Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:27

"Ата-энеси тирүү социалдык жетимдер көбөйдү"


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Зордук-зомбулук, миграция жана балдар үйү. Кыргызстанда балдар тушуккан көйгөйлөр арбын. Мындан улам алардын укугу жарытарлык деңгээлде корголуп жатат деп айтуу кыйын.

Кыргызстандын акыйкатчысынын орун басары Айчүрөк Назаралиева балдардын укугуна байланыштуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берет.

- Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө маектешип жатабыз. Кыргызстанда балдар камкордукка алынып, укуктары корголуп, толук кандуу өнүгүшү үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөн деп айта алабызбы?

- Мыйзамдарда шарттар түзүлгөн деп айта алам. Мыйзамда мамлекеттик органдар кандай иш алып барышы керектиги, баардыгы жазылган. Бирок иш жүзүндө алар кандай аткарылып жатканы боюнча суроолор бар.

Айчүрөк Назаралиева акыйкатчынын (Омбудсмен) орун басары.
Айчүрөк Назаралиева акыйкатчынын (Омбудсмен) орун басары.

- Акыркы убактарда наристе, өспүрүмдөргө үрөй учурган мамиле жасалганы ачыкка чыгууда. Балдарга карата зордук-зомбулуктарды азайтуу боюнча кандай аракеттер жүрүп жатат?

- Жабырлануучулар бейтапканага кайрылган учурлар жок дегенде бир жумада бир же болбосо айдын аягындабы сөзсүз Ички иштер министрлигине түшүп турушу керек. Тергөө органдардын маалыматында, иттин кепесинен табылган үч жаштагы кыздын буту сынганга чейин колу да сынган экен. Анда апасы ооруканага алып барып "өзү жыгылып кетти" деп амбулатордук дарылоо алышып, бейтапканага барышкан эмес. Ошон үчүн үй-бүлөлүк медициналык борборлорго түшкөн учурларда дароо катталып, кабар жумасына бир жолу жок дегенде милицияга өткөрүлүп берилиши керек.

Ар бир министрлик өз ишин мыйзам боюнча кыла берет. Бирок алардын кыймыл-аракеттери канчалык бири-бирине дал келип, канчалык бирин-бири толуктап, коштогону жеткиликтүү деңгээлде болбой жатат.

"Мониторинг жүргүзүп турабыз, 111 тез байланышы толук кандуу иштей албай жатат" деп бизге маалымат беришкен. Эмне себептен десек, "ал жакта психологдор жетиштүү болбой жатат" дешти. Жакшы психологдор аз маянага келбейт экен. Болбосо 111 тез байланышы бир гана билдирүүлөрдү, окуяларды каттабастан, психологдор жабырлануучуга дароо байланышып, моралдык жардам бериши керек да.

- Зордук-зомбулукка адатта эмгек мигранттарынын балдары көп кабылары айтылып келет. Тууган-туушкандардын колунда калган балдарды багып жаткан адамдар аларды жумшап алышат. Мындан улам балдардын билим алуусу начарлап, моралдык жактан дагы жабыр тартышат экен. Негизи эле эмгек миграциясында жүргөн жарандардын балдарына мамлекет тарабынан көзөмөл кандай жүргүзүлүшү керек?

- Мигранттардын балдарынын саны күндөн күнгө өсүп жатат. Бүгүнкү күндө 88 миңдей мигранттардын балдары каттоодо. Статистика боюнча балдарга карата жасалган зордук-зомбулук негизинен ошо үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан же болбосо жакын эле туугандары тарабынан, коңшу, балдарды билген кишилер тарабынан жасалып келет.

- Социалдык кызматкерлердин саны дагы жетишсиз деп жатышпайбы. Мындай учурда кантип мигранттардын балдарын асыраган адамдарга көзөмөлдү күчөтсө болот?

- Социалдык кызматкерлер жетишпей жатат. 700гө жакын кызматкер кары-картаңдарга, жалгыз бой жашагандарды кыдырууга эле жетишет экен. Балдар көп убактасын мектепте өткөрөт. Биздин мектептердеги мугалимдерди мигранттардын балдары менен сүйлөшүп, маалымат алганга дагы үйрөтүү абзел. Мугалимдерди дагы өзүнчө курстардан өткөрүш керек. Ар бир мугалимди. Эгер мугалим жакшы мамиле түзө алса, анда ошо бала эмне ичип-жеп, кандай шарттарда чоңоюп жатканын сурап билип алмак.

Азыр социалдык жетимдер көбөйдү. Ата-энесинин экөө тең бар, бирок ар кайсы себептер менен кароосуз калган балдар. Ата-энеси ажырашып кетип же экөө тең ичип көрүнгөн жерде жүрүшөт. Балдары кароосуз калгандыктан социалдык кызматкерлер аларды балдар үйүнө алып барат. Ата-энеси кайсыл жакта десең, атасы башка жерде, апасы башка жерде жүргөн болот. Дагы бир үй-бүлөнү сурасак, апасы каза болуп, атасы таштап кеткенин, аларга кам көргөн таенеси картайып, көзү көрбөй калганын айтышат.

- Кыргызстандагы чоң көйгөйлөрдүн бири - бул балдар үйүнүнөн тарбияланып чыккан өспүрүмдөр, алар көбүнесе көчөдө калышат. Буга жол берилбеши үчүн мамлекет тарабынан кандай иштер аткарылышы керек?

- Мыйзамда 18 жаштан кийин буларга акысыз турак жай берилиши керек деп жазылып турат. Өкмөт жакында ар бир жетим баланын депозитине 500 миң сомдон салына турганын айтты. Кийин ошол акчага кааласа үй сатып алат. Кааласа, өзүнүн билим алуусуна коротушу мүмкүн. Буюрса октябрдан баштап салына баштары айтылды. Акыйкатчы институту катары бүгүнкү күндө өзүбүздү ошол акчанын түшкөн же түшпөгөнүн көзөмөлдөөгө даярдап атабыз. Анткени жетим балдар “Биз ушуну чын эле алабызбы, колубузга тиеринен күмөнүбүз бар” деп кайрылып жатышат. Биз аларга керек болсо көзөмөлдөп бере алабыз деп убада бердик. Анткени парламенттик орган катары биз көзөмөл жүргүзө алабыз.

  • 16x9 Image

    Наргиза Асекова

    Наргиза Асекова “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG