Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин Орусияга каршы 16-айлампадагы санкциясына Кыргызстанда катталган эки ишкана "Muller Markt" жана "Profflab" фирмалары да киргизилди. Бул маалымат Еврошаркеттин тизмесинде жарыяланды.
Кыргызстанда Украинадагы согуш башталгандан көп өтпөй катталган бул ишканалар 2024-жылы июнда Евробиримдиктин 14-айлампадагы санкциясынан бери "кара тизмеде". Буларды ошондой эле былтыр майдын башында АКШ санкциялык тизмесине киргизген болчу. Анда санкция жарыяланган товарлардын Орусияга жеткирилишине, Орусиянын аскердик-өнөр жай тармагын колдоого көмөктөшкөн 300дөй адамдын жана ишкана-мекеменин аты аталган.
"Мюллер Маркт" жоопкерчилиги чектелген коомунун (Muller Markt LLC) расмий сайтында ал “өзүн өндүрүштүк аутсорсинг тармагында ишенимдүү кызмат көрсөтүүчү катары көрсөтө алган” ишкана экени, Кытай, Европа, Түркия, Индия жана АКШдан кызмат көрсөтүүчүлөрдү тез арада таап бере алары, деңиз, темир, аба, авто жол аркылуу жүк жеткирүү менен да алектенери жазылган.
Ал эми экинчиси - "ПроффЛаб" жоопкерчилиги чектелген коомунун (Profflab LLC) негизги ишмердүүлүгү “адистештирилбеген дүң соода” деп көрсөтүлгөн. Ал да Кыргызстанда чет өлкөлүк үлүшү бар компаниялар эң көп ачылган 2022-жылы катталган.
"Мюллер Маркт" тууралуу маалымат алгач 2023-жылы июлда АКШнын Каржы министрлиги Орусияга тыюу салынган технологиялар жөнөтүлүп жатканы үчүн санкция киргизгени жарыяланганда айтылган.
АКШнын 2024-жылы 1-майда жарыяланган санкциялык тизмесинде «ПроффЛаб» Орусияда жайгашкан компанияларга америкалык электрондук компоненттерди жөнөтүп жатканы белгиленген. Аталган ишканага быйылкы жылдын башында Жапония дагы "Орусияга санкцияларды айланып өтүүгө жардам берген" деген жүйө менен санкция салган.
Расмий Бишкек Орусияга салынган санкциялар жана ага Кыргызстандын катышы боюнча өз позициясын тынбай билдирип, бул жаатта Кыргызстанга сырттан басым болуп жатканын белгилеп келет. Былтыр октябрда ошол кездеги экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргызстан эл аралык санкцияга илинген товарларды киргизбей, өз милдетин аткарып жатканын билдирген. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий Бишкек Украинадагы согушка байланыштуу АКШ жана Европа өлкөлөрү Орусияга салган экономикалык санкцияларды сактоого даяр экенин айткан. Ал эми президент Садыр Жапаров Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп айтууга негиз жок экенин билдирген.
“Азаттык” буга чейин Орусиянын согушка жардамдашып жаткан компаниялары менен кызматташуусу ыктымал делген кыргызстандык ишканалар боюнча атайын иликтөө жасаган.
Үч жылдай мезгил ичинде санкциялык товарларды Орусияга ташып иштеген ондон ашуун кыргызстандык компания санкцияга кириптер болду.(KAb/ZKo)
Шерине