Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:56

Испанияда футболчу айымды өпкөн Рубиалес күнөөлүү деп табылып, айыпка жыгылды


Луис Рубиалес. (архивдик сүрөт)
Луис Рубиалес. (архивдик сүрөт)

Испаниянын соту өлкөнүн Футбол федерациясынын мурдагы башчысы Луис Рубиалести футболчу Женни Эрмосого сексуалдук ыдык көрсөткөн деп таап, 10 миң евро айыпка жыкты. Ага Эрмосого жакындоого тыюу салды. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды.

Айыптоочу тарап футбол федерациясынын мурдагы президентин эки жарым жылга чейин эркинен ажыратууну талап кылган болчу.

Рубиалес Аялдар арасындагы дүйнө чемпиондугундагы испандардын жеңишинен кийин кыз-келиндер командасынын мүчөсү Женни Эрмосону оозунан өпкөн. Буга байланыштуу талаш-талкуу чыгып, өкмөттө аны жосунсуз жоругу үчүн кызматтан кетирүү талабы көтөрүлгөн.

Луис Рубиалес бул окуядан кийин 2023-жылы күзүндө Испаниянын Футбол федерациясынын башчысы кызматынан отставкага кеткен.

Рубиалес өзүн "феминисттердин курмандыгы" деп атап, оюнчу кыз аны менен өбүшүүгө макул болгонун айткан. Футболчу айым Эрмосо аны өпкөнгө уруксат бербегенин, Рубиалестин аракети "жакпаганын" билдирген. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG