Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

Кылмыш

Милиция окуя болгон жерди курчап турат. Дмитриевка айылы. 17-май, 2023-жыл.
Милиция окуя болгон жерди курчап турат. Дмитриевка айылы. 17-май, 2023-жыл.

Чүйдүн Дмитриевка айылында террорчулукка шектүүнү кармоо учурунда атышуу болду. Ички иштер министрлиги куралчан адам жок кылынганын, аны кармоо учурунда эки күч кызматкери жарадар болгонун билдирди.

Ош шаардык милициясы ал куралчан киши Оштогу бир нече оор кылмыштарга шек саналган жана экстремисттик, уюшкан топтун мүчөсү экенин кабарлады.

"Шектүү ижарадагы үйдө турчу"

Мындан 3-4 күн мурун "Оштон келдим" деген киши айыл өкмөт жана медресеге жакын жердеги үйлөрдүн бирин ижарага алган экен. Үй ээсинин тууганы Марина Мусаеванын айтымында, ал киши аялы, баласы менен жашай турганын айткан.

"Үй толук күйүп кетти, бир адамды кармаш үчүн төрт граната ыргытышты. Аны кармоонун алдында аялы менен кызын чыгарып кетишти. Өзүн кармайм деп бүт үйдү талкалашты", - деген Мусаева үй ээси ушул тапта Орусияда экенин билдирди.

Алар үйдү ижарага берип жатып, келген кишинин аты-жөнүнө кызыкпаганын кошумчалады. Окуя болгон үйдүн коңшусу Галя Оспанова таңкы саат 6 чамасында катуу жардыруудан ойгонуп кетип, атышууга күбө болгон экен. Ал шектүүнү кармоо 1-2 саатка созулганын айтып берди:

“Саат 7лерде катуулап баштады. Эшикке акырын чыгып карасак, милиция кызматкерлери жүрүптүр. Саат 8ге жакын чопкутталган машинелер келген. Бул үйдө ижарага алгандар жашайт. Бири көчүп келет, кайра кетет. Ким жашаганын деле билбей калабыз", - деди Оспанова.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы окуя болгон учурда “Зулкарнайн” кыздар медресесинин студенттери коопсуз жайга көчүрүлгөнүн билдирди. Журналисттер барган учурда Кант шаарынын чыгыш тарабынан Дмитриевка айылына кире турган автожол убактылуу жабылып, күч кызматтарынын атайын техникасы жүрдү.

Атышуудан күч органынын эки кызматкери жараат алганын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы ырастады. Алардын бири амбулатордук жардам алса, жамбашына ок тийген экинчи кызматкер Улуттук госпиталга жаткырылган.

Азырынча Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук комитети жок кылынган шектүү жөнүндө кенен маалымат тарата элек.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов окуя боюнча “Азаттыкка” комментарий берген учурда Кыргызстанда ар кандай уюмдардын мүчөлөрү бар экенин билдирип, укук коргоо органдары алар менен күрөшүп жатанын кошумчалады.

“Ички иштер министрлиги менен атайын кызмат өздөрүнүн ишин кылып атат. Жалпы өлкөдө абал тынч”, - деди Иманкулов.

Операцияда жабыркаган чет элдик туристтер

Шектүү турган үйгө жанаша ижарада чет өлкөлүк туристтер да жашап жатканы белгилүү болду. Алар атайын опарациянын алдында үйдөн чыгарылган.

Бирок, айрым туристтердин документтери, керектүү буюмдары күйүп кеткен. 24.kg агенттигине Ысык-Ата районун акими Алмазбек Осмонов 18 чет өлкөлүктүн бири Франция, бири Беларус өлкөсүнөн жана калганы Орусиядан келгенин айтып, аларга бардык тийиштүү жардам берилерин билдирген.

Карактоо, зордуктоо, кол салууга шектелген уюшкан топ

Ош шаардык милициясы Чүйдө жок кылынган киши Ош аймагындагы бир нече оор кылмыштарга шектелген кылмыштуу топтун мүчөсү экенин “Азаттыкка” маалымдады. Тактап айтканда, Ошто январда ишкерлердин каражаты делген ири суммадагы акча жүктөлгөн жол тандабас аткыланып, каракталган. Анда эки адамга ок тийген.

