Талкуу жараткан фатва
Муфтияттын фатвасында жыртыш таратуу, бел боо, "ак кийди, көк кийди" деп кийит берүү ысырапкорчулук деп аталды жана ага да тыюу салынды.
Мүрзөгө мармар таштан, граниттен, темирден жана ушул материалдарды айкалыштыруу менен жасалгаланган монумент, статуя, эстелик жана мүрзө такталарын орнотууга болбойт.
Фатваны аткаруу өлкөдөгү бардык мусулмандар үчүн шарияттык милдет болуп эсептелет.
Андан тышкары фатвада өлгөн адамды мүмкүн болушунча тезирээк жерге берүү шарияттын талабы экени, эч бир себеби жок сөөктү 2-3 күн кармоо шариятка туура келбей турганы жазылган. Ошондой эле исламда кабыр 1,5 метрден кем эмес, андан да тереңирээк, эки метрге чейин казылары белгиленген.
"Элге жол көрсөтүлүшү керек"
Муфтийдин мурдагы орун басары Акимжан Эргешов муфтияттын сөөк коюуга байланыштуу жаңы фатвасын колдоп жаткандардын бири. Анын пикиринде, муфтият кыргыз элинин каада-салтына каршы чыккан жок:
"Эгер акчасы ашык болуп, батыра албай жатса жетим-жесирге, муктаждарга берсин. Адам өлгөндө дароо чоң мал союп, чыгым болуш керек дегенди биз каада-салт деп санабашыбыз керек. Жок нерсени жасай берет экенбиз. Мисалы, тойдо "түштөндүрүү" деген пайда болду. Аны баштап алып азыр эл өзү эле кыйналып, нааразы болуп отурат. Мунун баары бир норманын же эреженин жоктугунан болууда. Элге бир жолду көрсөтүп, аны мыйзам катары калыптандырып, нукка салып койсок, коом ошо менен жашай берет. Каада калып кеткени менен элдин жашоосу бузулбайт, эл өз баалуулугун жоготпойт. Каада баалуулук эмес".
19-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы каза болгон жарандарды жерге берүү жана мүрзө таштарын орнотуу тартиби боюнча нускама бекитилгенин билдирди.
Анда сөөк коюуда кайсы бир иш-чараларды уюштурууга мажбурлоого жол берилбеши керектиги, көрүстөндүн жалпы аянтында сөөк коюлган жер 60–65%, жолдор, аллеялар 10–15% ашпоосу зарылдыгы, каза тапкан ар бир кыргызстандык жарандын кабырына жер бекер берилиши керектиги жазылган. Жер тилкеси маркумдун көзү тирүүсүндөгү каалоосуна ылайык, туулган же акыркы жашаган жери боюнча, мурда каза болгон жакындары көмүлгөн жерден берилет. Уруксат берилбеген жерге өз билемдик менен коюуга, казып алып, башка жакка кайра көмүүгө да тыюу салынат.
Маркум коюлуучу жер өлчөмүн жергиликтүү кеңеш ошол жердин шартына, каада-салтка жана карманган динине жараша бекитет. Эстеликке маркумдун аты-жөнү, туулган-өлгөн күнү, айы, жылы жазылат. Диний символдорду жана эпитафияларды чегерүүгө уруксат берилет. Жалпы эрежелерге туура келбеген элементтерди коюуга уруксат жок.
Коомдогу пикир
Дин иштери боюнча комиссиянын мурдагы директору Орозбек Молдалиев муфтияттын фатвасын колдорун, бирок анда ар бир аймактын өзгөчөлүгү эске алынбай, чийки болгондуктан кайра карап чыгуу керектигин айтты:
"Муфтияттын фатвасын мусулмандар аткарууга милдеттүү. Кардиналдуу өзгөрүү жасала баштаганда ага каршы чыккандар дайыма эле болот. Себеби ар кимдин өз пикири, түшүнүгү бар. Андан сырткары, айылдын шарты менен шаардыкын салыштырып болбойт. Муфтияттын бул фатвасы туура, ал ысырапкорчулукту азайтууну көздөп жатат. Ал тургай бул исламда башынан эле бар. Анда сиз даарат алып жаткан сууну да сарамжал пайдаланууңуз керек экени айтылган. Болгону бул фатваны калк арасында туура жана жөнөкөй тил менен түшүндүрүш керек болчу. Сөөк чыккан үй мал союп, казан аспашы керек деп жатат. Кыргызстандын чар тарабынан куда-сөөк күткөн кыргыз мындай учурда кандай кылат? Мисалы, уйгур, өзбек туугандар буга илгертен көнгөн. Аларга коңшулары ташып келет. А биздечи? Иштейби ошондой шарт? Ошол жагы ойлонуштурулуп, жакшы каралышы керек. Ушул шарттар жергиликтүү бийликтин колунда. Айыл өкмөт, жергиликтүү депутаттар, аксакалдар муну тез эле чечип коюшу ыктымал. Бирок ошентсе да көңүл буруу зарыл".
Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург Бурул Калчабаева ысырапкорчулукту азайтуу үчүн коомдо агартуу иштерин жүргүзүү зарыл деп эсептейт:
"Кыргыз мал союп, кошок кошуп, маркумдун жакшы сапаттарын эстеп, аны жоктоп, сый-урмат менен акыркы сапарына узатып келген. Салт деген бир күндө эле жазылып калган эмес, эл улам керектүүсүн сактап калып, ыңгайсызын чыгарып коёт. Ысырапкорчулукту жеп-ичкендерди кармап, ууруларды тыйып азайтсын. Муфтият андан көрө мектептердеги рэкетчиликти тыюуга көмөк көрсөтсүн, үй-бүлөсүн таштап, басып кетип жаткан эркектер менен иштесин андан көрө. Албетте, өлгөндөр арасында кырсыктан улам жаш кеткендери, оорудан эрте кайтыш болгондору бар. Ал учурда жыртыш даярдап, майлык таратып, эки-үч мал сойгонго мен деле каршымын. Бирок муфтияттын кыргыздын салтына тыюу салганы туура эмес болуп калат".
Ысырапкорчулукту азайтуу аракеттери
Кыргызстанда аш-той өткөрүүдө, сөөк коюу зыйнатын жүргүзүүдө ысырапкорчулукту жоюу, ири мал сойбоо сыяктуу аракеттер мурда да көрүлүп, бирок ишке ашпай келген.
Жогорку Кеңеште 2021-жылы “Үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө” мыйзам долбоору даярдалган. Бирок ал долбоорду өкмөт колдогон эмес.
2018-жылы Бишкекте демилгечи топ "Кыргызстандагы той-топур менен үрп-адаттарды ыраатташтыруу жөнүндө" мыйзам долбоорун талкууга алып чыккан. Бирок жетиштүү кол топтой алган эмес.
Андан мурда 2016-жылы Аида Салянова баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары “Салттарды, салтанаттарды жана каада-жөрөлгөлөрдү тартипке салуу жөнүндө” деген аталышта мыйзам долбоорун сунуштаган.
2012-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Каныбек Осмоналиев тойго чектөө салган мыйзам долбоорун парламентке алып чыккан. Документ биринчи окуудан өтүп, экинчи окуудан колдоо тапкан эмес.
2024-жылы февралда Кыргызстанда "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" мыйзам кабыл алынган. Ошол эле жылдын октябрында президент Садыр Жапаров аны ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу жарлыгын чыгарган.
Жарлыкта азыркы кыргыз коомунда маркумду жайга коюуда текебердик, ашыкча ысырапкорлук, диний каада-салттарды этибар албоо сыяктуу терс көрүнүштөр кездешери айтылган. Маркумду жайга коюу салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү, кыргыз коомунун руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарын коргоо, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана мыйзамдарды иш жүзүндө жүзөгө ашыруу максатында Башмыйзамдын негизинде токтом кылынган.
Ага ылайык, маркумду жайга коюудагы каада-салттарды тартипке келтирүү, мүрзөгө эстеликтерди коюуда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн фатва чыгаруу милдети муфтиятка жүктөлгөн.
"Фатва - тыюу эмес"
Дин таануучу Эржан Сулайманов соңку фатва бийликтин буга чейин көргөн аракеттери менен тыгыз байланышта экенин айтып, маркумду акыркы сапарга узатуудагы ысырапкорчулукту азайтуу боюнча демилге өкмөттөн башталганын, президенттин жарлыгы чыгып, бийлик буга багыт бергенин белгиледи. Анын айтымында, фатва эч кимди эч нерсеге милдеттендирбейт жана анын аткарылышын белгилүү бир орган көзөмөлдөй албайт, ал болгону эрежени түшүндүрүү:
"Фатванын аткарылышында диний кызматкерлер тарабынан мажбурлоо же чара көрүү сыктуу аракеттер көрүлүшү мүмкүн эмес. Муфтияттан чочулоонун кереги жок. Ал динди карманган коомдун бир бөлүгүнө ислам дининдеги айрым эрежелерди жарыя кылды. Бийликтен жарлык, демилгелер көтөрүлүп жатат, мында мусулмандар динге ылайык кандай кылышы керек дегенди түшүндүрдү. Ысырапкорчулукка каршы күрөш бийликтин демилгеси. Ошого улай муфтият диний көз караштар менен кандай болот деп минималдуу стандарттарды көрсөтүп берүүдө. Ошондуктан фатваны бурмалап, терс пикир жараткан болбойт. Биздин өлкөдө жарды жашагандар көп. Алар жакынын жоготкондо салттуу ченемдердин баарын аткарабыз деп насыя алып, карызга батып жатат. Мына бул фатва ошондой адамдарга жеңилдик берет. Алар шартына жараша акыркы сапарга узатып, чыгымын азайта алат".
Ысырапкорчулукту чектөо аракети Борбор Азиянын башка республикаларында да көрүлүп келет. Коңшу Тажикстанда, Өзбекстанда жана Түркмөнстанда атайын мыйзамдар кабыл алынган.
2017-жылы Тажикстандын Дин иштери боюнча комитети, муфтият жана Ислам таануу борбору биргеликте маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына байланыштуу жаңы эрежелерди иштеп чыккан. Анда тажияда "үн чыгарып ыйлаганга, кара кийип аза күтүүгө болбойт" деген жоболор да бар.
Шерине