Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:46

Аткаминерлердин чет өлкөгө жасаган кызматтык сапарларына көзөмөл күчөтүлөт


Министрлер кабинетинин жыйыны. 21-февраль, "Ынтымак Ордо", Бишкек
Министрлер кабинетинин жыйыны. 21-февраль, "Ынтымак Ордо", Бишкек

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлердин кызматтык иш сапарларынын натыйжалуулугуна көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу ал президенттик администрациясынын "Ынтымак Ордодогу" коллегиясында билдирди. Касымалиев иш сапарларды уюштуруу маселесин оптималдаштырууну, максаттары жана милдеттери окшош болгон иш сапарларды бириктирип, санын кыскартууну, ачыктыгын камсыздоону тапшырды.

"Мындай чаралар чыгымдарды азайтууга, министрлик менен министрдин ишинин жалпы натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле ашыкча бюджеттик чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк берет. Ийгиликтүү командировкалар бир катар факторлор менен мүнөздөлөт, алардын ичинде так аныкталган максаттар, компетенттүү пландаштыруу, квалификациялуу адистердин катышуусу. Командировкага кызматкерлерди тандоодо субъективдүүлүккө жана регламенттерди бузууга жол бербегиле. Буга байланыштуу командировкалардын натыйжалуулугуна көзөмөлдү күчөтүүнү, кызматташтыктын узак мөөнөттүү багыттарына басым жасоону, алынган билимди жана тажрыйбаны башкаруу процесстерине интеграциялоону жана реформаларды натыйжалуу киргизүүнү камсыздоону тапшырам", - деди ал.

Өкмөттүн коллегиялык жыйында мамлекеттик органдардын ишине талдоо жүргүзүлүп, чет элдик иш сапарларга кеткен чыгашаларды оптималдаштыруу маселеси каралды. Президенттин администрациясынын жана Министрлер кабинетинин чечимдерин көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Осмонов баяндама жасап, айрым аткаминерлердин чет өлкөгө жасаган сапарлары пайдасыз болуп жатканын белгиледи.

Жыйында мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бешеналиева чет жакта 90 күн, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 32 күн иш сапарда болгону жана алар пайдасыз болгону сынга алынды.

Догдуркүл Кендирбаева президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2023-жылы сентябрда билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.

Алымкадыр Бешеналиев 3-февралда кызматтан кеткен. Ал отставка кетүү тууралуу чечимди Садыр Жапаров жана өзү кабыл алганын айткан. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG