Айыпталгандардын алды жарым жылдан бир жылга чейин абакта жатты. Быйыл 14-июнда сот айыпталгандарды толук актады. Бул чечим дээрлик эки жылга созулган “Кемпир-Абад ишине” чекит койгондой болду. Айыпталгандар абактан бошотулуп, үй-бүлөсүнө кайтканы менен, өткөндөн калган жараат толук айыга элек.
“Кемпир-Абад иши” менен камалган 27 активисттин бири Эрлан Бекчоро уулу жубайы Шаршегүл Аманова экөө “Азаттыкка” маек куруп, сыноо менен коштолгон соңку эки жылды эскеришти.
“Абактан жазган күндөлүк, каттар спектаклге айланды”
Эрлан Бекчоро уулу менен Шаршегүл Аманова кесиби боюнча актер, актриса. Экөөнү дал ушул чыгармачылык табыштырган. Эрлан абакка кесилгенде Шаршегүл бардык ой-санаасын күндөлүгүнө жазып жүргөн. Жолдошу менен дайыма кат алышып турган.
Быйыл күзүндө Шаршегүл ошол каттарда, күндөлүктө калган ойлорун “Сагындым” деген моноспектаклге айландырып, Бишкектеги жеке театрлардын биринде койду. Спектаклде күйөөсү абакка кесилген аялдын абалы, ички сезими көрсөтүлөт.
“Эрлан абакта калган күндөрдө, сот абак мөөнөтүн узарткан мезгилдерде үйгө келип бугумду чыгарып күндөлүк жазчумун. Бул мени алаксытчу. Сот боло турган күндөрдү белгилеп койчумун, биринчи жолу абакка барып келген, тамак киргизип келген күндөрү сезимдеримди жазчумун. “Балам төрт-беш кадам жасап калды, кызым атасын издеп, сурады” деген сыяктуу жазуулар бар.
“Адамга адам керек” дейбиз го, кийин Эрлан менен кошо камалгандардын жубайлары менен жакын болуп кеттик да, көбүнчө ошолор менен сырдашып, алаксып отуруп күндөлүк бир аз калып кетти. Бирок убакыт өткөн сайын ошол эскерүүлөрүмдү бөлүшкүм келди. Анткени мындай нерсе азыр деле көп аялдардын башынан өтүп жатат”, - дейт Шаршегүл.
Эрлан болсо бул спектаклди жалгыз эле Кемпир-Абаддын контекстинде кароо туура эмес деген пикирде:
“Бул үй-бүлөлүк тарыхыбыздын күндөлүгү болуп калды. Муну көрүүчү жалгыз эле “Кемпир-Абад ишине” байлап салбашы керек. Биздин башыбыздан өткөн окуя башкалардын да башынан өткөн. Ошол эле азыркы саясатчыларыбыздын, ошол эле Садыр Жапаровдун, Камчыбек Ташиевдин жубайларынын башынан да менин келинчегимдин башынан өткөн нерселер өттү. Тагдырларыбыз окшош, баарыбыз ошол жолду көрдүк. Келинчегим ошол эле образды гана чагылдырды”.
“Абактагы күндөрдү эстегим келбейт”
“Бардык нерсени көрмөйүнчө, сезбейт, билбейт экенсиң. Татаал нерсе болбосо жемиши азыраак болот го. Азыр ал күндөрдү эстегим да келбейт”, - дейт Эрлан.
Абакта 11 айга чукул отурган Эрлан темир тор артындагы алгачкы күндөрүн мындайча эскерди:
“Мен жийиркенчээкмин. Ошол күнү аба ырайы да суук болчу. Киргенде эле түрмөнүн жыты келгенде, анан темир эшиктин жабылган үнү чыкканда, “аа, түрмө деген ушул тура” дейт экенсиң. Ар кандай үндөр чыгат, бирөөлөрдүн “эй, сен кимсиң?” деген үндөрү угулат. Коркосуң. Эч ким жок, чоң камерада жалгызсың. Башында 3-4 күн уктаган жокмун. Ооруп калбайын деп уктаганга аракет кылып аттым. Бирок уктай албай койдум. Келинчегимди, кызымды ойлой бердим.
Камераңдан чыгып, сотко же тергөөгө бараткан учурду утурумдук эркиндик десе болот. Кичине эки жакты карап алганга мүмкүнчүлүк болот. Ал күнү эркиндикке чыкпашыңды билесиң. Бирок 8-9 айдан кийин эжелер, жаштар чыга баштаганда, бизде да үмүт жанды. Ошол кез оор болот экен. Адамды соолутуп жиберет экен. Сотко баштыгыңды чогулта барасың да, кайра ошол баштыгың менен кайтасың. Анан сотко келгендердин көзүнчө аны билдирбей, “баары жакшы” деп коёсуң, камераларга сүйлөп коё бересиң. Сени көрүп аткан жакындардын шаабайын суутпаш үчүн ошентип коёсуң. Кайдан жакшы болсун?”
Эрлан “утурумдук эркиндик” деп атап алган сот отурумдардын ар бири Шаршегүл үчүн да чоң үмүт эле.
