Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:35

Депутат Көкүлов жалган жалаа үчүн айып салуу айрым гана адамдарга иштей турганын айтты


Эрулан Көкүлов.
Эрулан Көкүлов.

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоору кабыл алынса ал айрым гана адамдарга иштей турганын билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 7-октябрдагы жыйынында айтты.

“Ооба, бул мыйзам долбоору иштейт. Бирок айрым гана адамдарга иштейт. Силер иштете алган гана кишилерге иштейт. Тилекке каршы, жөнөкөй адамдарга андай болбойт. Социалдык тармактарда көзөмөл болушу керек. Бирок силер ошону ишке ашыра албай атпайсыңарбы. Силер буга чейин эле тартипке салып койгондо азыркы мыйзам долбоорун алып келиштин кереги жок эле”, - деди ал.

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков социалдык тармактарда бирөөгө жалаа жапкан маалыматтар көбөйүп жатканын жана сунушталып жаткан документ аларды жөнгө салууга жардам берерин айтты.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайтта, сайттын социалдык тармактардагы баракчасында жалган маалымат тараткан адамдарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салуу сунушун берген. “Укук бузуулар жөнүндө” кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоор 27-августта коомдук талкууга коюлган.

Мыйзам долбоору кабыл алынса аны аткаруу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлөт жана кайсы бир адамдын арызы боюнча айып пул салуу же салбоону министрлик чечет. Депутат Элдар Абакиров айып пул салууну министрлик эмес сот чечиши керектигин айтты.

Социалдык саясат боюнча комитет документти биринчи окууда кабыл алды.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева буга чейин өкмөттү документти артка кайтарууга чакырган. Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде мыйзам долбоорун колдой турганын, бирок 100-200 миң айып салууга каршы экенин айткан жана анын суммасын “депутаттар чечсин” деген.

Маданият министрлигинин маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева “Укук бузуулар жөнүндө” кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунун демилгечиси президенттин администрациясы экенин жарыялаган.

Кыргызстан Freedom House, Human Rights Watch (HRW) сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын акыркы баяндамасында төртүнчү жылы катары менен “эркин эмес” мамлекет деп аталды. Буга өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгону негиз кылынган.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG