Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:23

"Эл үмүтү" стипендиясынын жана "Акылман" лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө артыкчылык берүү сунушталууда


"Эл үмүтү" стипендиясынын ээлерине жана “Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө жогорку окуу жайга тапшырууда жана мамлекеттик кызматка ишке орношууда жеңилдиктерди берүү сунушталууда. Буга байланыштуу айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү Жогорку Кеңештин тармактык коммитети биринчи окууда талкуулап жатат. Президент Садыр Жапаров сунуштап жаткан өзгөртүүлөр тууралуу юстиция министри Аяз Баетов баяндама жасады. Анын айтымында, бул бүтүрүүчүлөр кадрлар резервине сынактан тышкары тартипте киргизилет. Ошондой эле "Акылман" лицейин бүткөн окуучулар окуу жайдын менчигине карабай жалпы республикалык тесттин жыйынтыгысыз кабыл алынат.

"Мамлекеттик билим берүү грантынын түшүнүгүнө грант алуучулар башка мамелкетте дагы окууга мүмкүнчүлүк алуу боюнча өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Аларга Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө мамлекеттик гранттын эсебинен окуу жайын жана окутуу формасын тандоо укугу берилет. "Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө Кыргызстан жана чет мамлекеттердин орто жана жогорку кечиптик билим берүү уюмдарында менчигинин түрүнө карабастан ЖРТнын жыйынтыгысыз окутуу үчүн мамлекеттик билим берүү грантын алууга укук берилет. Лицейдин бүтүрүүчүлөрү жана "Эл үмүтү" стипендиясынын ээлери мамлекеттик органдарга жумушка орношуунун артыкчылыгына ээ. Эгер окуунун баасы гранттын көлөмүнөн ашып кетсе айырмасын студент өзү төлөйт. Ал эми "Акылмандын" бүтүрүүчүлөрү үчүн толугу менен бюджеттен каржыланат деген өзгөртүү сунушталууда".

Депутат Дастан Бекешев бүтүрүүчүлөрдү сынактан тышкары кызматка алуу туура эмес экенин белгиледи:

"Окуу жайларга мамелкеттин кваотанын эсебинен кире берсин, аны калтырса болот. Бирок мамлекеттик, муниципалдык кызматка сынактан тышкары өткөнү туура эмес. Себеби лицейде окуган бир бала университетте жакшы окубаса эмне болот? Биз элдин эсебинен бүт элитардык шарттарды түзүп жатабыз. Сен эң башкысы ошол лицейге өттүңбү, анда сенде жарык жашоо болот дегендей жазып жатабыз. Эгер бала акылдуу болсо ал сынактан жеңил эле өтөт. "Эл үмүтү" стипендия алгандар милдеттүү түрдө иштеш керек".

Чолпон-Атада былтыр 25-августта адистештирилген жалпы билим берүүчү “Акылман" президенттик лицейи ачылган жана салтанатка Садыр Жапаров катышкан.

Лицейдин директору Эмил Рыскулов Кыргызстандын бардык аймагынан чогулган 1,5 миң окуучунун арасынан 75 окуучу тандалып алынганын билдирген.

“Эл үмүтү” аттуу эл аралык стипендиялардын жаңы программасын ачуу тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 2022-жылы 10-майда кол койгон.

Бул стипендия дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өткөн 50 магистрант, докторантка берилет. Акчанын көлөмү тандалып алынган университетке жараша аныкталары жана жыл сайын 50 миң доллардан ашпоого тийиш экени айтылган.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча ушул убакка чейин 35 кишиге стипендия берилген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG