Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:17

Инандынын иши: суверендүүлүк маселесин козгогон адам уурдоо


Орхан Инанды жана ал уурдалганда ЖМКга чыккан маалыматтар (коллаж)
Орхан Инанды жана ал уурдалганда ЖМКга чыккан маалыматтар (коллаж)

Мындан үч жыл мурда “Сапат" билим берүү мекемесинин мурдагы президенти, Орхан Инанды Бишкектен уурдалып, Түркияга жеткирилген. Кыргызстандагы билим уясынын жетекчисине түрк бийлиги эмнеге өчөшкөн? "Азаттык" бул окуянын тегерегинде анализ кылып көрмөкчү.

Мындан үч жыл мурда, 2021-жылы 1-июнда Орхан Инанды уурдалганы тууралуу маалымат чагылгандай тез тарады.

Кыргызстанда 25 жылдан бери иштеп жүргөн түрк мугалимдин айдап жүргөн автоунаасы Бишкектен табылды. Кесиптештери бул ишке Түркиянын атайын кызматтарынын катышы болушу мүмкүн деп шек санап, бул өлкөнүн элчилигинин алдында акция өткөрүштү. Аны кайтаруу талабы коюлганына карабай мугалим ушу күнгө чейин түрк абагында кармалууда.

Кара башыл адам уурдалып, Кыргызстандагы коопсуздукка байланыштуу маселени козгогон ошол окуя тууралуу кеп башынан болсун.

Инандынын көрсөтмөсү

"30-майда Бишкекте саат түнкү 11 чамасында автоунаама отуруп жатканымда бир кыргыз киши күч менен башка унаага отургузду. Унаада үч киши болчу, алардын экөө кыргыз экенин байкадым. Бишкектен Кара-Балта тарапты көздөй 15 мүнөттөй жүргөндөн кийин унааны алмаштырып, минивенге салышты. Анын алдында мага бир ийне сайып, көзүмдү таңышты. Унаага күчкө салып отургузуп жатышканда колум сынды. Эки жагыма эки киши отурду, алардын да бири кыргыз экенин байкадым. Бул унаа менен Өзбекстан тарапка бет алдык окшойт, жолдо узун туннелден өткөнүбүздү билем. Эс-мас абалда болгонум үчүн элес-булас гана байкап жаттым. Кийин эски моделдеги "Мерседес" унаасына которушту. Аны менен бир сааттай жүрүп, Өзбекстан же Тажикстандын чек арасынан токтоосуз өттүк. Бир канча жол жүргөндөн кийин учактын добушу угулду..."

Бул “Сапат" билим берүү мекемесинин мурдагы президенти, мындан үч жыл мурда Бишкектен уурдалып, Түркияга жеткирилген Орхан Инандынын Анкара адвокаттар бирикмесинин адам укуктары борборуна берген көрсөтмөсү.

Инанды уурдалганда өзүн чакан учакка отургузушканын, коштоп жүргөндөрдүн бири ага чейин аны менен унаага түшкөнүн байкаган. Учакта бараткандар жол бою утур-утур сабап турушканын, видеого тартып, ар кандай орой сөздөрдү сүйлөп, сөгүнгөнүн айтып берген.

Инанды көзү таңылуу болгону үчүн Түркиянын кайсы аэропортуна алып барышканын билген эмес. Ал жактан автоунаага салып, бир имараттын жертөлөсүнө алып барышкан. Ал жерде кармалган убакта эки маал тамак берилип, ажатканага үч жолу гана барууга уруксат берилген.

Алгачкы суракта ага "биз мамлекетпиз, сени өлтүрүп коюшубуз да мүмкүн, ошондуктан бүт баарын айтып бересиң" деген коркутуу, улам уруп-сабоолор болуп турганын айткан. Мындай сурактар бир нече ирет болуп, кийин ал жуунуп-тазаланып, сакалын алган, ага башка кийим беришкен. Анан бир бөлмөгө алып киришип, сүрөткө тартышкан. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Инандынын кармалганын түз эфирде жарыя кылганда ошол сүрөт көрсөтүлгөн.

"Апасы уулунун камалганын билбейт"

Орхан Инандынын адвокаты Теоман Өзкан буларды айтып берди:

"Кийин Анкаранын коопсуздук башкармалыгынын терроризм менен күрөшүү бөлүмүнө өткөрүп берилген. Ал жерде да сынган колу дарыланган эмес. Медициналык кароодон өтүп, колу сынганы аныкталган чакта деле "алгач көрсөтмө бересиң, андан соң дарыланасың" деген шарт коюп, суракка ала башташкан. Ооруканага жаткырылгандан кийин деле дарыланган жок. Сот аркылуу ар кандай талаптарды коюп, басым көрсөтүп жатып, аягында анын колун дарылай башташкан. Бул убакытта соттук процесстер жүрүп жатты, Инанды сол колу менен кыйналып жазып жүрдү".

