Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:51

ЖМК: Рязандагы мунай заводуна үчүнчү ирет дрондордон сокку урулду


Разянь облусундагы мунай заводуна сокку урулган учурлардын бири. Архив сүрөт.
Разянь облусундагы мунай заводуна сокку урулган учурлардын бири. Архив сүрөт.

Орусиянын Рязань облусундагы мунайды кайра иштетүүчү заводго жыл башынан бери үчүнчү ирет дрондон чабуул коюлду. Орусиялык Телеграм-каналдар бул ишкананын аймагында өрт тутанганы тартылган видеолорду чыгарып жатышат.

Мунай заводунун зыян тартканы азырынча расмий ырастала элек. Жабыркагандар боюнча да маалымат жок. Орусиянын Коргоо министрлиги дрон соккуларын жок кылганы боюнча отчетунда Рязань облусун белгилеп, бул аймакта эки дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Орусиянын аскердик мекемеси Орлов облусунан 16, Брянскиден үч жана аннексияланган Крымдын үстүнөн бир дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Рязандагы мунай заводуна чабуул коюлганы боюнча маалымат 24-26-январь күндөрү жарыяланган. Биринчи жолу сокку урулганда мунай заводдун жанындагы Ново-Разянь жылуулук борбору да бутага алынган.

26-январда экинчи чабуул болгонун Украинанын куралдуу күчтөрү ырастап, ишкананын аймагында жарылуу болуп, өрт тутанганын, бул заводдо орус армиясы үчүн дизель жана реактивдүү отун өндүрүлөрү айтылган.

ASTRA басылмасы бир жыл ичинде украин күчтөрү Орусиянын аймагындагы 27 энергетикалык объектиге чабуул койгонун эсептеп чыккан. Негизинен бул чабуулдар дрондор менен жасалган, сокку урууда ракеталар да колдонулган. Рязань мунайды кайра иштетүүчү заводу жана Воронеж облусундагы мунай базасы бир нече жолу бутага алынган.

Рязань мунай заводу 1960-жылы колдонууга берилген. Учурда ал “Роснефть” ишканасынын карамагында турат.

Шерине

XS
SM
MD
LG