Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:42

"Аба жетпей калды деп суранган". Милиция кармаган жарандын өлүмү иликтенүүдө


Интернетке тараган видеодон алынган сүрөт.
Интернетке тараган видеодон алынган сүрөт.

Башкы прокуратура Бишкектин тургуну Иван Сологубовдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Маркумдун жакындары Сологубовго милиция кызматкерлери күч колдонгон деп айыптап, ишти адилет тергөөнү суранып президентке кайрылды. Ички иштер министрлиги дооматтарды четке кагууда.

"Аба жетпей калды, суранам"

Интернетте тараган видеодо аялдаманын жанында милиция кызматкери бир кишинин башын жерге ныгырып, колу менен басып турганын көрүүгө болот. Алдында жаткан киши демигип “аба керек” деп жатканы угулат. 21 секунддук бул видеодогу Иван Сологубов дал ушул тасма тартылган жерде каза болгонун жакындары айтып, өлкө жетекчисине кайрылды.

Бул окуя боюнча Башкы прокуратура Кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси (“Ден соолукка оор залал келтирүү”) менен кылмыш ишин козгоду. Көзөмөл орган тараткан маалыматка ылайык, маркум милиция кызматкерлеринин күч колдонуусунан улам көз жумган.

“Ал жаран Бишкек шаарынын Манас жана Жибек Жолу проспектилеринин кесилишинен жогорудагы милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, ага карата күч колдонулган. И.С. жана ошол жердеги окуяга күбө болгон жарандардын И.Сга дем ала албай жатканын айтканына жана коё бер деген суранычтарына көңүл бурбай, анын моюн-жаак тарабынан катуу басып жатып алгандын кесепетинен И.С. ошол жерден каза болгон”, - деп айтылат прокуратуранын маалыматында.

Башкы прокуратуранын кабарлашынча, 9-август күнү саат 22:37 чамасында милицияга Жибек Жолу көчөсүндөгү Улуттук университеттин жатаканасынын 3-кабатынан “өз өмүрүнө кол салууга аракет кылып жаткан жаран” жөнүндө билдирүү түшкөн. Ал жерге Бишкек шаардык милициясынын К.Б. жана Д.Т. аттуу кызматкерлери барган учурда ал жаран качып кетүүгө аракет кылган.

"Одоно күч колдонушкан"

Маркум Сологубовдун жакындары анын өлүмүнө милиция кызматкерлерин күнөөлөп, адилеттик издеп президент Садыр Жапаровго кайрылды. Маркумдун иниси Арсений Сологубов аталган милиция кызматкерлерине карата “киши өлтүрүү” беренеси коюлуп, катаал жазасын алышы керек деп эсептейт.

“Кармоо учурунда милиция одоно күч колдонуп, агам жабыркап, каза болду. Милиция кызматкерлеринин аракетинин жыйынтыгында атам баласыз, мен агасыз, аялы күйөөсүз, балдары атасыз калды. Урматтуу Садыр Жапаров, жеке өзүңүз көзөмөлгө алууңузду суранам”, - деди Арсений Сологубов.

Иван Сологубов үй-бүлөсү менен
Иван Сологубов үй-бүлөсү менен

ИИМдин окуя боюнча маалыматы

Ички иштер министрлиги (ИИМ) маркумдун өлүмү боюнча өз версиясын айтып жатат. Окуянын башында милиция жогорку окуу жайдын 3-кабатынан секирүүгө аракет кылган киши көчөгө качып чыгып, белгисиз себептен улам каза болгону жөнүндө маалымат тараткан.

Сологубовдун өлүмү Интернетте кызуу талкууланып, милициянын дарегине сын-пикир айтыла баштагандан кийин ИИМ бир нече күбө делген адамдардын сүйлөтүп, атайын видео жарыялады.

Анда Иван Сологубов психиатриялык ооруканада дарыланып, каттоодо турганы жана маңзатка көз каранды экени айтылат. Милиция ал мурда бир нече жолу соттолгонун да белгилеген.

“Ал психиатриялык ооруканада сегиз жолу стационардык дарылануудан өтүп, психикасы бузулган деген диагноз менен каттоодо тургандыгы такталган. Ошондой эле баңгизатка көз каранды экени, наркологиялык ооруканада каттоодо тургандыгы аныкталган. Мындан тышкары 2010-жылдан бери бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылып, уурулук, денеге залал келтирүү жана бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөткөнү же опуза кылганы үчүн соттолгон”, - деп айтылат милиция тараткан видеодо.

Ошондой эле видеодо окуянын күбөсү делген киши буларды айтып жатат.

“Кишилер жардам берип, анын колу-бутунан кармай баштады. Бизге чейин бир байке бутунан басып тураган. Ал тердеп кетип жардам берип койгулачы дегенинен мен бутунан бастым. Эгерде УПСМ кармабаганда, ал балким качып кетип, бул жактан машине сүзүп каза болмок”, - деди милиция тараткан видеодогу киши.

"Милиция актанууга аракет кылып жатат"

Маркумдун иниси Арсений Сологубов милиция "өзүн актоо" үчүн ар кыл маалыматтарды таратып жатат деп нааразы. Ал агасынын наркологиялык ооруканада каттоодо турганы, мурда соттолгону анын өлүмү менен эч кандай байланышы жок экенин “Азаттыкка” айтып берди:

“Өлүп бараткан акыркы мүнөттөрүндө ал багынып берген, “дем жетпей калды” деп суранып жатат. Кызматкерлер атайын кылганын видеодо көрүнүп турбайбы. Ага кошумча, милиция кызматкерлери медициналык жардам көрсөткөн эмес, алар "Тез жардам" чакырышы керек болчу. Ооба, ал каттоодо турган, жеңил беренелер менен соттолгон, эч кимди өлтүргөн эмес. Өзүңөр ойлосоңор, алардын бул жерде эмне тиешеси бар? Милиция өзүн актаганга аракет кылып, “коркунучтуу кылмышкерди” кармагандай жазып жатат. Алар баратканда ким экенин билишкен эмес да”, - деди Арсений.

37-жаштагы Иван Сологубовдун аялы, бир баласы бар. Ал бокс боюнча спорт чебери наамына талапкер. Машине сырдоо боюнча адис болгон.

Март айында Кочкор-Ата шаарында милиция кызматкерлеринин "майда бейбаштык" кылган кишини кооптуу кылмышкердей кармап кеткени коомдо катуу сынга кабылган. Анда укук коргоо органдарынын беткапчан кызматкерлери бир адамды жерге жаткызып кармап жаткан кезде аларда өспүрүм бала чуркап келип, тээп жибергенин көрүүгө болот.

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков мындай окуялардын кайталанбашы үчүн күч органдарындагы реформаны адегенде кызматкерлердин кесипкөйлүгүнөн баштоо керек экенин белгилейт. Ал айрым милиция кызматкерлери иште ашыкча агрессия көрсөтөрүн байкаганын айтты.

“Реформа деген автоунаа сатып алуу, базасын чыңдоо, имарат салуу эмес. Алардын адистигин кароо керек. Бизде баягы эле ИИМ академиясы же Орусиядагы ФСБны бүтүп келишет. Бул мындай кармоолордун бизге көрүнүп калганы эле. Мен беш күн камалып чыккам. Ошондуктан алардын мамилесин, абалын жакшы билем”, - деди Аскарбеков.

2021-жылы Бишкектин көчөлөрүнүн биринде милиционер айдоочуну атып өлтүргөн деп шек саналып кармалган окуя катталган.

Андан мурун 2019-жылы Биринчи май райондук соту 2017-жылы эки кишинин өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу ишти карап, милиция кызматкерин үч жылга эркинен ажыратып, дагы бир кызматкерди актаган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG