“Орусиянын аймагына чабуулу менен Украина дагы деле таң калтыра аларын баарына көрсөттү”, - дейт казакстандык белгилүү саясат таануучу Досым Сатпаев. Ал украин армиясынын Курск аймагындагы операциясы Орусиянын беделине катуу сокку уруп жатат деп эсептейт.
Казакстанда басылып чыккан "Жас Алаш" гезити Кытайда жашаган ондогон казак интеллигенттери камакта жатканын жазды. Абактагылардын көбү Шинжаңда журналистика, билим берүү тармагында жана мамлекеттик кызматта иштеген этностук казактар экени айтылууда.
АКШнын мамлекеттик департаменти Кыргызстандагы инвестициялык климат жөнүндө баяндама жасап, мүмкүнчүлүктөр жана тобокелчиликтерди атады.
Кореялык Kookmin Bank Кыргызстандагы банктарга сентябрдан тарта доллар менен операция жүргүзүүнү токтоторун жарыялады. Улуттук банк муну Батыштын санкцияларын сактоого байланыштырды. Бул эмне үчүн маанилүү? Кыргызстандын финансы рыногу кандай иш-аракеттерди көрүшү керек?
Орусияда өзбекстандыктардын “Ватандош” биримдигинин жетекчиси Усман Баратов төрт жылга эркинен ажыратылса, "Казак диапорасы" коммерциялык эмес уюмунун жетекчиси Полат Жамаловдун бөгөт чарасы каралды.
Кыргызстан СASA-1000 долбоорунун алкагында өз аймагындагы зымдарды тартып, сыноого даярдап жатканын билдирди. CASA-1000 - Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстанга жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоо багытында ишке ашырылып жаткан долбоор. Анын мааниси канчалык?
ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) радикал уюмунун лидери, Израил бир жыл мурунку кандуу чабуулдун уюштуруучусу деп эсептеген Яхья Синвар жок кылынганын ЦАХАЛ 17-октябрда жарыялады. ХАМАС тобунан азырынча эч кандай маалымат боло элек.
Орусия Украинага басып киргенден бери Сербиянын Кыргызстанга экспорту эселеп көбөйдү. Мындай жыйынтыкка “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун серб редакциясы Белграддагы Статистика институтунун маалыматын анализдеп чыккандан кийин келди.
Оштогу таанымал ишкер, милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Салайдин Айдаров уюшкан кылмыш топторун каржылоого шек саналып камакка алынды.
Дагы жүктөңүз