууга аргасыз. Мындай абалда АЭСтин мааниси артып, экинчи жагынан абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгуусу менен күрөшсө болот.

"Атомдук станция жулуулук станциясындай эле, бирок көмүр казанынын ордунда реактор болот. Биз Казакстандын отуну колдонулат деген талап коюп жатабыз. Себеби станция 60 жыл иштейт, 100 жылга чейин узартылат деп болжолдонууда. Ошон үчүн отундун ишенимдүү булагы, албетте кадрларды даярдоо, тейлөө абдан маанилүү", - деп түшүндүрдү “Казакстан атомдук станциялары” компаниясынын жетекчиси Тимур Жантикин.

АЭСтин курулушу боюнча коомдук талкуу учурунда. Алматы, 16-август, 2024-жыл
АЭСтин курулушу боюнча коомдук талкуу учурунда. Алматы, 16-август, 2024-жыл

Станция курулушу мүмкүн деген жер катары Алматы облусу, Балхаштын боюндагы Үлкен айылы аталууда. Ишкана эки реактордон турмакчы. Өзөктүк технологиялар менен камсыздоочулардын арасында орусиялык “Росатом”, кытайлык CNNC, түштүк кореялык KHNP жана франциялык EDF компаниялары аталууда.

Долбоорго каршы болгондор курулуш өлкөгө көп чыгым алып келерин, Казакстанда жок адистер менен көптөгөн ресурстарды талап кыларын, технология менен камсыздаган мамлекеттен көз каранды кылып коерун айтышат. Алар ошондой эле Балхаш көлү акыркы жылдарда ансыз да тартылып жатканын, ал сейсмикалык кооптуу аймакта орун алганын белгилешет.

"Биринчиден, биз Балхаш көлүнөн ажырап калышыбыз мүмкүн. Бул жалпы элге тиешелүү маселе. Биз Балхаштан айрылып калуу коркунучуна даярбызбы? Экинчиден, бизден кийинки муундарга радиоактивдүү зыяндуу заттар калат. Станция иштей турган болсо 60 жылдан кийин ал жерде тоодой болгон радиоактивдүү калдыктар калат. Үчүнчүдөн, бизге уранды кайра иштетип, байытып бере турган өлкөдөн көз каранды болуп калабыз. Казакстан уранды байытууга укугу жок, анткени бизде технология жок, өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу келишимге кол коюп бергенбиз, - деп айтат энергетика тармагындагы адис Асет Наурызбаев.

Анын айтымында, президент АЭСтин курулушун "эл чечиши керек" деп айткан, бирок Энергетика министрлиги Касым-Жомарт Токаевди чала уккандай...

Бийлик долбоорго канча каражат сарпталарын жалпы улуттук референдумдан кийин тууралуу маалымат берерин айтууда.

Президент Токаев добуш берүү күзүндө өтөрүн билдирген. Бирок так датасы, кандай суроолор алынып чыгары азырынча белгисиз.

Ал эми коомдук талкууларда АЭС сегиз жылда тургузулары, 12 млрд доллар коротулары айтылып келет. Акчанын көбүн Казакстан карызга алууну көздөп жатат.

Орусиянын мамлекеттик корпорациясы – «Росатом» кошуна Өзбекстанда да АЭС курууну көздөп жатат. Өткөн жылы ноябрдын этегинде ТАСС "Росатомдун" жетекчиси Алексей Лихачевдун “пандемия көптөгөн жараяндарды токтотуп койгон, бирок өзбек тарап менен келишим соңку баскычка жетип калды” дегенин жазган.

Москва менен Ташкент АЭС куруудагы кызматташтык тууралуу келишимге 2018-жылы сентябрда кол койгон. Ага ылайык, станция Өзбекстандын бюджеттик каражатына жана Орусиянын мамлекеттик насыясынын эсебинен салынмакчы.

Өзбекстандын Энергетика министрлиги энергоблоктор 2030-жылга карай электроэнергияга болгон муктаждыктын 15-18 пайызын жабарын айтууда.

“Озодлик” радиосу жазгандай, казак чек арасына жакын жерге, Жизак облусундагы Тузкан көлүнүн жээгинде салына турган станциянын курулушу, анын жер титирөөлөргө туруштук берүү кудурети, экологиялык коопсуздугу талкууга түштү. Өнөктөш катары Орусиянын тандалганы да суроо жаратууда.

"Азаттыктын" казак редакциясынын материалдарынын негизинде даярдалды.

Энергетика: Борбор Азиянын багын АЭС ачабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:57 0:00

XS
SM
MD
LG