Анкаранын кылмыш соту былтыр 16-июнда Инандыны 21 жылга абакка кескен. Мунун алдында прокуратура аны "куралдуу террордук топту түзүү же башкарууга" айыптап, 15 жылдан 22 жарым жылга чейин эркинен ажыратууну сураган. Адвокатынын айтымында, сот процессинде көп суроолор Инандынын Кыргызстандагы ишмердиги тууралуу берилген. Ал билим берүү тармагында ачык ишмердик жүргүзгөнүн, эч кандай мыйзамсыз аракеттер болбогонун айтып берген.

"Биз процедурага ылайык келтирилген өтүнүчтөрүбүзгө карабай, сотто мурдатан анык болгон чечими бар эле. Ошентип "уюмду башкаруу" айыбына коюлган эң чоң жаза тандалды. Иш кийинки инстанцияда каралып, биринчи инстанциянын чечими күчүндө калтырылды. Иш азыр Жогорку Сотто териштирилип жатат. Ушул жылы чечим чыгат деп күтүп жатабыз. Бирок бул инстанция дагы баштапкы чечимди күчүндө калтырат деп ойлойм. Себеби, Инанды үчүн мурунтан эле кабыл алынган чечим бар, ал этап-этабы менен мыйзамдаштырылып жатат. Сот башка чечим кабыл ала турган абалда эмес. Алдыда Конституциялык сотко, кийин Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылабыз", - деди Өзкан.

Рейхан Инанды.
Рейхан Инанды.

Инанды Кыргызстандан уурдалып кеткенден алты айдан кийин анын Бишкекте калган үй-бүлөсү Бириккен Улуттар Уюмунун катышуусу менен Канадага чыгып кеткени белгилүү болду. Ал эми анын апасы уулун дагы эле Кыргызстанда ишин улантып жатат деп билет.

"Бириккен Улуттар Уюму бизди Канадага алып келишти. Азыр ушул жактабыз. Декабрь айында биздин келгенибизге үч жыл толот. Орхан бей бир аптада бир бизге, кийинки апта апасына телефон чалып турат. Апабыз 90 жашка чыккан, ал дагы эле уулунун абакта экенин билбейт. Аны Кыргызстандан байланышып жатат деп ойлоп жүрөт. Айына бир жолу абак жайына барып жолугууга уруксат берилет. Ошол маалда өзүнүн жана менин туугандарым барып, андан кабар алып турушат. Анын абалын адвокаттарынан да билип турабыз. Ушунчасына да шүгүр", - Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды.

Суроо жараткан суверендүүлүк

2021-жылы Инандынын Бишкекте белгисиз жагдайда жоголгону 1-июнда коомчулукка белгилүү болгон. Анын коопсуздугуна камтама болгондор алгач Түркия элчилигинин имаратынын астына чогулуп, кийин мындай акциялар өкмөт үйүнүн, Ак үйдүн астында, Бириккен Улуттар Уюмунун имаратынын алдында да өтүп турган.

Ички иштер министрлиги ошол жылы 2-июнда Кылмыш-жаза кодексинин "Адам уурдоо" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, издөө иштерин жүргүзгөн.

Башкы прокуратура да ошол замат чек ара кызматкерлерине карата "шалаакылык" жана "чек арада кызмат өтөө эрежесин бузуу" беренелери боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин баштаган. Мекеме бул иш токтотулганын, буга кылмышка шектүүнүн аныкталбаганы себеп болгонун "Азаттыкка" быйыл 31-майда ырастады.

Ички иштер министрлигинин "адам уурдоо" беренеси менен козгогон кылмыш ишинин дайыны жок. Мекеме андан бери эч кандай маалымат берген эмес.

Орхан Инандынын Кыргызстандагы адвокаты Таалайгүл Токтакунова мындай дейт:

"Анын чек арадан өткөнү ачыкка чыккандан кийин бул үчүн бирөөнү жазага тарткыла деген талап коюлган. Мага ошол маалда Чек ара кызматынын жооптуу адамдарына кылмыш иши козголду деген кат келген. Ошол кезде да, кийин да мунун жыйынтыгы боюнча маалымат берилген жок".

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган ошол жылы 5-июлда өкмөттүн жыйыны түз эфирде чагылдырылып жатканда Инандынын атайын кызмат тарабынан алып барылганын жарыялаган.

"Улуттук чалгын кызматынын күжүрмөн ишмердигинин арты менен ФЕТОнун (Түркия аны террордук уюм деп атайт-ред.) Борбор Азия боюнча жооптуусу Орхан Инанды өлкөгө алып келинди".

Эрдогандын бул билдирүүсүнөн кийин Инандынын кайда жана кандай жагдайда жеткирилгени анык болгону менен, башка бир катар суроолорду пайда кылган. Кыргыз жарандыгын алган Инанды чек арадан кантип өткөрүлгөн, аны алып чыгып кетүүгө кимдер көмөктөшкөн, эмнеге соттук териштирүү Кыргызстанда болгон эмес деген талкуулар жүрө баштаган.

Мурдагы парламенттин төрагасы, учурда Германиядагы Кыргызстандын элчиси Өмүрбек Текебаев Инандынын уурдалышын мамлекеттин суверендүүлүгүнө кол салууга барабар деп сыпаттаган.

“Түрк атайын кызматтарынын Кыргызстандын территориясында эркин жүрүп, Кыргызстандын жарандарын уурдап кеткендиги бул биздин мамлекеттин, Кыргызстандын суверендүүлүгүнө, анын мамлекеттик кызыкчылыгына кол салганга тете аракет. Суверенитет четинен кертилип сатылбаш керек. Ошондуктан, бул окуяга Кыргыз бийлиги тарабынан кечиктирилбестен адекваттуу тиешелүү баа берилиши керек, ошого жараша кыргыз бийлиги тиешелүү аракеттерди жасаш керек”, - деген Текебаев.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев Кыргызстан өз жарандыгын берген адамдардын укугун коргошу керек экенин айткан.

“Тышкы иштер министрлиги нота бериш керек. Кыргызстандын эл аралык аброю, укуктук базасына шек келди. Эл аралык имиджибизди сактап калуу үчүн эң биринчи кадам артка кайтаруу үчүн жолдорун издешибиз керек. Мыйзамды тебелеп, тепсеп, эгемендүүлүгүбүзгө шек келтирип, башка өлкөнүн атайын кызматы алып кеткени уят, тарых алдындагы кара так болуп калды”, - деген Нурбаев.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Иманалиев дагы мамлекет Инандыны кайтарып ала албаса да, Тышкы иштер министрлиги нота тапшырышы керектигин белгилеген.

"Дипломатия деген бар, Кыргызстандын атуулу болгондон кийин биздин Тышкы иштер министрлиги нота бериш керек. Иш жүзүндө кайтарып бербейт. Анткени алардын президентинин деңгээлдинде дүйнөлүк террорчуну кармагандай жарыя салганына караганда, алар үчүн Орхан Инанды өтө таасирдүү фигура экенин билдик. Бирок биз тышкы саясатка байланыштуу мыйзамдарга, Вена конвенциясына ылайык нота берип, өз аракетибизди кылышыбыз керек. Биздин беделибиз абдан тебеленди, ага карабастан кандайдыр бир формалдуулуктарды Тышкы иштер министрлиги ишке ашырышы зарыл", - деген Иманалиев.

Мына ушундай билдирүүлөрдөн кийин президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Тышкы иштер министрлиги 2021-жылы июль айында Түркияга нота жолдоп, Инандыны Кыргызстанга кайтаруу талабын койгон.

Кыргыз бийлигинин жообу, жарандык маселеси

Индандынын уурдалышы тууралуу президент Жапаров окуядан төрт жарым айдан кийин маалымат жыйында үн каткан.

"Биз бийликке келгенге чейин эле аны Ош тараптан алып чыгып кетүүгө аракет болгон экен. Биз бийликке келгенден кийин мындай аракет болуптур. Камчыбек Ташиев өзүн чакырып алып айтыптыр, ал өзү да "кабарым бар, 3-4 жылдан бери жүрүшөт" дептир. Ташиев өзүң жалгыз жүрбөгүн, кеминде 2-3 адам менен жүр деп эскерткен. Албетте, мамлекеттик кызматкерлердин убагында карап, көзөмөлгө албаган кемчилик жагы бар".

Кыргыз бийлиги Инандынын уурдалышы боюнча окуянын арты менен анын кыргыз жарандыгын алышынын мыйзамдуулугуна күмөн санай баштаган.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ошол жылы 8-июлда буларды айткан:

"Анын эки жарандыгы болгон. Эки өлкөнүн тең паспортун колдонуп жүргөн. Бул деген мыйзам бузуу. Биз муну мурда билсек, аны жоопко тартмакпыз".

Ошол жылы июлда Инандыга жана башка он түркиялыкка 2016-жылы кыргыз жарандыгы мыйзамсыз берилген деген айып менен кылмыш иши козголот.

Ошол иштин негизинде экс-президент Алмазбек Атамбаевге, анын ошол кездеги аппарат башчысы Фарид Ниязовго, Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевге жана Жарандык маселелер комиссиясынын мурдагы катчысы Эрнис Апиловго “Коррупция” жана “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” беренелери боюнча айып тагылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл, 18-мартта өкүм чыгарып, алардын аракетинде кылмыштын курамы жок деп таап, баарын актаган. Ошентип Инандыга кыргыз жарандыгы мыйзамдуу берилген деген расмий бүтүм чыккан.

"Анын кыргыз жарандыгын алгандыгы да, анын мыйзамдуу экени да ошондо эле анык болчу. Анткени эле кечээ келип эле бүгүн паспорт алган жок. 1994-жылдан бери ушул жерде жашап, иштеп, документтерин мыйзамга ылайык тапшырып, паспорт алып жатат. Ошол маалда анда Түркиянын да паспорту болгон. Биздин Баш мыйзамда жарандык башка өлкөнүн жаранына берилет деп жазылган. Башка өлкөнүн да жарандыгы бар болгондорго мамлекеттик кызматтарга гана иштегенге уруксат берилбейт", - дейт Инандынын адвокаты Токтакунова.

Орхан Инанды 2021-жылы сентябрда Түркиянын жарандыгынан баш тартууга арыз бергени белгилүү болгон.

Эл аралык реакция

2021-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыйноолорго каршы комитети Орхан Инандынын уурдалып, кыйноого кабылып, Түркияга жеткирилишине Кыргызстандын күнөөсү бар экенин билдирген.

"Кыргызстан Кыйноолорго каршы конвенциянын 3-беренесин аткарган жок. Бул берене бир дагы мүчө-мамлекет жаранга олуттуу коркунуч туулуп жатса, аны башка мамлекетке кайтарып, жиберип же берүүгө укугу жок. Кыргызстан Орхан Инандынын жоголушун тыкыр иликтеген эмес",- деп белгиленген билдирүүдө.


Улуттар Уюмунун сессиясында Орхан Инанды менен кошо эле өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин, казакстандык активист Мурат Тунгысбаевдин мекенине кайтарылганы да сынга алынып, Кыргызстан куугунтукка алынган адамдарга башпаанек бергендин ордуна, аларды кыйноо күтүп турган өлкөлөргө кайтарып берген мамлекет катары белгиленген.

"Кыргызстанды унутпайбыз"

Ошентип Кыргызстанда Инандынын уурдалганына байланыштуу мамлекеттин деңгээлинде жүргөн териштирүүлөр токтоп, бул маселе күн тартибинен алынган абалда. Анын Түркиядагы адвокаттары ушул жылы боло турган Жогорку Соттун процессине даярдык көрүп жатканы менен, соттон бөтөнчө чечим болоруна ишенбей турушат.

Анын үй-бүлөсү болсо, Инанды менен жарым айда телефондон бир сүйлөшүп, анда-санда абактан тартылган сүрөтүн көрүп турганга, анын амандыгына кайыл.

"Буюрса, Кыргызстанга дагы барабыз. Жолдошум эркиндикке чыккан соң албетте барабыз. Анын ою, санаасы Кыргызстанда. Биз Кыргызстанды унутпайбыз. Мен мындай жагымсыз окуя менен ал жакта биз көргөн сый мамилени достукту жокко чыгаргым келбейт. Биз Кыргызстанды эч качан унутпайбыз", - дейт жубайы Рейхан Инанды.

Орхан Инанды уурдалгандан кийин Кыргызстандын жашоочуларына ыр түрүндө кат жолдоп, анда сөзсүз кайтып келерин жазган.

56 жаштагы Орхан Инанды 1995-жылы Кыргызстанга келген. Ал "Сапат" билим берүү мекемесинде эмгектенип, Түркияга уурдалып кеткенге чейин бул мекемени жетектеп турган. Учурда ал Анкара шаарындагы №1 Синжан жаза аткаруу жайында абакта кармалууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG