Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:57

Эл акыны Нурпаис Жаркынбаев каза болду


Нурпаис Жаркынбаев.
Нурпаис Жаркынбаев.

Эл акыны Нурпаис Жаркынбаев 86 жашында акка моюн сунду. Бул кабарды "Азаттыкка" Улуттук жазуучулар союзу ырастады.

Маркум калемгер менен коштошуу зыйнаты эртең, 25-февралда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөрү маалым болду.

Нурпаис Жаркынбаев 1939-жылы 15-январда Жумгал районунун Кара-Чий кыштагында туулган. 1957-62-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуган. "Ленинчил жаш" гезитинде корректор, адабий кызматкер, бөлүм башчы, редактордун орун басары болуп көп жыл эмгектенген.

1973–1975-жылдары Москвадагы Жогорку партиялык мектепте журналистика факультетин аяктап, 1975–1986-жылдары "Кыргызстан коммунисти" журналынын илим жана маданият бөлүмүнүн редактору, 1995-жылдан республикалык "Советтик Кыргызстан" гезитинде адабият жана көркөм өнөр бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясында илимий редактордук кызмат өтөгөн.

1966-жылы Нурпаис Жаркынбаев СССР Жазуучулар союзунун, 1982-жылы Журналисттер союзунун мүчөсү болгон. Көп жыл Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын текшерүү комиссиясынын төрагасы болуп эмгектенген.

Акын “Жаштык жазы”, “Өмүрлөр тоодон башталат”, “Чабалекей”, “Жүрөк тартуулары”, “Түндө кимдер уктабайт”, “Бешик ыргагы”, “Таңкы торгой”, “Кыргыз көчү” баштаган китептердин автору.

Бир катар ырларына обон чыгарылып, ырдалып жүрөт. (MZh)

Шерине

XS
SM
MD
LG