Жакында эле Ошто акча алмаштыруу жайлардын биринде 3,6 миллион сом каракталып, акчанын ээси токмоктолгон. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков бул топ жогорудагы карактоо кылмыштарынан сырткары, зордуктоо, атайын кызматтын кызматкерине кол салууга дагы шек саналып жатканын “Азаттыкка” кабарлады:

“Банданын дагы бир мүчөсү ошол жактан кармалды. Бүгүнкү каза болгон террорист ошол. Бүгүнкү Чүйдө болгон окуяга да катыштыгы бар ошол баланын. Ошто тогуз адам бар азыр - сегиз эркек, бир аял. Чекит коюла элек. Комплекстүү ыкчам издөө, кармоо иштери уланып жатат. Бир нече курал-жарак алынган. Бишкектин, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын ички иштер органдары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен биргеликте коопсуздук иш-аракеттерин жүргүзүп жатабыз. Ноокатта да бир кылмышка тиешеси бар деп жатышат, УКМК кызматкерине кол салган деген. Диний экстремизмге жана каракчылыкка ыктаган кылмыштуу топ болуп жатат”.

Ондогон курал-жарактар кайдан келген?

Буга чейин милиция Ошто бул кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганы жөнүндө маалымат таратып, видео дагы жарыялаган. Милиция көп сандагы курал-жарактар табылганын маалымдаган. Ош шаардык милициясы кармалгандар жөнүндө тергөөнүн жүрүшүндөгү жаңы жагдай катары алардын айрымдары экстремисттик топтун мүчөлөрү экенин билдирген.

Милициянын маалыматына караганда, 12-13-майда кармалган тогуз адамдын бири аял киши. Ал чек-араны мыйзамсыз кесип өтүп, жасалма документ алып жүргөнү үчүн кармалып турат. Колго түшкөндөрдүн үчөө Өзбекстандын жараны. Алардын бири мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Өлкөнүн түштүгүндөгү куралдуу топтун кармалышы жай тургундарды да чочулатты. Коомчулукта ондогон курал-жарак, жардыруучу заттарды кайдан алды деген суроо жаралды. Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу Абдыжапар Аккулов мындай пикирин билдирди:

"Бул курал-жарактардын табылышы коңшу өлкөлөргө чек араларды ачып салгандын кесепети деп айтылып жатат. Мен ойлойт элем, булар мурдатан эле аракет кылып кирген топтор. Бизде радикалдык топтор, кыймылдар бар да. Эң кызыгы, тыюу салынган диний экстремисттик топтор, курал менен жүргөндү мыйзамдуу көрүнүшкө айлантып алышты. Кечээ кармалгандар алардын бир чети эле болушу толук ыктымал, буга окшогондор өлкөдө көп окшойт деген ойго келип турам", - деди Аккулов.

Милициянын отставкадагы кызматкери Калтарбек Кыдыровдун пикирин угалы.

"Мен иштеп жүргөн учурда мындай көрүнүшкө кабылган эмесмин. Кечээги окуяны көрүп таң калдым. Коңшу Өзбекстандын атайын кызматы бул боюнча ыкчам иштейт. Негизги куралдар Тажикстандан кириши мүмкүн. Ал эми жардыруучу заттардын кимге тиешелүү экенин такташ керек. Мүмкүн аскер бөлүктөрүнүкүбү же милицияныкыбы? Учурда мындай курал-жарактарды табуу кыйын. Бул көрүнүштү кылмыш чөйрөсүнүн адамдары баш көтөрүп жатканы менен байланыштырса болот. Мурун бул сыяктуу көрүнүштөр жок болуп кеткен", - деди Кыдыров.

Ишкер Кушбак Шайиев бийликти мындай көрүнүшкө тез арада чара көрүүгө чакырды.

"Бул окуялар кайталана берсе, башка жактан келген жарандар, ишкерлер эмес шаардын тургундары өздөрү жашагысы келбей калышы толук ыктымал. Жабыркаган ишкерлерди да көрүп жатабыз. Бул жакшылыкка алып барбайт", - деди ал.

2010-жылдагы Июнь окуяларынан кийин Ош шаарынын өзүнөн эле 50 курал жоголгон, алардын көпчүлүгү али күнгө чейин табыла элек. Ал эми Ош облусунан 115 курал жоголуп, анын 79у табылган, 39у дайынсыз. Ош шаардык милициясы кармалгандардан табылган куралдардын 2010-жылы жоголгондорго тиешеси жок экенин айтты.

Улуттук статистика комитети 2022-жылы Кыргызстанда уурулук, каракчылык жана тоноо күч алганын маалымдаган. Ички иштер министрлиги майда кылмыш көбөйүп, оор кылмыштар азайганын тактаган. Буга чейин Улуттук коопсуздук комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтор менен аеосуз күрөш болоорун билдирген.

Кыргызстанда буга чейин да террорчулукка шек саналган адамдарды кармоодо адам өмүрү кыйылган учурлар катталган.

2015-жылы 12-октябрда №50 абактан качкан төрт кылмышкер үчөө кармоо учурунда өлтүрүлүп, бирөө тирүү кармалган. Качууга аракет кылган беш кылмышкердин үчөө түрмөдө табышмактуу жагдайда жан берген.

Аларды кармоо учурунда беш тартип сакчысы жана эки жай тургун ажал тапкан.

Курманбек Бакиев. Архив сүрөт.
Курманбек Бакиев. Архив сүрөт.

Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиев менен интервьюсу жарыяланды. Беларустан башпаанек тапкан мурдагы президент 2010-жылкы Апрель окуясы жана анын бийлиги тушундагы буюртма киши өлтүрүүлөр тууралуу суроолорго жооп берген.

Сыртынан 30 жылга кесилген мурунку президентке мындай деңгээлде аянтча уюштурулуп жатканын апрелчилер кескин сындап, "Бакиевдерди актоо аракети" деп сыпатташууда.

Бакиевдин актануусу

2010-жылы элдик толкундоолордон кийин бийликтен кетип, Беларустан башкалка тапкан Бакиев 50 мүнөттүк интервьюда өзү бийликте тургандагы өлкө экономикасы, өндүрүштүн абалы тууралуу айтып, кандуу окуяларга байланышы жөнүндө суроолорго да жооп берди. Ал ошондой эле 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча сотко Беларустан онлайн катышууга даяр экенин айтты.

"Ачык сот процесси болсун. Кыргызстанда сот, прокурор жана каалоочулар катышсын, мен катышайын. 2010-жылы төңкөрүштөн кийин 8-апрелде Жалал-Абадга барганда эле айткам, эл аралык иликтөө кылалы деп. Ошол жерде тогуз күн жүргөндө толук ишенгем, бул төңкөрүш тышкы мамлекеттин жардамы менен болгон", - деген Бакиев 2010-жылы 7-апрелде "атайын даярдалган төңкөрүш болгон" деп, бирок аны кимдер ишке ашырганын ачык айткан жок.

Ошондой эле ал өлкөнү башкарып турган маалдагы буюртма адам өлтүрүүлөр жөнүндө суроого жооп берип, аларды криминалга, баңги соодасына байланыштырып, "саясатка тиешеси болгон эмес” деп айтты.

"...актоо, мактоо деген жок"

Бакиев ысымын атагандардын бири - Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Жыргалбек Сурабалдиев 2005-жылы 10-июнда Бишкектин так борборунда киши колдуу каза тапкан. Анын кызы Элвира Сурабалдиева дагы учурда парламентте депутат. Ал соңку учурда Бакиевдин актануу аракети күчөдү деген нааразы пикирин билдирди.

"Мен аябай таң калып жатам, Аксакалдар кеңешинин төрагасы эмнеге маектешип жатат? Таң калычтуу болуп жатат. Өз бийлигин сактайм деп 100 кишин атып, ага чейин саясатчыларды өлтүрткөн. Эми аны криминалга шылтап койду. Кудайды карап калп айтсын", - деди Сурабалдиева.

Апрель окуясынын катышуучусу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев "учурда Бакиевди өлкөгө алып келүүнү, актоону көздөгөн саясий күчтөр бар экенин" айтып, коомчулук ага жол бербей турганына токтолду.

"Эл чыгып Бакиевдерди кубалап жиберген. Эл жакыр жашап, чыдамы кетип көчөгө чыккан. Аларды айтпай баягы эле жомогун айтып жатат. Мунун баары өзүн актоо аракети. Азыркы бийликтегилерде аны актоого кызыктар адамдар бар. Аларды баарыбыз билебиз. Дубайда Атамбаев жолтоо болуп калган. Эми ошонун экинчи этабы кылып Бакиевди актоо аракети жүрүп жатат", - деди Мискенбаев.

Интервью уюштурган Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев "Бакиевди актоо аракети" деген пикирди четке какты. Ал журналисттик милдетин аткарып, мурдагы бардык президенттер менен интервью уюштуруп, атайын долбоор менен мамлекеттик телеканалардан көрсөтүүгө макулдашып жатканын “Азаттыкка” билдирди.

"Болгонун болгондой эле айткан маектешүү болду деп ойлойм. Журналисттик принципти сактадым. Ал эми коомдо кайсы бир президентти актоо, мактоо деген жок. Кыргыз демократиялуу элбиз. Сынды деле, мактоону деле катырабыз", - деген Кошалиев учурда Улуттук телеканалда иштеп жатканын айтты.

Дубайдагы жолугушуу

18-февралда президент Садыр Жапаров мурдагы беш президенттин башын бириктиргенин Фейсбукка жазып, эл-жердин ынтымагын ойлоп, мурдагы мамлекет башчыларды чогултканын түшүндүргөн. 21-февралда Жапаров “Кабар” агенттигине берген интервьюсунда "Бакиевге сот чечими чыкканын, Кыргызстанга келсе камакта олтурушу керектигин" айткан.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон. Миңден ашуун адам жарадар болуп, кийин аянтта каны төгүлгөндөрдү кошкондо 150дөн ашуун киши каза тапты.


Соттун чечими менен Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG