Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:39

Орусия Украинадагы согушта 95 миңден ашуун аскерин жоготкону такталды


Орус аскер кызматкерлеринин мүрзөлөрү, архивдик сүрөт.
Орус аскер кызматкерлеринин мүрзөлөрү, архивдик сүрөт.

Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында толук масштабдуу басып киргенден бери согушта орусиялык 95 026 аскер кызматкери каза болгон. Алардын тек-жайын "Би-Би-Синин" орус кызматы, "Медиазона" басылмасы жана ыктыярчылар тобу ачык маалыматтардын негизинде аныкташты.

Маалыматка караганда, соңку эки аптанын ичинде тизмеге дагы төрт миң адамдын аты-жөнү кошулду. Каза болгондордун жарымынан көбү буга чейин орус армиясында кызмат өтөбөгөнү жана толук масштабдуу басып алуу башталгандан кийин Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөнү аныкталган.

Журналисттердин эсеби боюнча, каза болгондордун 16 171и согушка орус абактарында жазасын өтөп жаткан жеринен жөнөтүлгөн. Бул соттолгону тууралуу ачык булактардан тактоого мүмкүн болгон гана адамдын саны, иш жүзүндө мындан көп болушу мүмкүн экени белгиленген.

Материалдын авторлору жогорудагы тизмеге Орусия көзөмөлдөгөн, өзүн республика деп жарыялап алган "ДНР" жана "ЛНР" жикчил аймактарынын аскерлери кошулбаганын кабарлашты. Алар некрологдорду жана бул аймактардан дайынсыз жоголгон аскер кызматкерлерин издөө боюнча отчетторду изилдеп отуруп, аталган аймактарга согушка катышкан кеминде 21 миңден 23500 адамга чейин каза болгонун аныкташкан. Бул жоготуулардын басымдуу бөлүгү Орусия Украинаны басып кирген биринчи жылга туш келген.

Журналисттер менен маектешкен эксперттер Орусиянын чыныгы жоготуулары ачык булактар аркылуу аныкталгандан алда канча жогору экенин белгилешет. Аскердик эксперттер бул материал өлгөндөрдүн чыныгы санынын 45% пайыздан 65% чейин камтышы мүмкүн деп эсептешет.

Орусиянын бийлиги фронтто набыт болгон аскерлери тууралуу расмий эч качан маалымат бербейт. Украинанын президенти Владимир Зеленский 2024-жылдын февралында Киев согушта 31 миңдей аскеринен айрылганын билдирген. UALosses долбоору ачык булактарга таянып, Украинанын жоготуулары 40 миңден ашканын маалымдаган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG