2024-жылы 25-октябрда Кыргыз Республикасынын Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбору Жайыл районундагы аялдар үчүн социалдык стационардык мекемени текшерүү учурунда кызмат алуучуларга карата адамгерчиликсиз мамиле жасалганын аныктады.
Мамлекеттик экспертизанын кемчиликтерин айтып чыккан соң камакка алынган илимий кызматкер Жоомарт Карабаев үй камагына бошотулду.
Чүйдүн Сокулук районунда күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылган 22 жаштагы келин оор абалда ооруканага түштү. Милиция кылмышка шек саналып келиндин күйөөсү кармалганын билдирди.
Мындан туура эки жыл мурда, 2022-жылы 23-октябрда Кемпир-Абадды коргоо комитетин түзүүнү демилгелеп, Бишкекте чогулган отузга жакын саясатчы, активист “бийликти күч менен басып алууга” айыпталып, камакка алынган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту киши колдуу болгон Рахима Айкымбаева боюнча өкүм чыгарып, күйөөсү Калыбек Байсаловду 15 жылга кести. Үч баланын энеси, 34 жаштагы Айкымбаева быйыл апрелде өзү жашаган үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Сот чечими айрым укук коргоочулардын нааразылыгын жаратты.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстанда ар бир төртүнчү никеге тургандар ажырашат. Адатта аялдарга балдары менен чет өлкөгө чыгууга атасы уруксат бербей, паспорт алууда да кыйынчылык жаралат. Мындай учурда аялдардын жана балдардын укуктары кандай корголот?
Беш жылга кесилген абактагы жарандык активист Зарина Төрөкулова айып изоляторуна камалганы маалым болду. Анын кызы апасы жүрөгү ооруганына карабай, темир тор артында катаал мамилеге кабылганын айтат. Жаза аткаруу кызматы Төрөкулова "ички тартипти бузганы үчүн" ушундай чара көрүлгөнүн билдирди.
Ютубдагы "За правду" баракчасынын ээси Азамат Карабаевди Ноокат райондук соту 22-ноябрга чейин камакка алды.
22-23-октябрда Москванын Шереметьево аэропортунда Ош - Москва, Бишкек - Москва каттамы менен барган ондогон кыргызстандык артка кайтарылды. Орусиянын чек арачылары муну коопсуздук менен байланыштырган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, бул маселе көзөмөлдө экенин билдирди.
Күч органдарынын кызматкерлеринин ишине мыйзамсыз кийлигишип, cүрөт-видеого тартып, аларды каралоо максатында материалдарды интернетке жүктөөгө тыюу салган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин тармактык комитети жактырды.
Мындан туура эки жыл мурун 23-октябрда Кемпир-Абадды коргоо комитетин түзүү демилгесин көтөрүп, Бишкекте чогулган отузга жакын саясатчы, активист “бийликти күч менен басып алууга” айыпталып камалган. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган.
Жогорку Кеңеш интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.
Дагы жүктөңүз