Өмүрүн адилеттик үчүн күрөшкө арнаган Азиза Абдирасулова “Азаттык” радиосунун адам укуктарына арналган "Адилеттик издейм" подкастын сунуштайт. Укугу бузулган, чындык издеген жарандарга микрофон сунабыз.
Зордук-зомбулук көрсөткөн киши жаңжал чечилгенге үйдөн кетиши керек. Мындай демилге камтылган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары жактырбай, артка жөнөтүштү. Демилгеге каршы чыккан эл өкүлдөрү мындай чаралар кыргыздын салт-санаасына туура келбей турганын жүйө келтирүүдө.
Мындан үч жыл мурда ушул маалда Кыргызстанда "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды белгисиз жагдайда жоголуп, дайыны табылбай жаткан эле.
Орусиянын Мамлекеттик Думасында диний кийимдерге тыюу салуу боюнча талаш-тартыш уланууда. Бул жолу депутаттар арасында мектептердеги диний кийимдер тууралуу маселе жаралды. Майдын соңунда Орусия өкмөтү никабга тыюу салуу сунушун колдогон эмес.
Москвада Украинадагы согуштан келгендердин кол салуусуна кабылган таксинин айдоочусу окуянын чоо- жайын айтып берди. Кыргызстандык мигрант өмүрүнөн кооптонуп турганын белгилеп, аты-жөнүн ачык айтпоону жана жүзүн көрсөтпөөнү өтүндү.
"Азаттыктын" журналисттери Айбек Бийбосунов менен Бектур Стамкулов эки жылдан ашуун согуш жүрүп жаткан Украинадагы кырдаалды жеринен көрүп келишти.
Зордук-зомбулук, миграция жана балдар үйү. Кыргызстанда балдар тушуккан көйгөйлөр арбын. Мындан улам алардын укугу жарытарлык деңгээлде корголуп жатат деп айтуу кыйын.
Мындан үч жыл мурда “Сапат" билим берүү мекемесинин мурдагы президенти, Орхан Инанды Бишкектен уурдалып, Түркияга жеткирилген. Кыргызстандагы билим уясынын жетекчисине түрк бийлиги эмнеге өчөшкөн? "Азаттык" бул окуянын тегерегинде анализ кылып көрмөкчү.
Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган журналист Актилек Капаров бошотууну талап кылып, колун кескилеп салганы тууралуу кат жазды. Жаза аткаруу кызматы журналисттин өмүрүнө коркунуч жок экенин, ал колун калем сап менен кескилегенин билдирди.
Казакстанда 2022-жылы январда кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов кыйноого кабылган окуяга байланыштуу Алматы шаарынын Полиция департаментинин башчысынын мурдагы орун басары Берик Абилбеков кармалды. Бул иш боюнча буга чейин төрт полиция кызмактери кармалган.
Алматы шаарынын полиция департаментинин башчысынын мурдагы орун басары Берик Абилбеков кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов кыйноого кабылган окуяга байланыштуу кармалды. Бул иш боюнча бешинчи полиция кызматкери кармалды.
Жыл сайын жүз миңдеген кыргызстандык жумуш издеп чет жактарга, негизинен Орусияга барат. Ошол эле учурда бул борборазиялык өлкөнүн өзүндө Түштүк Азиядан барган эмгек мигранттары көбөйүүдө.
Дагы жүктөңүз