Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:22

Кыргызстанда 2025-жылы ажылыкка бара тургандарды каттоо башталды


Ажылыктан келген кыргызстандыктар. Ош эл аралык аэропорту. 23-июнь, 2024-жыл.
Ажылыктан келген кыргызстандыктар. Ош эл аралык аэропорту. 23-июнь, 2024-жыл.

7-октябрда Кыргызстанда 2025-жылы ажылыкка бара тургандарды каттоо башталып, 3258 киши баштапкы 2000 долларды жана кайтарымсыз 1200 сомду “Элдик банкка” (мурдагы РСК Банк) төлөдү. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы каражат которбогондор электрондук базага катталбай турганын билдирди.

Сауд Арабиясынын Ажылык жана умра министрлиги 2025-жылдагы ажылык үчүн Кыргызстанга 6 миң квота бөлгөн.

Сауд Арабиясынын Саламаттык сактоо министрлиги ажылык сапарга бара тургандарга бир катар медициналык талаптарды койгон. Ага ылайык, гемодиализ алып жаткандар, кычкылтек бет кабын колдонууну талап кылган өнөкөт өпкө оорусу барлар, боор циррозуна, химиотерапия алып жаткан рак оорусу барларга ажылыкка барууга уруксат берилбейт. Бул тизмеге кургак учук сыяктуу жугуштуу ооруларга кабылгандар, өз алдынча кыймылдай албагандар да кошулган.

Сауд Арабиясы 2024-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн. Ажылыкка баруунун акысы 3750 АКШ доллары деп бекитилген.

Ажылык – ислам дининдеги негизги беш парздын бири. Быйыл ажылык зыярат 14-19-июнда болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG