Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келген бир автоунааны легалдаштыруу үчүн болжолдуу 100 миң сомдон алынат. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинин жетекчисинин орун басары Бакытбек Шералиев 24-февралда “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
“Бардык автоунаалар үчүн бир эле баа коюлат. Автоунааны мыйзамдаштыруу үчүн алына турган жыйымдын болжолдуу баасы 100 миң сом деп белгиленип жатат. Айдоочу мындан тышкары мамлекеттик номур жана каттоо күбөлүгү үчүн да төлөшү керек. Ошондо болжол менен 102 миң сом болуп калат”, - деди Шералиев.
Ал автоунааларды легалдаштыруу боюнча токтомдун долборуу учурда президенттик администрацияда экенин, март айынын башында кол коюлары күтүлүп жатканын билдирди.
Бул жумушту Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча агенттик жүргүзө турганын, толук маалымат токтомго кол коюлгандан кийин берилерин кошумчалады. Легалдаштыруу жараяны 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга ташылып келген унааларга тиешелүү.
Президент Садыр Жапаров былтыр 31-декабрда Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келди делген Абхазиянын, Армениянын жана Орусиянын номуру менен жүргөн автоунааларга байланыштуу жарлык чыгарган. Ага ылайык, Министрлер кабинети эки ай ичинде мындай машинелерди каттоонун жол-жобосун иштеп чыгып, тиешелүү чечим кабыл алат жана алты айдын ичинде ишке ашырат.
Документке ылайык, биринчи кезекте документи бар автоунаалар мыйзамдаштырылат. Экинчи этапта документи жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген машинелер каттоого алынат. Андан тышкары документи жок автоунааларды башка максатта пайдаланууга - тетик катары сатууга, өлкөдөн чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилет. (TAb)
Шерине