“Ар бир сот отуруму - үмүт. Эртең сот деген күнү үйдүн баарын жыйнап, тазалачумун. Эртең менен сотко баратып, дасторкон жайып, төшөктөрдү даярдап кетчүмүн. Кечинде чогуу келип калсак, меймандар да болуп калса баары даяр турсун дечүмүн. Бирок сот бүтөт, Эрланды кайра алып кетишет. Мен үйгө кайтышым керек. Ошол учурда үстүмдөн бир нерсе каптайт”, - деп эскерет Шаршегүл.
Эрлан абакта жаткан маалда анын жубайынын деми чоң күч болгонун жашырбайт. Бул Эрлан менен Шаршегүл сыяктуу башка да айыпталуучулардын үй-бүлөсүнө мүнөздүү. Айыпталгандардын жакындары, жубайлары сот жараяндарына катышып, коомчулук алдында, медиада билдирүү жасашып, нааразычылык акцияларын уюштуруп, ошол эле маалда үйдүн, балдардын түйшүгүн да көтөрүп жатышты.
“Азаттык” айыпталуучулардын жакындары жөнүндө “Кемпир-Абад иши: Атасын сагынган бала, уулун күткөн эне” деп аталган видео да даярдаган эле.
“Абакта эч ким жатпасын. Бирок жаткандардын жубайлары мыкты болбосо, жолдошу бат эле шаабайы сууп, шалдырай түшүшү мүмкүн экен. Бир күн болобу, он күн болобу, он бир ай болобу, бир жыл болобу – эң башкысы, аялы, жакындары дем-күч берип турбаса, жолдошуна кыйын болот экен”, - дейт Эрлан.
“Азаптуу күндөрдү көргүм келбейт”
Кесиби боюнча актер, бирок кийин журналистикага, бара-бара саясатка оогон Эрлан Бекчоро уулу “абакта өзүңдү-өзүң тарбиялайт экенсиң” дейт. Ал “айрым нерселерге көз карашы өзгөргөнүн, сабак болор тыянактарды чыгарууга шарт болгонун” айтат. Бирок “бул камоолорду актоо эмес” дейт.
“Албетте, бийликке таарыныч болот. Ден соолугуң начарлаганы үчүн, ошол кезде балдарың ооруганы үчүн, кызың деле, жубайың деле “сен тигил жакта жүргөндө…” деп эскерип калышканы үчүн таарынасың. Эгер чын эле кылмыш кылсам, чын эле ниетим бузук болсо, “кармаганыңарга рахмат, мен оңолдум” демекмин. Бирок эч кандай күнөө кылбасаң, сени менен кошо үй-бүлөң запкы жеп атса, балдарың куса болуп атса… Кызымдын куса болгон жүзүн көрүп алып, абакта бир топ кыйналып жүрдүм, жиндендим. Бийлик карапайым үй-бүлөлөрдү камабай эле койсо болмок деп нааразы болдум.
Мен абактан чыккандан үч күндөн кийин бир тууган байкем, анан кайненем каза болду. Биз мына ушундай жоготууга учурадык. Ошол байкем шаарга мени чыгат деп келди эле. Мени тосуп алып, айылга барып түлөө өткөрмөкпүз. Мендей болгон тагдырлаштарым да жакындарынан айрылып калды. Анан кантип жиниң келбейт?
Кыргыздар коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу бийликке сынды ачык жазат, иликтөөлөр чыгып жүрөт. Бирок азыр ошонун баары солгундай түштү. Бир маалыматты бөлүшкөнү үчүн сурак берген учурлар болуп атат. Көбү камактан коркот. Аткаминерлер деле “биз ушинтип тарбиялайбыз” деп айтып атпайбы. Азыр тарбиялоонун жемиши ушундай. Коркоктук көп болуп калды. Мен, мисалы, кайра камалгым келбейт, кайра ушундай азаптуу күндү көргүм келбейт. Коркуп калдык, сестенип калдык деген нерсени моюнга эле алыш керек”.
“Балдарга көңүл буруп, четтен билим алгыбыз келет”
Эрлан быйыл 14-июнда башка айыпталуучулар менен кошо акталды. Чыгармачыл үй-бүлө оор сыноодон кийин жашоосу акырындык менен мурдагы нугуна түшүп келе жатканын айтышат.
“Бул сыноо бизди өзгөрттү. Биз азыр мурдагыдай эмеспиз”, - дейт Шаршегүл. Алар чыйралып, алдыга умтулуп, балдарга көбүрөөк көңүл буруп жаткандарын айтышат.
Актерлук өнөр, журналистика боюнча билими бар Эрлан эми юридикалык билим алууну максат кылууда.
“Абакта жатканда мыйзамдуулукту издеп жаттык. Андыктан кодекстерди карап окуй баштадык. Азыр мен кыйла түшүнүгүм бар. Беренелерди укканда болжолдуу канчага камаларын, кандай шартта жазасын жеңилдетсе болорун божомолдой алам. Эми ушундан улам юридикалык билим алууну көздөп жүрөм. Жактоочу болгум келет”, - дейт Эрлан.
“Сыртка чыгып билим алып келсек деп Эрланга да айтып калам. Үй-бүлөнүн кармалып турушу дагы эки адамдын баалуулуктарынын дал келишинен көз каранды. Кээде экөөнүн бири алдыга жылып кеткен болот дегендей. Андыктан үй-бүлөнүн бекемдигине билимдин таасири чоң экенин түшүнүп турабыз”.
Эрлан Бекчоро уулу менен Шаршегүл Аманованын толук маегин “Азаттык+” видео подкастынан көрүңүз: