Кыргызстанда блогерлер салык төлөөдө Креативдүү индустриялар паркына резидент болуп, атайын салыктык режимди же жалпы салыктык режимди тандаса болот. Салык кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, индустриянын резиденти жалпы салык режимин тандоодо салык агентине (жалданган кызматкерлердин кирешесинен) 5% киреше салыгын төлөйт. Алар камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн 15 жылга чейин бошотулат.
“Ал эми атайын салык режимине, бирдиктүү салыкка негизделген жөнөкөйлөштүрүлгөн салык системасына келгенде, блогерлер – Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери 2027-жылга чейин кирешенин 1% төлөшөт, 2027-жылдан баштап бул ставка 2% көтөрүлүп, 5% салык агенти тарабынан алынган кирешеге салынат. Алар, жалпы салык режимин тандаган учурда 15 жыл бою камсыздандыруу салымдарын төлөөдөн бошотулат", - деген Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов жергиликтүү басылмаларга курган маегинде.
Ал “блогерлик Кыргызстанда жаңы өнүгүп келе жатканын, учурда аларды салыктык талаптар менен кыйнабай туруу керектигин” белгилеген.
2022-жылы Кыргызстанда “Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Анда креативдик деп аталган чөйрөдө иш алып барган ишкер, жаратмандарга жеңилдиктер каралып, аларды айрым салыктардан жана социалдык төлөмдөрдөн бошотуу каралган. Аларга архитектор, дизайнерден тарта блогер, музыкант, журналист, жарнама, графика, анимация сыяктуу 15ден ашык жаңы багыттагы иш жүргүзгөндөр киргизилген.
Президент Садыр Жапаров былтыр жыл соңунда Салык кызматынын ошол кезде жаңы дайындалган жетекчиси Алмамбет Шыкмаматовго салыктык талаптарды жөнөкөйлөштүрүү талабы коюлганын билдирген.
Шерине