Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:01

Түндүк Кореянын аскерлери Орусияга калкан болобу?


Украин аскери.
Украин аскери.

Орусия Курскиде украин армиясына каршы согушка салган түндүк кореялык күчтөрдүн даярдыгы күмөн жаратат. Бирок украин армиясынын коргонуусун бузуп өтүү үчүн алардын саны жетиштүү болушу мүмкүн.

Сан жагынан Орусиянын аскерлеринен алда канча аз, курал-жабдыгы жетишсиз, чарчап-чаалыккан украин армиясы орус күчтөрүнө араң туруштук берүүдө. Киевдин коргонуусун жырып өтүүгө эми түндүк кореялык аскерлер аралашты. Тактап айтканда, соңку маалыматтарга караганда, Орусияга 10 миңдей аскер жайгаштырылды. Алар фронтко кирсе ансыз да араң турган украиндердин коргонуусуна олуттуу коркунуч жаратат.

Согуштагы жоготуулары 600 миңден ашкан орус бийлиги экинчи мобилизация жарыялай албай жаткан маалда түндүк кореялык аскерлерди жайгаштыруу менен Москва көктөн издегенин жерден тапкандай болду.

Жаңы аскерлердин жардамы менен Кремль быйыл июнь айында Курск облусуна кирип барган украин армиясын эптеп сүрүп чыгышы ыктымал.

Расмий Киевдин өкүлү Андрей Коваленко украиналык аскерлер Курскиде түндүк кореялык жоокерлер менен кагылышууга үлгүргөнүн жазды. Ал кармаш качан болгонун тактаган жок. Ырасталбаган маалыматтарга караганда, октябрь айынын соңунда болгон болушу мүмкүн.

“[Түндүк Кореянын] Курск облусу сыяктуу аймактардагы башаламан салгылаштарга аралашуусу [Украинанын] операциясын оорлотот”, - дейт Эл аралык Карнеги фондундагы орус аскерлери боюнча эксперт Дара Массикот.

Түштүк Кореянын чалгын кызматы, кийин АКШ бийлиги октябрь айынын башында Орусиядагы машыгуу базаларына 3 миңдей түндүк кореялык аскер келгенин, жалпы Украинадагы согушка 12 миңдей аскер тартылышы мүмкүн экенин билдирди.

Жогорку даражалуу украиналык дипломаттын айтымында, операцияны үч генерал жана 500дөй офицер жетектейт.

Ошентсе да түндүк кореялыктардын согушууга жөндөмдүүлүгү жана алардын согуш талаасындагы көрсөткүчтөрү дагы эле суроо жаратат.

"Түндүк Кореянын армиясынын "жабдылышы абдан начар, машыгуу үчүн тиешелүү ресурстары жок, ачка, адатта курулуш долбоорлорунда жана түшүм жыйноодо жумушчу күч катары колдонулат", - дейт Род-Айленддеги Аскердик-деңиз коллеждеринин эксперти Теренс Рериг.

Ал эми Rand Corporation уюмунда Түндүк Кореяны иликтеген Бенжамин Янг: “Түндүк кореялыктардын көбү орус тилин билбейт болуш керек, реалдуу аскердик тажрыйбасы да жок. Алар ошондой эле болушунча коррупцияга баткан, тартиби жок орус аскердик системасынын алкагында иш алып барышат. Түндүк кореялыктарга орус аскерлеринин арасында тартип жана регламент жоктугуна көнүү кыйын болсо керек”, - деген пикирин бөлүштү.

"Ийилсе да, (азырынча) сынбайт"

Фронт тилкесинде украин турумдары орус армиясынын чабуулдарына туруштук бере албай жатышат. Быйыл июнь айында Орусиянын Курск облусуна кирип барып, жүздөгөн чарчы чакырым аймакты өз карамагына алуу менен Москванын шаштысын кетирген украин армиясы күздөн бери артка сүрүлүп, башында басып алган аймактын теңинен көбүнөн жоготуп жатат.

Орусия Оскил дарыясынын боюндагы украин армиясынын коргонуусун экиге бөлүп салгандан кийин Украинанын түштүк-чыгышындагы Купянск шаары чоң коркунучка кабылууда. Орусиялык күчтөр учурда дөңсөөдө жайгашкан Часов Яр шаарынын борборун карай жылып баратышат.

Ал эми түштүктө орус күчтөрү Покровскиге жакындап калышты. Бул калаа Донбасстагы украин күчтөрүнүн ири логистикалык түйүнү катары саналат.

Орус армиясынын аткылоосунан талкаланган Покровск шаары. 15-октябрь, 2024-жыл.
Орус армиясынын аткылоосунан талкаланган Покровск шаары. 15-октябрь, 2024-жыл.

Орусиянын армиясы өткөн айда Угледар шаарын басып алган.

Эксперттердин эсебинде, украин армиясынын соңку кыйынчылыктары негизинен Батыш курал-жабдыктын кеч жиберишине байланыштуу болду.

Кеп Abrams M-1 танктары жана жогорку тактыктагы ATACMS ракеталары тууралуу болуп жатат. Ошол эле маалда Киевдин чарчап-чаалыккан аскерлерин жаңылап, жеке курамын толуктап, аларды машыктыруу боюнча убагында чара көрбөгөнү да өз кедергисин тийгизди.

Ал эми Орусия укмуштуудай жоготууларына карабай, армиясын ыктыярчылар менен үзгүлтүксүз толуктап жатат. Аларды орус бийлиги жогору маяна жана жеңилдиктерди убада кылуу менен азгырууда. Арасында борбор азиялык мигранттар да көп. Андан тышкары түрмөдө отурган жеринен азгырылгандар да бар. "Азаттык" жакында эле Украинда орус армиясынынын катарында согушуп жатып набыт кеткен 50дөн ашуун теги кыргызстандыкты аныктаган.

Расмий Сеул билдиргендей, Орусия түндүк кореялык аскерлердин ар бирине айына 2 миңдей доллар убада кылган. Маалыматка караганда, бул акчанын көбү Түндүк Кореянын өкмөтүнө которулушу мүмкүн.

“Күнүнө миңдей жоготуу тууралуу кабарланып жаткан азыркы маалда, орус аскерлери кореялык күчтөрдү алдыга салып, бир-эки жумада жок кылышы ыктымал”, - дейт Род-Айленддеги Аскердик-деңиз коллеждеринин эксперти Теренс Рериг.

Анткен менен Пхеньян жиберген бул аскерлер "Бороон корпусу" деген ат менен таанымал XI корпустун тандалмалары деген маалыматтар бар. Андай болсо бул Украина үчүн абдан кооптуу болушу мүмкүн.

“Бул тандалма бөлүктөр абдан жакшы машыгуудан өткөн, мыкты курал-жабдык менен камсыздалган деп саналат. Ошондуктан армиянын башка бөлүктөрүнө салыштырмалуу кыйла күчтүү деп эсептелет", - дейт Рериг.

Украинанын аскердик чалгын кызматы билдиргендей, түндүк кореялыкты Орусияда “өзгөчө буряттар” деген атап коюшат. Алар минометтор, көзгө атар мылтыктар, танктарга каршы ракеталар, түнкүсүн көрө ала турган көз айнектер жана башка курал-жабдык менен жабдылган.

Түндүк Кореянын аскерлери согушка даяр, бирок аларды заманбап тактикаларга үйрөтүү керек. Мындай пикирин түштүк кореялык мыйзам чыгаруучу Пак Сон Вон 23-октябрда айтты:

“Орусиялык машыктыруучулардын эсебинде, түндүк кореялык аскерлер алдуу-күчтүү, менталдык саламаттыгы мыкты. Бирок аларга согушту жүргүзүүнүн заманбап ыкмалары жетишпейт”.

Айрым байкоочулардын айтымында, жаңы аскерлерге согушка түз аралашпай эле жардамчы роль ойноого буйрук берилиши мүмкүн. Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр институтунун эксперттери Марк Канчиан жана Крис Парктын эсебинде логисткасы начар орус армиясына түндүк кореялыктар жакшы эле жардам бериши мүмкүн:

"Кандай гана ролдо болбосун, түндүк кореялык аскерлер орус жоокерлеринин колунан кол, бутуна бут болуп бере алат”.

Курскиде бомбадан корголоочу жайдын жанында отурган карапайым тургундар. 16-октябрь, 2024-жыл.
Курскиде бомбадан корголоочу жайдын жанында отурган карапайым тургундар. 16-октябрь, 2024-жыл.

"Бул чоң мааниге ээ"

Түндүк кореялык аскерлердин согуштук жөндөмү күмөн жаратса да, алардын саны украин күчтөрү үчүн чоң маселеге айланышы мүмкүн. Буга чейин орус армиясы түрмөдөн азгырылгандарды окко салып берсе, эми алардын ордуна түндүк кореялыктарды колдонушу мүмкүн.

“Курскиде украиналык 25 миңдей аскер бар дейли. Эгер силер ал жакка 30-40 миңдей орусиялыктан тышкары 10 миң кореялыкты жайгаштырсаңар, албетте, бул чоң мааниге ээ”, - дейт "Татарагами" деген ат менен белгилүү украин армиясынын запастагы офицери.

“Алар биздин аскерлердин эсин оодарыш үчүн кореялыктарды колдонушу мүмкүн”, - деп кошумчалады ал.

Ал арада АКШнын расмий адамдары Пхеньянга ачык эле эскертүү жасашты.

“Эсиңерде болсун. Эгер бул түндүк кореялык аскерлер Украинага каршы согуштук аракеттерде катышса, алар мыйзамдуу аскердик бутага айланышат", - деди өткөн жумада АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Вашингтондо түштүк кореялык аскердик жетекчилер менен бирге өткөргөн маалымат жыйында.

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин мүчөсү Коваленконун айтымында түндүк кореялыктардын арасында жоготуулар катталды. Ал канча жана кайсы салгылашта өлгөнүн тактаган жок.

Бирок согуш талаасындагы украин аскердик бөлүктөрү менен байланышы бар Литвадагы Blue/Yellow бейөкмөт уюмун жетектеген швециялык режиссер Йонас Омандын сөзүнө караганда, ал 25-октябрда Курск облусунда болгон салгылаш тууралуу уккан. Анда түндүк кореялыктардын арасында жоготуулар көп болгон.

Ал украин дронунан алынган сүрөттү бөлүштү. Анда мойнуна түндүк кореянын желеги оролгон аскер жатканын көрүүгө болот.

Ал тапта Украинанын президенти Владимир Зеленский Батыш курал-жарагы менен Орусиянын аймагына сокку урууга уруксат бербегенине нааразылыгын билдирди.

“Биз түндүк кореялык күчтөрдүн көбөйүп жатканын көрүп жатабыз, бирок, тилекке каршы, өнөктөштөрүбүз тараптан тиешелүү чараларды көргөн жокпуз”, - деди ал.

Шерине

XS
SM
MD
LG