Талибдер Кабулдагы бийликти 2021-жылы басып алгандан бери бедел-баркын көтөрүү амалын издеп жатат. Алар чет элдиктерди өлкөгө тартууга ынтызар болгону менен, аялдардын укугунун басмырланышы жергиликтүү туризмдин өнүгүшүнө кедергисин тийгизүүдө.
Талибандын репрессиялык саясатынан жана адам укугунун бузулушунан улам дүйнөнүн бир дагы өлкөсү алардын өкмөтүн расмий тааный элек.
Катаал исламчыл топ 2021-жылы бийликти басып алгандан бери зордук-зомбулук кыйла азайды дегени менен, өзүнүн эл аралык бедел-баркын бекемдөө үчүн чет элдик туристтерди тартууга бел байлады.
Талибдер жарнама жана чет элдик туристтерден акча табууга аракет кылып жатканына карабастан, оогандардын, айрыкча аялдардын иштөөсүнө тыюу салганы жергиликтүү туризм индустриясынын өсүшүнө тоскоол болууда.
Ооганстандык журналист Сами Юсуфзай: "Талибан туризмди кубаттайт, анткени бул алардын өкмөтү үчүн чоң пропагандалык мааниге ээ. Талибдер элдин туризмге болгон кызыгуусун пайдаланып, өздөрү башкарып жаткан өлкөнү дүйнө жүзүнө жакшы көрсөтүүнү каалашат", - деди.
Соңку жылдары Ооганстанга барган туристтердин саны тынымсыз өсүүдө. 2021-жылы 691 турист барса, 2022-жылы 2300, ал эми талибдердин эсеби боюнча былтыр алардын саны жети миңге жеткен.
Чет элдик туристтерди өлкөнүн байыркы тарыхы жана кооз жаратылышы кызыктырат. Зыяратчылардын эң чоң тобун кытайлык туристтер түзөт. Ири авиакомпаниялар 2021-жылдан кийин Ооганстанга каттамдарын токтотушкан, бирок айрымдары кайра каттай башташкан.
Талибандын расмий өкүлдөрү туризм ооганстандыктардын капчыгын кампайтып жатканын, алардын көбү жумушсуздук жана жакырчылыктын шартында жашоо үчүн күрөшүп жатканын баса белгилешет.
Бирок Ооганстандын туризм индустриясы олуттуу кыйынчылыктарга туш болууда.
Виза кымбат, аны алуу кыйынга турат. Талибан бийликке кайтып келгенден кийин көп өлкөлөр Ооганстан менен байланышын үзгөн. Дүйнөнүн бир да өлкөсү Талибан режимин тааныбайт. Көптөгөн Батыш өлкөлөрүндөгү ооган элчиликтери ишмердигин токтотту же убактылуу жапты.
Ошондой эле талибдер визаны кимге берип-бербеш керектигин тандайт. Алсак, чет элдик журналисттердин жана укук коргоочулардын өлкөгө кирүүсүнө жана иштөөсүнө тыюу салынган.
Чөт өлкөлүк туристтин колунда визасы болсо да туристтик жайларга баруу жана жергиликтүүлөрдү сүрөткө жана видеого тартуу үчүн талибдерден жазуу түрүндө уруксат алышы керек.
Коопсуздук маселеси да курч бойдон калууда. Май айында "Ислам мамлекети-Хорасан" террордук уюму Ооганстандын борбордук бөлүгүндөгү Бамиан провинциясында алты чет элдик жана жергиликтүү туристти өлтүргөн.
Аталган топтун согушкерлери буга чейин да Ооганстандагы чет элдиктерге жана элчиликтерге кол салышкан.
"Чындык капкараңгы"
Талибдер чет элдик туристтер, анын ичинен ютуб-блогерлер тарткан видеолор жана сүрөттөр аркылуу өлкөнүн бакубат жашоосун көрсөтүүгө аракет кылууда.
"Талибдер бул ютуберлер талашып-тартышууга кызыкпай турганын билишет. Ошондуктан алар бул ютуберлерди "позитивдүү" репортаждарды жасай турган жерлерге жөнөтүүнү пландаштырууда", - дейт Юсуфзай.
Чет элдик туристтердин Ооганстанда тарткан видеолорунун көбүндө талибдердин телегейи тегиз жана меймандос эл экени көрсөтүлөт. Ошондой эле өлкөнүн салыштырмалуу коопсуз экенин айтылып, оогандар талибдердин тушунда бактылуу жашап жатканы чагылдырылат.
Барган сайын социалдык тармактарда активдүү боло баштаган талибдер бул видеолорду ар кандай аянтчаларда утур-утуру жарнамалап турушат.
"Талибан" кыймылы ошондой эле чет өлкөлүк турист аялдарга тарыхый жайларга жана парктарга кирүүгө уруксат берет, бирок жергиликтүү кыз-келиндерге тыюу салынган.
Талибдер көпчүлүк тармактарда аялдардын иштөөсүнө, паркка жана спортзалга баруусуна, орто жана жогорку билим алуусуна тыюу салып койгон. Мындай чектөөлөрдү БУУ "гендердик апартеид" деп атаган.
Улуу Британияда жашаган ооганстандык изилдөөчү Назифа Хакпал: "Бул аракеттер коркунучтуу жана чындыкты бурмалайт. Талибандын ырайымсыз бийлигинин тушундагы чындык капкараңгы. Журналисттерден айырмаланып, ютуберлер бейтараптуулукка жана кесиптик этикага баш ийбейт, бул аларды талибдер оңой эле алдап коюшуна шарт түзөт", - дейт ал.
Айрым ооган аялдары чет элдик туристтер талибдердин ою менен болуп, алардын азап тарткан абалын актап жатканын айтышууда.
"Биздин жашообуз күндөн күнгө начарлап баратат", - деди "Азаттыктын" ооган кызматына ("Азади" радиосуна) Бамиан провинциясында жашаган Арезо аттуу кыз.
"Талибан" өкмөтү чет элдиктерди өлкөгө тартууга аракет кылганы менен, өздөрү киргизген катаал чектөөлөр жергиликтүү туризмдин өсүшүнө тоскоол болууда.
Былтыр талибдер аялдарга Бамиандагы "Банд-е Амир" атындагы улуттук паркка кирүүгө тыюу салган. Көгүлтүр тунук көлү бар жана бийик аскалардан турган бул парк - өлкөнүн эң популярдуу туристтик жайларынын бири.
Арезо талибдер ооган аялдарынын эң жөнөкөй укуктарын чектеп атканын айтат.
"Тилекке каршы, талибдер ооган аялдарынын туризм менен алектенишине же эс алуусуна тыюу салышат", - дейт баш калаа Кабулда жашаган Зала "Азади радиосуна" берген маегинде.
"Бизге мекенибиздеги жаратылыштын кооздугун жана тарыхый жерлерди көрүүгө тыюу салынган", - деп кошумчалады ал.
Соңку жылдары согушкерлер ооган аялдарынын спорт залдарга, коомдук мончолорго жана шаардык парктарга баруусуна тыюу салышкан.